Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

21-март: Тарых барактары


Алыкул Осмоновдун үй-музейинин ички көрүнүшү
Алыкул Осмоновдун үй-музейинин ички көрүнүшү

Чыгыш калктарынын басымдуу бөлүгү 21-мартта Жазгы теңелүү күнүн белгилешет. Борбордук Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө бул күнкү майрам Нооруз аталып, шаң салтанат өкүм сүрөт. Нооруз аталышы бизге перс тилиндеги «навруз» - жаңы жылдын биринчи күнү деген сөзгө байланыштуу кабыл алынган.

Нооруз майрамы кыргыз калкында байыртадан белгиленип, анын өрнөктүү каада-салты иштелип чыккан. Кыргызстандын отурукташкан аймагында жазгы майрам Нооруз аталып, майрамдык сүмөлөк жасалып, ырым-жырым иштери жүзөгө ашырылат. Көчмөн турмушта жашаган кыргыздар арасында жаз майрамы Чоң көжө аталып келген жана аны белгилөө салтанаты, каада-салт өрнөктөрү жашоо шарт ыңгайына ылайык келиштирилген.

Совет мезгилинде Нооруз майрамына тыюу салынып, ал 1988-жылдан тарта майрамдала баштады. Бул күнү «жер жарылып чөп чыгат, желин айрылып сүт чыгат» деп адам баласы жартылыштан бардар турмуш, бакубат жашоо арзып, жан дүйнөсүн жаңылануу жана ынтымак, ырашкерчилик эңсеген аруу тилек бийлейт.

Кыргыздын атактуу акыны Алыкул Осмонов 1915-жылдын 21-мартында жарык дүйнөгө келген. Болочок акындын киндик каны Панфилов районунун Каптал Арык айылына тамган. Болочок акын Фрунзе педагогикалык техникумун 1933-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин «Чабуул» журналы жана «Ленинчил жаш» гезитинде эмгектенген. Кыргызстан Жазуучулар кошуунунда 1937-1940-жылдары катчылык кызматты аткарып, кийин өмүрүнүн акырына чейин жалаң чыгармачылыкты аркалап, Алыкул Осмонов кыргыз поэзиясынын алтын казынага алынган чыгармаларды жараткан.

Акындын ырчылык ышкысы эрте башталып, 1930-жылы «Сабаттуу бол» гезитке «Кызыл обоз» аттуу ыры жарыяланган. А. Осмоновдун «Таңдагы ырлар» жыйнагы 1935-жылы жарык көрүп, кыргыз поэзиясына таланттуу акындын келгенин ырастаган. А. Осмонов акындар арасынан биринчи болуп көзү өткөндөн кийин, 1967-жылы Кыргыз республикасынын Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаттык сыйлыгына татыган.

Парламенттик шайлоодон улам Кыргызстандагы саясий кырдаал курчуп ал эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун жараткан. Бириккен Улуттар уюму 2005-жылдын 21-март күнү Кыргызстандагы кырдаалга кабатырланганын билдирип, бийлик менен оппозициянын тирешүүсү сүйлөшүү жолу менен чечилип, бир тараптан экинчиге каршы күч колдонулбашына ишеним арткандыгын билдирген.

Ошондой эле Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан президент Аскар Акаевдин оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүгө ниеттенгенин колдой тургандыгын баса белгилеген.

21-март расалык дискриминацияга каршы күрөштүн эл аралык күнү. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1966-жылдын 26-октябрында өткөн XXI сессиясында расалык дискриминацияга каршы күрөшүү чечими кабыл алынган.

1960-жылы Түштүк Африкадагы апартеидге каршы тынч митинг маалында бийлик күч колдонуп, 69 африкалык өлтүрүлгөн. Адатта ар жылдын 21-март күнү миңдеген адамдар Амстердам шаарында жүрүш жасап, расалык дискриминацияга каршы өз оюн билдиришет.

21-март Даун синдромунан жабыр тарткандардын эл аралык күнү.

Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1971-жылдагы чечимине ылайык, 21-мартта Бүткүл дүйнөлүк Жер күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк Жер күнүн майрамдоо жөрөлгөсү жазгы теңелүүгө байланышкан жана бул күнү жер шаарынын көпчүлүк өлкөлөрүндө Дүйнө набаты урулат.

21-март Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнү. Поэзия күнү ЮНЕСКО уюмунун Башкы конференциясынын 30-сессиясынын чечимине ылайык белгиленет.

Библияны англис тилине которгон епископ Томас Кранмер 1556-жылдын 21-март күнү Оксфорддо өрттөлгөн.

Франциядагы Наполеондун кодекси 1804-жылдын 21-мартында кабыл алынган.

СССР Элдик комиссарлар кеңешинин 1937-жылдын 21-март күнкү токтомуна жараша Советтер Союзундагы илимий наам жана даражалар киргизилген. Жаңы талапка ылайык илим кандидаты, илимдин доктору аталган илимий наамдар менен бирге ассистент, доцент жана профессордук илимий даражалар кабыл алынган.

Немис илимпоздору Отто Фрич менен Рудолф Пиерлс 1940-жылдын 21-мартында нацисттик бийликке өзөктүк бомбаны жасаганга мүмкүн экендигин билдиришкен.

Бириккен Улуттар уюмунун Нью-Йорктогу убактылуу штаб-кеңсеси 1946-жылдын 21-мартында ачылган.

Намибия 1990-жылдын 21-март күнү эгемендикке жетишкен.

Татарстанда 1992-жылдын 21-мартында өткөн референдумда калктын үчтөн экиси мамлекеттик эгемендик үчүн добуш беришкен.
XS
SM
MD
LG