Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:34

27-январь: Тарых барактары


Ленинградды коргоо Музеи 1946-жылдын 27-январында ачылган.
Ленинградды коргоо Музеи 1946-жылдын 27-январында ачылган.

Түркстан чөлкөмүнүн жер иштетүү наркомунун 1918-жылдын 27-январь күнкү жер-суу комитеттерин куруу туурасындагы калкка кайрылуусу Совет бийлигинин Кыргызстан аймагында орношуна чечүүчү салым кошкон. Ушул күндөн тарта Кыргызстан аймагында жер-суу комитеттери уюшулуп, кедей-дыйкандар өз эркиндиги үчүн күрөшүүгө киришкен.

Сталиндик кандуу террор маалында жазага тартылган Кыргызстан партия комитетинин биринчи катчысы М. К. Аммосовдун зайыбы Раиса Израилевна жолдошун актап берүү өтүнүчү менен 1955-жылдын 27-январь күнү аскер прокуроруна арыз жазган. Раиса Израилевнанын арызында, Аммосовдун антисоветтик чакырыктарын жалгыз НКВД жетекчиси Лоцмановдун гана уккандыгы айтылат. Ошондуктан анын жалган экендигин белгилеп, ал жолдошунун акталышын өтүнгөн.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын административдик уюшулушунда буга чейин 20 жыл бою Фрунзе облусу болуп аталып келген бирдик 1959-жылдын 27-январында жоюлган. Фрунзе облусу мурда Фрунзе округу, ага чейин Фрунзе кантону деп аталган. Кыргызстан эгемендик алып, өз алдынча административдик реформа жасаганга жетип, 1991-жылы Чүй областы уюшулганга чейин ал республикалык маанидеги райондор биримдиги болуп келген.

Кыргызстандагы Жапониянын элчилигинин ачылыш салтанаты 2003-жылдын 27-январында өткөн. Элчиликти ачуу салтанатына Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Алтай Бөрүбаев баштаган мамлекеттик бийлик өкүлдөрү катышкан.

Бишкек шаарында орун алган Жапониянын элчилигинин ачылышына жапон парламентинин тышкы иштер боюнча катчысы Цутия Шинако, Жапониянын Кыргызстан менен Казакстандагы элчиси Тосио Цунодзаки катышып, алар элчиликтин ачылышы эки тараптуу мамилени мындан да арттырарын белгилешкен. Жапон элчиси Тосио Цунодзаки элчилик Кыргызстандагы төрт уюмга «Чөптүн тамыры» аттуу программанын алкагында грант берерин билдирген.

Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло жетектеген делегация 2005-жылдын 27-январь күнү Бишкекке иш сапары менен келген. Ушул эле күнү Владимир Рушайлону мамлекет башчысы Аскар Акаев кабыл алып, жабык эшик аркасында сүйлөшүү жүргүзгөн.

Ленинград блокадасынын алынышынын 65 жылдыгынын урматына 2009-жылдын 27-январь күнү балдардын «Сейтек» борборунда атайын салтанат өткөн. Салтанатка Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан.

Пётр I өмүрүнүн акыркы жылдары катуу оору менен өткөн. Падышанын дарты 1924-жылдын жаз айында күчөп, күз айында оордошуп кеткен. Кийин оору күчөгөндөн күчөп отуруп Пётр I эсинен тана баштаган.

Падыша өлөрүн сезгендей 1925-жылдын 27-январь күнү өлүм жазасына тартылган каторгачыларга эркиндик берүү туурасында буйрук берген. Ушул эле күнү түштөн кийин кагаз менен калем алдырып жазууга киришкен. Бирок алы кеткен колдон калем түшүп, жакындары «Баарына бергиле…» деген гана эки сөздү окуй алышкан.

Оттава шаары 1859-жылдын 27-февралында Канаданын борбору аталган.

Александр II аялдарды коомдук жана мамлекеттик кызматка иштөөгө уруксат бере турган жардыкка 1871-жылдын 27-январында кол койгон.

П.И. Чайковскийдин «Ак куу көлү» балетинин бет ачары 1897-жылдын 27-январында Санкт-Петербургда өткөн.

Жапониянын мина ташуучу кемелердин согуш жарыялабастан 1904-жылдын 27-январында орус согуш кемелерине кол салуусу эки жылга уланган орус-жапон согушуна себепкер болгон.

Ленинград шаарынын 900 күндүк блокадасынын соңуна чыккандыгын айгинелеген артиллериялык салют 1944-жылдын 27-январында жасалган. Мындан улам бул күн Орусия Аскеринин даңкы катары белгиленет.

Маршал Иван Степанович Конев жетектеген 1-Украин фронту 1945-жылдын 27-январында коркунучтуу «өлүм лагеринин» бири - Освенцим концлагеринин аман калган туткундарын бошоткон.

Ленинградды коргоо Музеи 1946-жылдын 27-январында ачылган.

Советтер Соуюзундагы социализмдин толук жана биротоло жеңгендигин жар салган кезексиз чакырылган КПССтин XXI съезди 1959-жылдын 27-январында ишин баштаган.

СССР Министрлер Кеңешинин 1962-жылдын 27-январь күнкү чечимине ылайык Молотов, Каганович, Маленковдордун ысымдары бардык шаар, кыштак жана өнөр жайлардан алынып салынган.

КПСС БКнын кайра куруу жана кадрдык саясатыныа арналган кезектеги Пленуму 1987-жылдын 27-январында өткөн.
XS
SM
MD
LG