Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

5-март: Тарых барактары


Уинстон Черчилл
Уинстон Черчилл

Түкстан советтик элдик комиссарлары 1918-жылдын 5-март күнү пахта майын чыгарчу, май жасоочу жана самын өндүрүүчү ишканаларды мамлекеттештирүү туурасында декрет кабыл алган. Өкмөт чечимине жараша ушул эле күнү Кара-Суудагы пахта тазалоочу завод мамлекет менчигине алынган.

Кыргызстандагы биринчи Кызыл гвардия батальону 1918-жылдын 5-мартында уюшулуп, кийин ал I Пишпектик Советтик полкко айланган.

Кыргыз Автономиялык облусунун дыйкан-батрак аялдардын I облустук курултайы 1924-жылдын 5-мартында ишин баштады. Курултайга Кыргызстан аймагынан 105 делегат дайындалып, жыйын Пишпек шаарында өткөн.

Күн тартибине аялдар арасында жүргүзүлчү иш-аракет жана бул багыттагы партиянын орду талкууланып, кыз-келиндерди пионер менен комсомолдун катарына тартуу, Совет жана «Кошчу» бирикмелерине активдүү катыштыруу маселеси козголгон. Мындан тышкары, эл аралык маселелер тегерегинде пикир алмашылып, айыл-кыштакта жана аялдар арасында саясий үгүтттөө ишин активдештирүү, эскинин калдыктарын жоюу, сабатсыздыкка каршы чечкиндүү күрөшүү маселеси негизги талап катары күн тартибине коюлган.

Кыргызстан Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясында БУУга мүчөлүккө кабыл алынышы кыргыз коомчулугуна зор таасир калтырганы маалым. Буга чейин «беймаалым республика» атыккан өлкөнү дүйнө коомчулугу таанып, Кыргызстан эл аралык мамилелердин субъектисине айланган. Кыргызстандын БУУга мүчөлүккө кабыл алынышынын урматына кыргыз бийлиги 1991-жылдын 5-мартында Өкмөт үйүнүн имаратына Кыргызстандын жаңы желегин көтөрүү салтанатын өткөргөн.

Кыргызстан калкынын II Курултайына даярдык күн мурунтан көрүлүп, өлкө аймагынын ар кайсыл жеринде курултайды колдогон жыйын, митингдер өткөрүлгөн. Өлкө идеологдору курултай калк биримдигин жаратат деген ниетте ыйык от жагууну көздөгөн. Ыйык от Курултай символу катары кабыл алынып, 2003-жылдын 5-март күнү Манастын күмбөзү орун алган Тал чокуда жанган.

Ушул эле күнү Жалал-Абадда курултайды колдогон митинг өтүп, мыйзамсыз саясий акциялар айыпталып, ал өлкө биримдигине доо кетире тургандыгы белгиленген. Аксакалдар курултайга арнап от жандырып, аны жөө күлүктөр Бишкекке алып жөнөшкөн.

Испан королу Филип II медик Франсиско Фернандести 1558-жылдын 5-март күнү Мексикага жөнөткөн. Королдун буйругу боюнча Франсиско Фернандес европалыктарга белгисиз болгон өсүмдүктөрдү алып келүү милдети жүктөлгөн. Ошентип бул миссиянын жыйынтыгында Европага тамеки сыяктуу экзотикалык өсүмдүктөр келген.

Петр I 1705-жылдын 5-март күнкү жардыгына жараша Орусияда аскерге рекруттук кабыл алуу баштатылган. Ошентип өлкөнүн регулярдык армиясыныны калыптанышына негиз түзүлгөн.

Орусиянын жогорку мамлекеттик органы эсептелген Сенат 1711-жылдын 5-мартында негизделген.

Франциянын революциалык өкмөтү 1792-жылдын 5-мартында Сорбон униврситетин жана өлкөдөгү бардык теологиялык факультеттерди жапкан.

Жогорку жана Төмөнкү Канада мамлекетинин борбору 1844-жылдын 5-мартында Кингстондон Монреалга которулган.

Совет бийлиги 1921-жылдын 5-мартында Цхинвалиде орногон (Түштүк Осетия).

Киев университетине Тарас Шевченконун ысмы 1939-жылдын 5-мартында ыйгарылган.

Уинстон Черчиллдин Фултондогу атактуу билдирүүсү 1946-жылдын 5-мартында жасалган. У. Черчилл Америка Кошмо Штаттарынын чакыруусу боюнча Фултонго келип, сөз сүйлөгөн.

Москва шаарынын жандашы эсептелген Зеленоград шаары 1958-жылдын 5-мартында негизделген.

«Вояджер-1» космос аппараты 1979-жылдын 5-мартында Юпитер планетасына жеткен.

Чейрек кылымдык араздашуудан кийин 1997-жылдын 5-мартында Түндүк жана Түштүк Корея сүйлөшүү үстөлүнө отурушкан.
XS
SM
MD
LG