Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

10-февраль: Тарых барактары


Наполеон Бонапарт
Наполеон Бонапарт

Кыргызстандын Баш мыйзамы 1996-жылдын 10-февралында өткөн жалпы элдик референдумда өзгөрүүгө дуушар болгон. Айтылуу орто кылым окумуштуусу Махмуд ал-Кашгари 1074-жылдын 10-февраль күнү «Дивани лугат-ат түрк» чыгармасын аягына чыгарган.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын V съезди 1949-жылдын 10-февралында ишин баштаган. Үч күнгө уланган Кыргызстан коммунисттик партиясынын VII съезди 1954-жылдын 10-февраль күнү республиканын коомдук-экономикалык маселелерин талкуулого киришкен.

Кыргызстандын Баш мыйзамы 1996-жылдын 10-февралында өткөн жалпы элдик референдумда өзгөрүүгө дуушар болгон. Адистердин айтымында, бул жолку түзөтүү жана толуктоолордун натыйжасында Кыргызстан парламенттик-президенттик республика формасынан толугу менен президенттик өлкөгө айланган. Конституциялык өзгөртүүгө ылайык президенттин бийлик ыйгарым укуктары көбөйтүлгөн. Эми мамлекет башчысы өлкөнүн ички жана тышкы саясатын аныктай турган чексиз укуктарга ээ болгон.

Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы 2003-жылдын 10-февралында «Интеллектуалдык менчик туурасындагы мыйзамды аткарууга» багытталган токтом кабыл алган. Областтык администрациянын токтомунда райондук бийликтен тарта, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жетекчилерине чейин интеллектуалдык менчикти коргоо ишине көмөктөшөөрү белгиленген. Мындан тышкары областтык укук коргоо органдары менен областтык бажы инспекциялары мекчикке байланышкан укук бузууларга жол бербөө маселелери каралган.

Мамлекет башчысы менен мыйзам чыгаруу органынын ортосундагы тирешүү 2006-жылдын февраль айында туу чокусуна жеткен. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 10-февраль күнкү депутаттарга кайрылуусунда, мамлекет башчысынын мыйзам чыгаруу органына карата айткан сын пикирин кабыл албастыгын билдирген. Спикер мыйзам чыгаруу органы жемиштүү иштеп жаткандыгын белгилеп, жыйын кабыл алган 70 чамалуу мыйзам мамлекет башчысынын кол коюсун күтүп жаткандыгын айткан.

Кыргызстандын борборунда өткөн "Алматея – Борбор Азиядагы аял" аттуу кинофестиваль 2008-жылдын 10-февраль күнү ишин жыйынтыктаган. Борбор Азиядан чогулган киночуларга, адистер менен искусство таануучуларга аялдар маселесине арналган он даректүү тасма көрсөтүлгөн.

Кинофестиваль алкагында “Бейөкмөт уюмдарга тартылган аялдар” жана “Сулуулук бурчу” аттуу сүрөт көргөзмөсү өткөрүлгөн. Борбор Азиядагы аялдарга арналган ийримди Венадагы “Dialog Central” уюму уюштуруп, анын максаты искусство аркылуу аймактагы аял затына тиешелүү көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн кинофестиваль 10-февралда «Кинодогу гендер маселеси» деген аталыштагы тегерек стол менен соңуна чыккан.

Айтылуу орто кылым окумуштуусу Махмуд ал-Кашгари 1074-жылдын 10-февраль күнү «Дивани лугат-ит түрк» чыгармасын жазып бүтүргөн.

Монгол аскерлери 1258-жылдын 10-февралында Багдадды басып алышкан. Абассийлердин династиясы кулатылып, шаар толугу менен талоонго алынган.

Француз Академиясы 1635-жылдын 10-февралында негизделген.

Наполеон Бонапарт 1799-жылдын 10-февралында Египеттен чыгып, Палестинага жортуул баштаган.

Орусияда бүгүн атактуу акын Александр Сергеевич Пушкинди эскеришет. Теңдешкис акын мындан бир күн мурун, 1837-жылы Дантес менен эрөөлдө оңолгус жаракат алган. Эрөөл Санкт-Петербургдагы Черная Речка жергесинде өткөн.

Император Александр II 1857-жылдын 10-февралында Орусиядагы биринчи темир жол тармагын куруу туурасында жардык чыгарган.

Нью-Дели шаары 1931-жылдын 10-февралында Индиянын борбору деп жарыяланган.
«Генерал фон Штойбен» аттуу немис кемеси 1945-жылдын 10-февраль күнү чөктүрүлгөн.

Абхазия 1994-жылдын 10-февралында Грузиядан бөлүнүп эгемендик алгандыгын жар салган.

IBM Deep Blue суперкомпьютери 1997-жылдын 10-февраль күнү шахматтык таймашта биринчи жолу Гарри Каспаровду жеңген.

XX кышкы Олимпиадалык оюндар 2006-жылдын 10-февралында Турин шаарында салтанат менен ачылган.

Орусияда 10-февраль Дипломатиялык кызматкерлердин күнү катары белгиленет. Бул майрам 2002-жылы өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин 200 жылдык маарекесинин урматына чыгарылган жардык менен бекемделген. Архивдик материалдарга караганда 1549-жылдын 10-февралында биринчи элчилик буйрук жарыяланган жана дипломатиялык кызматкерлердин майрамы да ушул күнгө туштай белгиленээри аныкталган.
XS
SM
MD
LG