Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

10-март: Тарых барактары


Орус тилиндеги биринчи опера 1755-жылдын 10-март күнү Петербург шаарында коюлган.
Орус тилиндеги биринчи опера 1755-жылдын 10-март күнү Петербург шаарында коюлган.

Падышалык бийлик мезгилинде Пишпек шаарынын соода-экономикалык таасири артып, 1905-жылдын бул күнү уезддик борбордо 398 соода түйүнү катталган. Соода түйүндөрүндө 1 миллион 125 миң рубль акча жүгүртүлүп, ал өлкө бюджети үчүн маанилүү киреше тармагына кирген. Мындан тышкары шаарда 12 суу тегирмен, 18 өнөр жай ишканалары иштеген. Тери иштетүүчү, самын чыгарчу ишканаларда 44 жумушчу эмгектенип, алар жылына 15 миң 400 рубль көлөмдөгү товар чыгарышкан.

Жетисуу облусунун аскер командачысы, генерал-майор А.Я.Фриде менен Кытайдын Или цзяньцзюнунун кеңешчиси амбан Шентай 1882-жылдын 10-март күнү Или өрөөнүнүн Кытайга берилиши туурасындагы протоколго кол коюшкан. Протокол Петербург келишимине ылайык орус жана манчжур тилдеринде түзүлүп, анда Орусия империясына өтүүнү каалаган адамдардын Казакстан менен Орто Азияга жер которуу маселеси эске алынган.

Фрунзе шаарына пландаштырылган жасалма муз заводунун курулуш иши 1941-жылдын бул күндөрү башталган. Завод Түркстан-Сибирь темир жолундагы Пишпек станциясына жакын жерде орун алып, анын продукциялары менен муздаткыч вагондорду эле эмес, шаардык оорукана, пивзаводдорду камсыздоо келечеги белгиленген. Бирок июнь айында башталган согуш алааматы бардык изги ниеттердей эле, бул саамалыктын да кендирин кескен.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Фрунзе шаардык комитети 1974-жылдын 10-мартында «Борборго үлгүлүү турмуш жана коомдук тартип» деген физикалык приборлор заводунун жамааты тарабынан көтөрүлгөн ураанды колдой тургандыгын билдирген. Кызматкерлер өнөр жай өндүрүшүн жогорку маданият көрсөткүчүнө көтөрүү; борбор шаардын тазалыгы үчүн күрөшүү максатында заводдогу бир иш күнүн санитардык деп жарыялоо; завод аймагына бак-дарактарды отургузуу; жамаат менен ай сайын театр, музейлерге баруу туурасында чечим чыгарган.

Кыргызстандын медицинасындагы биринчи жолу лазердик операция 1980-жылдын 10-мартында жасалган. Иса Ахунбаев атындагы клиникада профессор А.Червинский жетектеген хирургдар скальпелди лазердик нурга алмаштырган жаңы ыкманы колдонушуп, Кыргызстандын медицинасында биринчи жолу лазердик операцияны ийгиликтүү колдонууга жетишишкен.

Испандык деңиз иликтөөчүлөрү 1535-жылдын 10-март күнү Галапагос аралдарын ачышкан.

Орус тилиндеги биринчи географиялык китеп 1710-жылдын 10-мартында жарык көрүп, ал «География, или краткое описание земного мира» деп аталган.

Орус тилиндеги биринчи опера 1755-жылдын 10-март күнү Петербург шаарында коюлган. «Цефал жана Прокрис» аталган операнын либреттосун А.П.Сумароков даярдап, сахнага алып чыккан.

Нью-Йорк штатынын борбору 1797-жылдын 10-мартында Нью-Йорктон Олбаниге которулган.

Британиядагы биринчи калк каттоо 1801-жылдын 10-мартында башталган.

Император Александр I жардыгына жараша 1806-жылдын 10-март күнү Москова Кремлинин музейи ачылган.

Германиядагы «Темир крест» аскердик ордени 1813-жылдын 10-мартында кабыл алынган.

Дагестандыктар менен чечендердин эркиндик күрөшү 1830-жылдын 10-мартында башталган.

АКШ Федералдык өкмөтү 1862-жылдын 10-мартында кагаз акчаларды жүгүртүүгө киргизген.

Орус физиги А.Г.Столетов 1880-жылдын 10-мартында фотоэффект кубулушун ачкан.

Пил сөөгү аталган жээк 1893-жылдын 10-мартында француз колониясына айландырылган.

Германдык басып алуу коркунучунан улам Советтердин 1918-жылдын 10-март күнкү съездинде, большевиктер өлкө борборун Петрограддан Москвага которуу туурасында чечим чыгарган.

Советтер Союзу менен Норвегия ортосундагы дипломатиялык мамиле 1924-жылдын 10-мартында орногон.

Советтер Союзундагы биринчи телеберүүлөр 1939-жылдын 10-мартында башталган. Москва шаарындагы Шаболовка телеборборунда даярдалган программалар айтылуу Шухов мунарасынан обого таратылган.

Социализмдин толук жеңишин жар салган ВКП (б)нын XVIII съезди 1939-жылдын 10-март күнү ишин баштаган. Большевиктик партия эми өлкө «акырындык менен социализмден коммунизмди карай багыт алат» деген чеим чыгарган.

Тибеттеги эркиндик үчүн көтөрүлүш 1959-жылдын 10-мартында чыккан. Көтөрүлүш басылгандан кийин Далай-лама XIV жана анын жактоочулары Индиянын Дхарамсал шаарына качышкан.

АКШ, Австралия, Индия жана Түштүк Африка өлкөлөрүнөн окумуштуулар тобу 1977-жылдын 10-мартында Урандын шакекчелерин ачышкан.
XS
SM
MD
LG