Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

23-февраль: Тарых барактары


23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү
23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү

Токмок алдындагы салгылашта Султан Кененсары баштаган казак колу катуу жеңилип, кыргыздардын ташы өйдөлөгөн. Казак уруулары буга чейин ээлеп алган жерлеринен сүрүлүшүп, ыңгайлуу учур келгенин илгиртпей туйган Ормон хан 1852-жылдын 23-февралында Или суусунун башкы агымын ээлеп алган.

Жер талаш айынан эки калк ортосунда дагы бир калаба чыгып кетпесин деп кооптонгон Батыш сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд Россия империясынын Тышкы иштер министрлигиндеги Азия департаментине билдирүү жолдогон. Анын кабарлоосунда Ормон хандын Кененсарыга каршы күрөшкөн кааармандыгы жана кыргыздар менен казак уруулары ортосунда орун алган мамиле толук чагылдырылган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин айрым советтик майрамдар белгиленбей да, расмий майрам күндөрүнө киргизилбей да калган. Андай даталардын бири – совет мезгилинде кадырлап майрамдалган 23-февраль кызыл аскерлердин уюушулуш күнү болгон. Калк арасында бул күн аскерлердин, болбосо эркектердин майрамы катары кадыресе белгиленип келе берген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 2003-жылы биринчи жолу 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү деген аталыш менен белгиленген.

Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев, Мыйзам чыгаруу жыйындын депутаты Курманбек Бакиев төрт саясий партиянын башын бириктирген Элдик конгресске кошулууга соңку алты ай аралыганда аракет жасап келет деп 2004-жылдын 23-февралында билдирген. Элдик конгресс ага саясий бирикменин прогаммасын кабыл алып, адилетсиз соттолгон «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Куловду саясий туткун экендигин таанышын коомчулукка ачык жарыялоосун талап кылган. Ө. Текебаевдин айтымында, К. Бакиев талаптарды аткарбагандыктан Элдик конгресстин катарына кабыл алынган эмес.

Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкердиги токтотулган Арслан Малиевдин тарапташтары 2005-жылдын 23-февралында Тоң районунун мамлекеттик администрация мекемесин ээлеп алышты. Алар А. Малиевдин талапкердик укугунун калыбына келтирилишин, Тоң районунун акими Нурбек Алиев менен райондук соттун төрайымы Светлана Касырбековалардын кызматынан кетишин талап кылышкан.

Айтылуу колбашчы Эмир Тимур 1376-жылдын 23-февралында Кыргызстан аймагында орун алган монголдорго каршы кол кураган. Кол башына эмирзаада Жахангирди коюп, өзү болсо алардын аркасынан аттанган.

Советтер Союзунун Элдик Комиссарлар Кеңешинин «Социалисттик мекенибиз коркунучта» деген кайрылуусу 1918-жылдын 23-февраль күнү жарыяланган. Ушул эле күнү Башкы командачы Н. Крыленконун кайрылуусу «Бардыгыңар революцияны коргош үчүн колуңарга курал кармагыла» деген сөз менен аяктаган. Петроградга кол салган немис оккупантардын мизин Кызыл Армия 1918-жылдын 23-февралында Нарва жана Псковдогу салгылашта кайтарган.

Петроград Аткаруу кеңеши 1918-жылы 23-февралды Мекен коргоочулардын күнү деп жар салып, жумушчулар Кызыл Армия катарына массалык түрдө жазыла башташкан. Мындан улам Советтер Созунда 23-февраль 1922-жылы Кызыл Армия жана флоттун күнүнө айланган.

Иоганн Гуттенберг 1455-жылдын 23-февралында биринчи жолу китепти басып чыгарган.

Пётр I 1717-жылдын 23-февралында Петербург шаарында үйлөрдү курууга, ал эми Москвада болсо, таштан үй курулушуна тыюу салган буйрук берген.

Казан университетинин профессору Николай Иванович Лобачевский физико-математикалык факультеттин жыйыныда неевклиддик геометрияга башат салган билдирүүсүн 1826-жылдын 23-февраль күнү жасаган.

Англия 1854-жылдын 23-февралында Кызгылтым Республиканын (Түштүк Африка) эгемендигин тааныган.

Канада парламентинин китепканасы 1876-жылдын 23-февралында ачылган.

Рудолф Кристиан Карл Дизел 1893-жылдын 23-февраль күнү Берлиндеги императордук патенттик бюродо «Метод жана жогорку температураны жумушка айландыруучу аппарат» деген аталыш менен дизелдик аппаратка патент алган.

Куба 1903-жылдын 23-февралында Америка Кошмо Штаттарына Гуантанамо базасын түбөлүк арендага берген.

Бенито Муссолини 1919-жылдын 23-февралында Италия фашисттик партиясын негиздеген.

Советтик жетекчилик 1922-жылдын 23-февралында ачкачылык запкысын тарткандар үчүн чиркөөлөрдүн байлыктарын алуу туурасында чечим чыгарган.

Н. Ежов 1935-жылдын 23-февралында ВКП(б) партиялык көзөмөлдүк комиссиясынын башчылыгына дайындалган. Кийин ал үрөй учурган НКВД конторасын жетектеп, адамга каршы акылга сыйгыз мыкаачылык иштерди жасаган.

ВКП (б)нын февраль-март пленуму 1937-жылдын 23-февралында ишин баштаган.

Рига шаарындагы фашисттик оккупациялык бийлик 1943-жылдын 23-февралында 1919-1924-жылдары туулган латвиялык жигиттерди СС легионуна алуу туурасында буйрук чыгарган.

Советтик жетекчиликтин Чечен-Ингуш Автономиялык Республикасын жоюу туурасында чечимине ылайык 1944-жылдын 23-февралынан баштап, чечендер менен ингуштар жашаган жерлеринен көчүрүлө баштаган. Партиялык көрсөтмөгө жараша чечендер менен ингуш калкы Кыргызстан жана Казакстан аймагына күчтөп көчүрүлгөн.

КПСС БК Пленуму 1954-жылдын 23-февралында дың жерлерди өздөштүрүү туурасында чечим чыгарган.

«Собеседник» жумалыгынын биринчи саны 1984-жылдын 23-февралында жарык көргөн.

Россия Мамлекеттик думасы 1994-жылдын 23-февралында ГКЧП мүчөлөрүнө амнистия жарыялаган.

Москва шаарында 2003-жылдын 23-февраль күнү Белоруссия, Казакстан, Россия, жана Украина жетекчилери - Александр Лукашенко, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин жана Леонид Кучма катышкан төрт тараптуу жолугушууда Жалпы экономикалык мейкиндик курууга кам көрүү туурасында чечим чыгарылган.
XS
SM
MD
LG