Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

22-март: Тарых барактары


1965-жылдын 22-март күнү Николае Чаушеску биринчи катчы болуп шайланган
1965-жылдын 22-март күнү Николае Чаушеску биринчи катчы болуп шайланган

Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздар менен кыпчактардын колу 1876-жылдын январь айында хандыкка каршы айыгышкан каршылык көрсөтүшкөн. Хандык менен келишкен орус бийлиги козголоңчуларга каршы жазалоочу отряд жабдып, аны генерал-майор М. Д. Скобелев жетектеген. Генерал баштаган жазалоочу отряд 1876-жылдын 22-март күнү Ош шаарына кирген.

М. Д. Скобелевдин пикирине ылайык, орус отряды шаарды өз маалында ээлегендиктен, кыргыздар күч топтоп каршылык көрсөтүүгө үлгүрө алган эмес. Мындан улам Абдылдабек баштаган чакан топ Алай аркылуу Кашгарга, Алихан төрө жигиттери менен Үч-Коргондон Кичи Алайга качкан.

Түркстан Элдик комиссарлар кеңеши 1918-жылдын бул күнү Чөлкөмдүк эл чарба кеңешин уюштуруу туурасында Декрет кабыл алган.

Кыргыз ССР ВКП (б)нын кезектеги VIII пленуму 1937-жылдын 22-март күнү ишин баштаган. Пленумда уюштуруу маселеси каралып, Борбордук Комитеттин сунушу менен биринчи катчылыкка М. К. Аммосов дайындалган.

М. К. Аммосов ВКП (б) Борбордук Комитетинин көрсөтмөсүнө ылайык Кыргызстанга келген. Буга чейин ал Караганда обкомунун биринчи секретарлык кызматында, 1936-жылдан тарта Түндүк-Казакстан облусун жетектеп келген. Мурдагы биринчи катчы М. Л. Белоцкий М. К. Аммосов республикага келгенге чейин эле эл душманы деген күнөө менен кызматынан четтетилип, кийин ал Москвага чакырылып, ал жерден камакка алынган.

Орусия Федерациясынын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттердин саны келерки жылы эки эсеге өсөт деп билдирди 2003-жылдын бу күнү федералдык билим берүү министри Владимир Филиппов. Федералдык министрди ушул эле күнү президент Аскар Акаев кабыл алып, билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташууну арттыруу, Москва лингвистикалык университетинде кыргыз тилин окутуу борборун ачуу сыяктуу Кыргызстан үчүн келечектүү маселелер тегерегинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Кыргызстандагы чоң чырдын башын баштаган 2005-жылкы парламенттик шайлоодон тандалган 59 депутат 2005-жылдын 22-март күнү Жогорку Кеңештин биринчи жыйынына чогулушкан. Жогорку Кеңеш депутаттары күбөлүк алышып, депутаттык ант беришкен. Парламент жыйынында саясий абалга байланыштуу Кыргызстан калкына кайрылуу, өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүү, жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия уюштуруу туурасында токтом кабыл алынган.

Парламент жыйынына президент Аскар Акаев катышып, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасаган. Мамлекет башчысы өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүүгө барбай тургандыгын жана өзгөчө кырдаал киргизилет деген сөздүн өзү жалган ушак экендигин белгилеген.

Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү 22-мартта белгиленет. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1993-жылкы чечимине ылайык бул күнү суу ресурстарын коргоого байланышкан ийримдер өткөрүлөт.

Француз королу Филипп IV талабына жараша Рим папасы Климент V 1312-жылдын 22-мартында католиктик рухий рыцардык тамплиер орденин таркаткан. Ордендин менчиктери мамлекет карамагына алынып, алардын ишкердигине тыюу салынган.

Англиялык пуритандар тобу 1613-жыдын 22-мартында Америкага багыт алышып, кийин алар Бостон шаарын түптөшкөн.

Жордано Бруно жазага тартылган жерде Галилей 1633-жылдын 22-мартында өзүнүн илимий иликтөөлөрүнөн чөк түшө баш тарткан. Кийинки күнү папа аны кечиргендигин билдирип, окмуштуунун жазасын өзгөрткөн.

Богдана Хмельницкийдин элчилиги 1654-жылдын 22-март күнү Москвага келген.

Англия королу Карл II 1675-жылдын 22-мартында Гринвичтеги Королдук обсерваторияны негиздеген. Мындан улам англис моряктары обсерватория жайгашкан меридианды белги көрсөтмөсү катары кабыл алышкан.

АКШ Конгресси 1870-жылдын 22-мартында Юстиция министрлигин негиздеген.

АКШ Конгресси 1882-жылдын 22-мартында көп аял алууга тыюу салган.

Таксиметр менен жабдылган биринчи таксилер Лондон шаарынын көчөлөрүндө 1907-жылдын 22-март күнү пайда болгон. Ошентип жүргүнчүлөр менен айдоочулар ортосундагы канча төлөш керек деген түбөлүк талаш техникалык каражат аркылуу чечилген.

Америка Кошмо Штаттары дүйнөдө биринчи болуп Орусиядагы Убактылуу өкмөттү 1917-жылдын 22-мартында тааныган.

Румыния Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитет Пленумунда 1965-жылдын 22-март күнү Николае Чаушеску биринчи катчы болуп шайланган.
XS
SM
MD
LG