Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

11-март: Тарых барактары


Пабло Пикассо 1970-жылдын 11-мартында Барселона музейине 800 чыгармасын белекке берген.
Пабло Пикассо 1970-жылдын 11-мартында Барселона музейине 800 чыгармасын белекке берген.

“Кыргызстан” аттуу көркөм-адабий журналдын биринчи саны 1946-жылдын бул күндөрү окурмандын колуна тийген. Анткен менен альманахтын сыясы кургай элегинде эле партиялык көзөмөлдөө органдары биринчи санда жарык көргөн макалалардын бардыгын «улутчул» жана «космополиттик» маани ташыйт деген айып койду.

Кийин тарых адилеттиги аныкталып, аталган альманахта макалалары жарыяланган А. Осмонов, А. Токомбаев, К. Баялинов, С. Липкин, Я. Шиваза сыяктуу авторлор кыргыз, орус жана дунган адабиятынын классиктерине айланышкан.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара меселесин тактоо узак жылдар бою уланып келет. Эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны 2003-жылдын 11-март күнү Ташкент шаарында ишин баштаган.

Кыргыз делегациясын Кыргызстандын Евразия Экономикалык Шериктештигиндеги вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов жетектеп, эки тараптуу комиссия ортодогу 1492 чакырымга созулган чек ара тилкесининин 22 чакырымы боюнча макулдашууга жетишкен.

Сүйлөшүү жыйынтыгында Өзбекстан аймагындагы Кыргызстанга караштуу Барак кыштагы менен каттам кайра калыбына келтирилген. Мындан тышкары өкмөт аралык комиссия чек арадагы текшерип-өткөрүүчү бекеттер боюнча макулдашуунун долбоорун даярдоого макулдашышкан.

Бириккен Улуттар уюмуна караштуу Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) 2003-жылдын 11-март күнү Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институтуна 140 миң доллар менен жардам көрсөткөн. ПРООНдун акчалай жардамы Кыргызстандын Акыйкатчы институтун калыптандырууга багытталган. Долбоор 9 айлык мөөнөткө белгиленип, бул убакта Акыйкатчы институтунун кызматкерлери үчүн кеңеш жана материалдык-техникалык жардам көрсөтүлөөрү аныкталган. Эки тараптуу документке ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович жана акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу кол коюшкан.

Париж клубу аталган дүйнөлүк кредиторлордун биримдиги Кыргызстандын тышкы карызынын 124 миллион долларын кечкендиги туурасындагы маалыматты Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 2005-жылдын 11-март күнү тараткан. Мындан тышкары Париж клубу Кыргызстандын 431 миллион доллар өлчөмдөгү тышкы карызынын төлөнүшүн кийинкиге калтырган. Дүйнөлүк кредиторлор биримдигинин чечимине ылайык коммерциялык кредиттин 50 пайызы кыскартылып, калган 50 пайыз акчанын төлөнүш убактысы 23 жылга узартылган.

АКШнын мамлекеттик департаментинин адам укуктары, демократия жана эмгек боюнча бюросунун Кыргызстандагы кырдаалга баа берген расмий докладына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги 2005-жылдын 11-мартында атайын билдирүү тараткан. Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын департаменти Кыргызстанда өткөн шайлоо өнөктүгүн жана андан чыккан саясий кырдаалды бир тараптуу баалаган деп айыптаган.

Цай Лун 106-жылдын 11-март күнү бамбук жипчелерин эзүү жолу менен кагазды чыгарган.

Падыша Карл II жардыгына жараша Челсидеги аскерлер үчүн Падышалык госпиталь 1682-жылдын 11-мартында ачылган.

Орус императору Павел I 1801 10-мартында жырткычтык менен өлтүрүлгөн.

Луддиттердин машинага каршы козголоңу 1811-жылдын 11-мартында Ноттингем шаарында башталган.

Канаданын биринчи банкноттору 1835-жылдын 11-мартында чыгарыла баштаган.

Француз Академиясына биринчи фонограф 1878-жылдын 11-март күнү көрсөтүлгөн. Илим адамдары техникалык жаңылыкты адегенде кооптонуу менен кабыл алып, аны көз бойомочулук дегенге чейин барышкан.

Москова шаарынын канализациялык долбоору 1892-жылдын 11-март күнү империялык Байланыш министрлигинде бекитилген.

Император Николай II 1903-жылдын 11-мартында жамааттык жердин кол тийбестигин коргогон Манифестке кол койгон.

«Бухорои шариф» аталган тажик тилиндеги биринчи гезит 1912-жылдын 11-мартында жарык көргөн.

Совет өкмөтү 1918-жылдын 11-мартында Петрограддан Москвага келген.

Москва шаарында украин калкынын искусство декадасы 1936-жылдын 11-март күнү ачылган.

Австриянын фашисттик Германия менен аншлюс (кошулушу) келишими 1938-жылдын 11-мартында болгон.

Советтер Союзу менен Кувейт ортосундагы димломатиялык мамиле 1963-жылдын 11-мартында орногон.

Айтылуу сүрөтчү Пабло Пикассо 1970-жылдын 11-мартында Барселона музейине 800 чыгармасын белекке берген.

КПСС БКнын кезексиз чакырылган Пленумунда М. С. Горбачёв 1985-жылдын 11-мартында КПСС БКнын башкы катчы кызматына дайындалган.

Литва ССРинин Жогорку Кеңеши 1990-жылдын 11-март күнү Литва республикасынын эгемендигин кабыл алган.
XS
SM
MD
LG