Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

8-март: Тарых барактары


8-март - Аялдардын Эл аралык күнү
8-март - Аялдардын Эл аралык күнү

8-март - Айымдардын Эл аралык майрамы. Аялдар күнүн белгилөө жөрөлгөсү байыркы Римден бери келе жаткан салтка кирет. Байыркы Рим шаарында Аялдар күнү үй-бүлөлүү зайыптар күйөөлөрүнөн белек алып, алар көңүл борборуна айланып, тиричилик түйшүгүнөн аз да болсо узакташкан экен.

Күндөр өтүп, жыл кылымга алмашып, акыры америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн 1857-жылдын 8-март күнү Нью-Йорк шаарында митингге чыгышкан. Америкалык Социалисттик партия 1909-жылы февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салган. Ошентип Аялдардын күнүн белгилөө алардын экономикалык жана коомдук абалын теңдөө күрөшүнө айланган.

Аялдардын Эл аралык күнү Клара Цеткиндин сунушу менен 1910-жылы Копенгаген шаарында өткөн социалисткалардын II Эл аралык конференциясында кабыл алынган. Айымдардын майрамы айрым европалык өлкөлөрдө 1911-жылы Орусияда 1913-жылдан бери белгиленген. Азыркы күндө 8-март - Аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынган.

Совет өкмөтүнүн мамлекеттик бийлик түзүлүшү 1921-жылдын 8-мартында башталган РКП (б) X съездинде аныкталган. Партиялык жыйын «Улуттук маселедеги партиянын кезектеги милдеттерине» арналып, советтик автономиялык системанын курулушу жүзөгө ашырылган.

Партиялык Резолюцияда партиянын негизги милдеттеринин бири катары, орус эмес артта калган калктардын абалын Борбордук Орусия деңгээлине жеткирүү талабы коюлган. Орус эмес калктардын улуттук турмуш шартына жараша мамлекеттик курулушту чыңдоо; улуттук тилдеги сот, администрация, чарба органдарын, бийлик кызматын куруп, аларды өнүктүрүү; улуттук тилдеги маалымдоо каражаттарын, мектеп, театр, маданий мекемелерди өркүндөтүү; эне тилдеги мектеп жана профессионалдык-техникалык билим берүү тармагын жайылтуу маселесин чечүү мамлекеттин келечектеги өнүгүшүнүн күн татибине коюлган.

Кыргыз Автономиялык облусунун дыйкан-батрак аялдардын I облустук курултайы 1925-жылдын 8-мартында ишин аяктаган. Курултайга Кыргызстан аймагынан 105 делегат дайындалып, жыйын Пишпек шаарында өткөн. Күн тартибине аялдар арасында жүргүзүлчү иш-аракет жана андагы партиянын орду талкууланып, кыз-келиндерди пионер менен комсомолдун катарына тартуу, Совет жана «Кошчу» бирикмелерине активдүү катыштыруу маселеси козголгон.

Мындан сырткары эл аралык маселелер тегерегинде пикир алмашылып, айыл-кыштакта жана аялдар арасында саясий үгүттөө ишин активдештирүү, эскинин калдыктарын жоюу, сабатсыздыкка каршы чечкиндүү күрөшүү маселеси негизги талаптар катары көрсөтүлгөн.

Кыргызстандагы биринчи аялдар клубу 1925-жылдын 8-март күнү Каракол округундагы Талды-Суу айылында уюшулган. Клубда мектеп, медициналык кеңеш иштеп, делегат аялдар менен кызматташып, аларды клуб ишмердигине тартуу аракети башталган. Жергиликтүү кыргыз кыз-келиндери драмалык ийрим ачышып, элдик кол өнөрчүлүктү аркалап жүргөн уздар үчүн атайын артель уюштурулган. Талды-Суудагы клуб аялдардын башын коштуруп эле тим болбостон, жергиликтүү дыйкандарга практикалык жардам көрсөтүп да турган.

