Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

16-февраль: Тарых барактары


Бүткүл орусиялык биринчи калк саноонун жыйынтыгы 1897-жылдын бул күндөрү коомчулукка белгилүү болгон. Статистикалык маалыматта көрсөтүлгөндөй Кыргызстан аймагында Пишпек, Пржевальск жана Ош шаарлары орун алган. Асыресе, Пишпектин уюшулуш жашы жана калкынын саны боюнча чакан шаар катарына кирген.

Пишпек шаарында болгону 6615 адам жашап, алардын көпчүлүгү аскер, мамлекеттик кызматчылар, соодагер жана усталар болгон. Аз сандагы дыйкандар шаар сыртындагы чарбаларда эмгектенишип, шаардыктарды мөмө жемиштер менен камсыздап турушкан.

Мындан туура 80 жыл мурун Фрунзе шаарындагы жумушчулардын Борбордук клубунда Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөн сот иши уланган. «Он жетичилердин иши» аталган сотто, 1918-1925-жылдары кыргыз кембагалдарынын «Кошчу» союзун жетектеген Рахманкул Кудайкулов менен Пишпек шаарынын биринчи секретары Дүйшөнаалы Бабахановдордун иши каралган. Аларды сот жообуна тартууга ВКП (б) Борбордук комитетинин Политбюросу көрсөтмө берип, ал СССР тарыхында мамлекеттик-партиялык жогорку кызматчыларды сот жообуна тарткан биринчи окуя болуп калган.

Кырк бир жаштагы Рахманкул Кудайкуловго фашисттик «Ур токмок» уюмун уюштурду деп, Дүйшөнаалы Бабахановго кедейлерди мазактап, манаптарга жан тартат деген айып коюлган.

Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин калкты социалдык жактан камсыздоо иши акырындык менен жүзөгө ашырыла баштаган. Өлкө аймагында мындай объекттин бири 1928-жылдын 16-февралында Ысык-Көлдө ачылган санаторий эсептелинет.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине шайлоо 1947-жылдын 16-февралында өткөрүлүп, партиялык маалымдоо каражаттары шайлоо болуп көрбөгөндөй саясий активдүүлүк жагдайда өткөндүгүн белгилешкен.

АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг 2005-жылдын 16-январында Жалалабад облусун кыдырып чыккан. Элчи облустагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана адам укугун коргоочулар менен жолугушуу өткөрүп, Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнө байланышкан маселелер тегерегинде пикир алмашкан.

Иван Грозный 1571-жылдын 16-февралында Орусиянын тарыхындагы биринчи аскердик уставды бекиткен. Аскердик устав станицалык өкүм жана күзөттө кызматын уюштуруу маселесине арналган.

Айтылуу астроном Шарл Мессье 1771-жылдын 16-февралында Француз академиясына 45 астрономиялык объекттин тизмесин берген.

Александр Пушкин 1831-жылдын 16-февралында досу Петр Плетнёвго “мен бир канча күндөн кийин үйлөнөм. Аялды каражаты жок алганга мен жарайм. Бирок анын чүпүрөк чыты үчүн карызга батканга мен жарабайм” деп кат жазган.

Ференц Листтин «Орфей» симфониясынын бет ачары 1854-жылдын 16-февралында өткөрүлгөн.

Британ ханышасы Викториянын юбилейине байланыштуу 1887-жылдын 16-февраль күнү Индиядагы түрмөлөрдөн 25000 киши бошотулган.

Петербург шаарынын Театралдык аянтына коюлган М.И. Глинканын эстелиги 1906-жылдын 16-февраль күнү ачылган.

Нева күзөтүндө В.М. Бехтерев түптөгөн Психоневрологиялык институт 1908-жылдын 16-февралында ишке киришкен

Петербург шаарынын Кронверк проспектисиндеги Собордук мечит 1910-жылдын 16-февраль күнү түптөлгөн.

Литва мамлекеттик эгемендикке 1918-жылдын 16-февралында жеткен.

Австриянын Уюштуруу жыйынына шайлоо 1919-жылдын 16-февралында өткөн.

Говард Картер байыркы Египеттин фараону Тутанхамондун саркофагын 1923-жылдын 16-февралында ачкан.

Каракалпак Автономиялык Облусу 1925-жылдын 16-февралында уюштурулган.

Коммунисттик партиянын демилгеси менен курулган Элдик фронт 1936-жылдын 16-февралында өткөн Испаниянын парламенттик шайлоосунда жеңишке жетишкен.

Советтик Кызыл Армия 1943-жылдын 16-февраль күнү Харьковду бошоткон.

Немистик «Ак роза» студенттер тобу тарабынан жасалган «Жоголсун Гитлер! Жашасын эркиндик!» деген чакырыктар 1943-жылдын 16-февралында Мюнхен шаарынын үйлөрүнүн боорлорунда пайда болгон. «Ак роза» студенттик тобунун өкүлдөрү 18-февралда кармалып, 22-февралда жазага тартылган.

СССР Жогорку Кеңеш Президиуму 1957-жылдын 16-февралында «Чөккөндөрдү куткаргандар үчүн» медалды кабыл алган.

Миро Кардона 1959-жылдын 16-февралында премьер-министрдик кызматтан кеткенден кийин Фидел Кастро Рус Куба Республикасынын премьер-министрлик кызматын аткарууга киришкен.

Кама автомобилдик заводунун конвейеринен биринчи оор жүк ташуучу машина 1976-жылдын 16-февраль күнү чыгарылган.

КПСС Борборук Комитети, Жогорку Кеңеш Президиуму жана Советтер Союзунун Министрлер кабинети 1989-жылдын 16-февралында Ооганстандагы согушка катышкан жоокерлерге «Силер патриоттуулук жана интернационалдык милдетиңерди ак дилден жана каармандуулук менен өтөп, мекениңерге кайтып келдиңер» деген кайрылуу жолдошкон. Ошентип Совет өлкөсүнүн жогорку жетекчилиги ооган согушунун соңуна чыккандыгын жыйынтыктаган.

Киото протоколу 2005-жылдын 16-февраль күнү күчүнө кирген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG