Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

9-март: Тарых барактары


Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийинки алгачкы гезит 1918-жылдын 9-мартында жарык көргөн. Маалымдоо каражаты «Пишпекский листок» аталып, ал Пишпек уезддик эл депутаттар кеңешинин органы катары жарыяланып турган.

Совет бийлиги орногондон кийин Кыргызстанда адегенде жүгүртүлгөн акча бирдиги кагаз тыйындар болгон. Кагаз тыйындар Москва шаарында басылып, ал 1924-жылдын март айында Пишпекке жеткирилген жана бул күндөрү шаардыктар кагаз тыйынды колдонуп башташкан. Кагаз тыйындар бир жана беш тыйын наркында чыгарылып, калк аларды аргасыз колдонууга алгандыгы кабарланат.

И. В. Сталиндин өлүмүнө байланыштуу 1953-жылдын 9–март күнү Фрунзе шаарынын өкмөттүк аянтында орун алган Сталиндин эстелигинин кашында митинг өткөн. Сталиндин эстелиги азыркы Маркс жана Энгельстин эстелигинин ордунда орун алып, жергиликтүү убакыт боюнча саат экиден тарта митинг катышуучулары Москвадан түз радио уктурууларды угушкан. Жолбашчынын өлүмүнө байланыштуу Маленков, Берия, Молотов сөз сүйлөшүп, митингге келген фрунзеликтер Сталиндин сөөгү мавзолейге жайгаштырылгандыгын кубаттоо менен кабыл алышкан.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитети 2004-жылдын 9-мартында кыргыз-казак чек ара келишимин ратификациялоо маселесин карай баштаган. Комитет жыйынына тышкы иштер министри Аскар Айтматов, кыргыз өкмөтүнүн аймактык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов катышып, келишимдин талаш жактары талкууга алынган. Коопсуздук комитетинин пикирине ылайык кыргыз-казак чек ара келишиминде Талас жана Чүй облустарынан төрт аймагы Казакстанга өтүп кеткен. Өкмөт мүчөлөрү чек ара келишими калыс чечилип, эч кандай жер коңшу мамлекетке берилбегендигин билдиришкен.

Кыргыз-казак чек ара келишимине 2001-жылы кол коюлуп, ал буга чейин казак парламентинде ратификациялаган.

Рим папасы Григорий VII 1074-жылдын 9-мартында үй-бүлө курган дин адамдарын чиркөөдөн алыстаткан.

Николай Коперник 1497-жылдын 9-март күнү биринчи жолу астрономиялык көзөмөл жүргүзүп баштаган.

Күндүн чыгышына көзөмөл жасаган Иоганн Фабрициус 1611-жылдын 9-мартында Күн бетиндеги такты ачкан.

Франция 1804-жылдын 9-мартында Луизиана аймагын Америка Кошмо Штаттарына расмий түрдө берген.

Совет мамлекетинин жаңы борбору 1918-жылдын 9-март күнү Петрограддан Москвага которулган.

Италия 1924-жылдын 9-мартында күңкорсуз Риека шаарын басып алып, Югославияга караштуу Далмация Жээгине болгон көз артуусунан баш тарткан.

АКШ президенти Кальвин Кулидж 1925-жылдын 9-мартында Чили менен Перу мамлекеттери арасындагы талашка ортомчулук жасаган.

Германия 1935-жылдын 9-мартында люфтваффенин бар экендигин расмий жар салган.

Москва шаарында 1953-жылдын 9-март күнү И. В. Сталиндин сөөгү менен коштошуу вазийпасы өткөрүлгөн.

Советтик аскерлер 1956-жылдын 9-март күнү Тбилиси шаарында өткөн тынч митингге ок чыгарган.

Далай-лама 1961-жылдын 9-март күнү Бириккен Улуттар уюмуна Тибеттин мамлекеттик эгемендигин калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылган.

АКШ жана Канада 1977-жылдын 9-мартында сахаринди тамакка жана медикаменттерге кошууга тыюу салган.

Берлин шаарында Германияны бириктирүүгө арналган сүйлөшүүлөр 1990-жылдын 9-мартында башталган.
XS
SM
MD
LG