Кыздардын профессионалдык-техникалык мектеби 1924-жылдын 8-март күнү Пишпек шаарында салтанат менен ачылган. Профессионалдык-техникалык мектепке Кыргызстандын айыл-кыштактарында жашаган кыздар окутулуп, алар республикадагы биринчи адистешкен билим алып, аны практика менен айкалыштырууга жетишишкен.

Немис астроному Иоганн Кеплер 1618-жылдын 8-март күнү планеталар кыймылынын үчүнчү мыйзамын иштеп чыккан. Окумуштуунун ою боюнча планеталардын Күндү айланышынын убакыт квадраты, алардын Күнгө чейинки орточо кубдук аралыгына дал келет. И.Кеплердин мыйзамынын негизинде И.Ньютон бүткүл ааламдык тартылуу күчүн ачкан.

Пётр I жардыгына жараша 1722-жылдын 8-мартынан тарта Петербургдагы аба ырайына байкоо жасала баштаган.

Канаданын Түндүк-Батыш аймагында 1873-жылдын 8-мартынан тарта спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган.

А.Н.Бенуа, К.А.Сомов, М.В.Добужинский, Н.К.Рерих, Е.Е.Лансере ж.б. айтылуу илим, маданият адамдарынын башын кошкон «Искусство дүйнөсү» аталган уюм 1900-жылдын 8-март күнү уюшулган.

Копенгаген шаарында 1910-жылдын 8-мартында өткөн Социалистик Интернационал жыйынында 8-март Аялдардын Бүткүл дүйнөлүк күнү деп кабыл алынган.

«Работница» журналынын биринчи саны 1914-жылдын 8-март күнү жарык көргөн.

СССР менен Греция ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1924-жылдын 8-март күнү орногон.

Британиянын Индиядагы колониялык бийлигине каршы Махатма Ганди жетектеген жарандык нааразылык иш-чарасы 1930-жылдын 8-март күнү башталган.

Советтер Союзунун Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Вячеслав Михайлович Молотовдун 50 жылдык юбилейине байланыштуу 1940-жылдын 8-мартында Пермь шаары өкмөт башчысынын ысмын алган. Ошентип 1781-жылдан бери аты өчпөй келген байыркы шаар тарыхый аталышынан айрылган.

Сталиндик саясатка ылайык 1944-жылдын 8-март күнү балкарларды жапырт депортациялоо башталган.

СССР менен Доминикан Республикасы ортосундагы дипломатиялык мамиле 1945-жылдын 8-мартында орногон.

Львовдогу грекокатоликтик Украиналык Собор 1946-жылдын 8-март күнү Ватикан униясын жоюлушу туурасында жана анын Орус православ чиркөөсүнө кириши жөнүндө чечим кабыл алган.

Советтер Союзу 1950-жылдын 8-март күнү өзөктүк бомбага эгедер экендигин билдирген.

«Правда» гезитинин 1953-жылдын 8-март күнкү санында биринчи жолу «Эл менен партия бирге!» деген чакырык жарыяланган.

Кытай Элдик Республикасы 1963-жылдын 8-мартында бир тараптуу 1858-жылкы Орусия менен Кытай ортосунда кол коюлган “Айгун” келишимин үзүп, Советтер Союзунан «мурда кеткен жерлерди» кайра талап кылган.

Совет өкмөтүнүн 1966-жылкы чечимине жараша 8-март Аялдардын Эл аралык күнү дем алыш деп жарыяланган.

Евангелисттердин 1983-жылдын 8-март күнкү Улуттук жыйынында сөз сүйлөгөн АКШ президенти Рональд Рейган Советтер Союзун «каардуу империя» деп айыптаган. Көп өтпөй эле ал СССРдин таркашына себеп болгон «жылдыздар согушу» аттуу программасын сунуш кылган.
XS
SM
MD
LG