Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

27-февраль: Тарых барактары


Екатерина II
Екатерина II

Жетисуу Аткаруу комитетинин 1919-жылдын 27-февраль күнкү чечимине ылайык Пишпек шаарында шарап жасоого, ал түгүл алкоголу бар ичимдик колдонууга тыюу салынган. Облустук Аткаруу комитети чечимди аткаруудан баш тарткандарды үч ай «жумушчу үйүндө» абакта кармап, болбосо 3 миң рубль айыпка жыга тургандыгын билдирген.

Айрыкча Пишпек шаарында арбын колдонулган нандан чыгарылчу 20 градустук «самосидка» арагын жасап, аны саткандарга чара көрүлө тургандыгы белгиленген. Антиалкоголдук чара кийин партиялык жана советтик декреттерде каралып, анын жол-жоболору иштелип чыккан.

Кыргыз автономиялык облусунун айыл чарба кызматкерлеринин биринчи облустук кеңешмеси 1926-жылдын 27-февралында өткөн. Кеңешме Кыргызстандын чарбалык өнүгүү багытын аныктап, өндүрүш күчтөрүнүн жайгашышына жана анын райондоштуруп бөлүнүшүнө зор салым кошкон.

Борбор шаарда жашаган поляктар 1944-жылдын 27-февралында Фрунзе шаарында орун алган филорманияга чогулушуп, митинг өткөрүшкөн. Партиялык көрсөтмөгө ылайык, алар Смоленск алдындагы Катынь токоюнда фашисттер тарабынан кырылган 11 миң поляк офицерлеринин өлтүрүлүшүн айыптаган резолюция кабыл алышкан.

Бишкек шаардык коммунисттик партия комитетинин жана шаардык кеңештин чечимине ылайык, 1991-жылдын 27-февралынан тарта борбор шаардын кечки гезити «Вечерний Бишкек» аталышта чыга баштаган. Маалымдоо каражаты 1974-жылдан тарта «Вечерний Фрунзе» ат менен жарык көрүп келген. Гезиттин аталышы борбор шаарга Бишкек тарыхый ысмынын кайтарылышына байланыштуу өзгөртүлгөн.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо 2005-жылдын 27-февралында өткөрүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул күнкү маалыматына караганда шайлоого жалпы шайлоочулардын 57% катышкан.

Мартин Лютердин өз учурунда католик чиркөөсүнө каршы чыгышы Батыш дүйнөсүндөгү дин ишенимине бүлүк салып, анын экиге бөлүнүшүнө негиз берген. Жаңы көз карашты жактаган 11 шаардын 8 немис башкаруучулары 1531-жылдын 27-февралында Мартин Лютердин окуусун коргой турган Лига курушкан.

Столбов тынчтык келишимине 1617-жылдын 27-февралында кол коюлуп, анын натыйжасында Новгород шары Орусияга кайтарылып берилген.

Екатерина II 1781-жылдын 27-февраль күнкү жардыгы менен Петербург шаарындагы биринчи мектеп эсептелген алты элдик училище ачылган.

Бавариянын «Мюнхен» футболдук клубу 1900-жылы, Лиссабондун «Бенфика» клубу 1904-жылдын 27-февралында негизделген.

Орусиядагы Арсенал жана Кышкы сарай 1917-жылдын 27-февралында басып алынып, монархия кулатылган. Ушул эле күнү Мамлекеттик думанын Убактылуу комитети ишке киришкен.

Берлин шаарындагы рейхстаг 1933-жылдын 27-февралында өрттөлгөн. Нацисттик чагымчылыктын натыйжасында күнөө коммунисттерге жүктөлүп, компартияяга куугунтук башталган. Антифашисттер массалык түрдө камакка алынып, фашисттик өкмөт чексиз бийлик укугун алууга жетишкен. Эки ай өтпөй профсоюз уюму таратылып, андан кийин нацисттик партиядан башкалардын ишине тыюу салынган.

ВКП (б) БКнын 1937-жылдын 27-февраль күнкү пленмунда Саясий бюронун мурдагы мүчөлөрү Николай Бухарин менен Алексей Рыковго ички иштер наркому Николай Ежов партияга каршы кутум иштерин уюштурган деген кине койгон. Пленум чечими менен Н. Бухарин менен А. Рыков партия катарынан чыгарылып, камакка алынган.

Британия менен Франция 1939-жылдын 27-февралында Испаниядагы Франконун бийлигин таанышкан.

Катардагы жоокер Александр Матросов 1943-жылдын 27-февраль күнү Псков облусуна караштуу Чернушки кыштагы үчүн салгылашта немистердин амбразурасына төшүн тосуп, советтик аскерлердин чабуулуна жол ачкан. А. Матросовго чейин мындай ыкманы 55 советтик жоокер колдонгон. Бирок советтик «расмий тарыхнаамага» ылайык «биринчи эрдик даңкы» А. Матросовго ыроолонгон. А.Матросов амбразурага төшүн башка күнү тосконуна карабастан, ал советтик расмий тарыхнаамада 23-февралдагы майрам датасына которулуп келген.

Советтер Союзундагы маршалдык белгини көрсөткөн – “Маршалдык жылдыз” 1943-жылдын 27-февралында киргизилген.

Токио округдук соту 2004-жылдын 26-февралында «Аум Синрикё» сектасынын башчысы Сёко Асахарени өлүм жазасына тартуу туурасында өкүм чыгарган.
XS
SM
MD
LG