Кыргыздар курал, жабдыгы жана согуш өнөрү жагынан артыкчылык кылган орус аскерлерине каршы ачык согушпастан, тоорума амалды колдонушкан. Жергиликтүү ландшафтты тапкычтык менен пайдаланышып, аска таш арасына буктурма коюшуп, каршылашкан тараптын колун азайтып турушкан. Кыргыз жоокерлери ушундай ыкма колдонуп, 1680-жылдын 7-февралында орус аскерлерине капыстан сокку урган.
Падышалык Орусия Орто Азиядагы саясий жана экономикалык таасирин арттыруу максатында адегенде Кокон хандыгын басып алуу керек экендигин пландаштырган. Аскер стратегдеринин көрсөтмөсүнө ылайык, генерал Скобелевге Наманган жана Анжыянда орун алган аскерди Коконго алып келүүгө буйрук берилген.
Генерал Скобелевдин отряды 1876-жылдын 7-февраль күнү таң атпай Кокон шаарына келип, сүйлөшүү жүргүзүш үчүн Насреддин ханга өкүлдөрүн жиберген. Хан менен жолугушуудан кийин, орус аскерлери чепти толук ээлеп алышкан.
Кокон хандыгынын калкты ченемсиз эзүүсү XIX кылымдын экинчи жарымындагы кыргыздар менен кыпчактардын көтөрүлүшүнө кириптер кылган. Көтөрүлүштү басыш үчүн хандык Орусия империясынан жардам сурап, акыркы да чакырыкты илгиртпей кабыл алып, жазалоочу отряд курап козголоңчуларга каршы согуш операциясын баштаган.
Козголоңчуларга каршы жасалган согуш аракети, генерал М. Д. Скобелевдин «Илимий аскердик» отчетунда толук чагылдырылат. Генералдын отчету 1875-жылдын 25-декабрынан башталып, 1876-жылдын 7-февралында соңуна чыккан. Генерал М.Д.Скобелев Кокон хандыгына каршы чыккан көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчү кыргыздар менен кыпчактар болгондугун белгилеген.
Тойчубек Касымовдун 2004-жылдын 7-февраль күнү президенттик администрациянын жетекчилигине дайындалышы коомчулуктун көңүлүн ирээнжиткен окуя болгону жаңылык эмес. Буга чейин Ысык Көл, Чүй облустарын башкарып келген Т. Касымовдун администрация жетекчилигине дайындалышы, ансыз да чыңалып турган саясий кырдаалга өрт койгондой таасир тийгизген.
Балыкчы округунун шайлоо комиссиясы, 2006-жылдын 7-февралында Рысбек Акматбаевдин Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер катары каттаган.
Сыктывкар шаары 1780-жылдын 7-февралында негизделген.
Уильям Ллойд аттуу вандал 1845-жылдын 7-февраль күнү Британ музейинде сакталган дүйнөлүк искусствонун көрүнүктүү үлгүлөрүнүн бири – антикалык Портленд вазасын талкалаган.
Портленд вазасынын бийиктиги 25 см, көлөмү 56 см турган кочкул көк жана ак түстөгү айнектен жасалган декоративдик идиш болгон. Идишке ою жолу менен жети периште менен кадимки адамдардын айкелдери чегерилген. Портленд вазасы салыштырмалуу түрдө Рим шаарында б.з.ч. 20 же 30-жж. жасалган.
Америка Кошмо Штаттарынын Деңиз Аба күчтөрүнүн авиациясы 1965-жылдын 7-февралында Түндүк Вьетнамды экинчи жолу массалык бомбалаган.
Батый хан баштаган монгол колу 1238-жылдын 7-февралында Владимир шаарын басып алган. Всеволод менен Мстислав княздар чоролору менен согуш талаасында курман болушкан. Монголдор буга чейин Москва шаарын басып алгандан кийин согуш тактикасын өзгөртүшкөн.
Падыша Пётр I 1710-жылдын 7-февралында биринчи жолу мамлекеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн аныктоого буйрук берген. Алынган маалымат падышанын заманасын куураткан имиш. Губерниялардан чогултулган киреше 3 051 796 рубль болсо, мамлекеттин чыгашасы 3 834 418 рублге чыккан. Падыша казына таланып жаткандыгын туюп, чечкиндүү чара көрүү туурасында ойлонгон экен. Бирок көп күттүрбөй шведдер менен чыккан согуш, андан соң түрктөр менен муланган салгылаш падыша ойлогон пландын ишке ашышына кедерге келтирген.
Пётр III 1762-жылдын 7-февралында тинтүү иштери боюнча Жашыруун канцелярияны жоюп, сурак маалында кыйноо ыкмасын колдонууга тыюу салган.
ВКП (б) Борбордук Комитети 1948-жылдын 7-февралында «Музыкадагы формализмге каршы күрөшүү туурасында» Токтом кабыл алган.
Советтик жаштар күнү 1958-жылдын 7-февралында киргизилип, ал июнь айынын акыркы жекшембисинде белгиленери аныкталган.
Айтылуу советтик чалгынчы Рудолф Абел 1962-жылдын 7-февраль күнү америкалык учкуч Фрэнсис Пауэрске алмашылган.
«Правда» гезитинин 1964-жылдын 7-февраль күнкү санында С.М.Кировдун өлүмүнө И. В. Сталиндин байланышы бар экендигин билдирген макала жарыяланган.