Кыргыз бийлери Кажыбай Ныша, Муса жана Качыбек Шералиндердин Сибирь бийлигине 1824-жылы жазган каты кийинки жылдын 20-январь күнү расмий түрдө билдирүү топтомуна алынган.
Кыргыз жакшылары Омск шаарына келген Сёмен Богдановичтин ден соолугун сурашып, кабар бериш үчүн бир тууган иниси Абылгазыны баш кылып, Токтогул Исенбаев менен Сарпбек Ишеновду ага коштоп жиберишкенин кабарлашкан.
Кыргыз жетекчилеринин катында империя менен саясий жана соода байланышын жандандыруу маселеси козголгон. Империялык бийликтин Кашгарга байланыштуу соода багытын өздөштүрүү багытына казактардын тоскоолдугун чектеш үчүн падышалык бийликке жардам көрсөтүүнү сунуш кылган.
Кыргыз бийлери орус соода кербендеринин коопсуздугун камсыз кылыш үчүн өз жардамын сунуш кылышкан. Каттын мазмунун бекемдеш үчүн алардын атасы Шералы Шапаковдун мөөрү басылгандыгын билдиришкен.
Түркстан генерал-губернатордугу 1882-жылдын 20-январында Шабдан баатырды Биринчи даражадагы сый чепкен менен сыйлаган.
Падышалык бийлик кулагандан кийин Убактылуу өкмөттүн Аткаруу комитети Пишпек шаарында полициянын ордуна элдик милицияны курган. Пишпек милициясынын башында адегенде мещанин Г.Д. Щадилов турган.
Совет бийлиги да полиция эзүүчү таптын бийлигин коргойт деген жобого таянып, Убактылуу өкмөт тарабынан киргизилген милиция аталышын колдонууга киришкен.
РСФСР НКВДсынын «Жумушчу милиция туурасындагы» токтомуна таянган Орто Азия жетекчилиги Түркстан аймагында милиция отряддарын курууга киришкен. Кыргызстан аймагындагы биринчи күч органы 1918-жылдын 20-январында уюшулуп, ал «Пишпек вокзалдык эмгек ишеними» деп аталган Адегендеги коомдук кошуун куралчан 20 адамдан турган жана алар калкты вокзалдын айланасындагы каракчылардан коргогон.
Түркстандык кыргыз жана казак жардыларынын съезди 1921-жылдын 20-январь күнү Олуя Ата шаарында ишин баштаган.
Британиянын биринчи парламенти 1265-жылдын 20-январь күнү Вестминстр залында ишин баштаган. Парламентти уюштуруу жана чакыруу ишинин башында Симон де Монфор турган.
Пётр I 1714-жылдын 20-январында орус тарыхындагы уникалдуу жардык жарыялаган. Падыша жардыгына ылайык дворяндардын балдарына жетиштүү билим алганга чейин үйлөнүүгө тыюу салынган. Дворяндык мураскерлер ата-энесинин эркине жараша мамлекеттин эсебинен башка өлкөлөрдө билимин өркүндөтүүгө акылуу болушкан.
Кытай мамлекети 1841-жылдын 20-январында Чуэнпи конвенциясына кол коюп, анын натыйжасында Гонконгду Британиянын пайдасына берген. Мындан тышкары кытайлыктар британдыктарга эбегейсиз контрибуция төлөшкөн.
Петербургдагы П.Ф. Лесгафт атындагы дене тарбия институту 1896-жылдын 20-январында ачылган.
Бүткүл россиялык ботаниктердин коому 1917-жылдын 20-январында Петроград шаарында ачылган.
Дагестан АССРи 1921-жылдын 20-январында уюшулган.
Советтер Союзу менен Жапония ортосундагы дипломатиялык мамилелер менен кызматташууну өркүндөтүү туурасындагы конвенцияга 1925-жылдын 20-январында кол коюлган.
Америка Кошмо Штаттарынын прездентинин инаугурация салтанаты 1937-жылы март айынан 20-январга которулган. Экинчи президенттик мөөнөткө шайланган Франклин Делано Рузвелт Конституциянын 20-түзөтүүсүнө ылайык 4-мартта өтө турган инаугурациянын ордуна 20-январь күнү президенттик ант берген.
Канада Коммунисттик партиясынын органы эсептелген «Канадиан трибюн» гезитинин биринчи саны 1940-жылдын 20-январында жарык көргөн.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Гари Трумэн 1946-жылдын 20-январында болочок ЦРУнун негизи эсептелген Борбордук чалгындоо тобун уюштурган.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дуайт Эйзенхауэрдин инаугурациясы 1953-жылдын 20-январында өтүп, ал биринчи жолу сыналгы аркылуу көрсөтүлгөн.
Палестинадагы биринчи демократиялык шайлоо 1996-жылдын 20-январында өткөрүлүп, анда Палестина автономиясынын жетекчиси шайланган.