Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

24-март: Тарых барактары


Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки бурулуш окуя 2005-жылдын 24-март күнү болгон.
Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки бурулуш окуя 2005-жылдын 24-март күнү болгон.

Пишпек шаарынын мурдагы Грязновской менен Садовой, азыркы Токтогул менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган түрмөдөгү абактагылар 1917-жылдын 24-март күнү бошотулган. Пишпек шаары менен Пишпек уездинен чогулган калк бул күнү борбордук түрмөгө агылып, абактагыларды эркиндикке чыгарган. Абактагылардын басымдуу көпчүлүгү 1916-жылкы көтөрүлүштүн катышуучулары болгон.

Түрмөнүн бет маңдайында абактан чыгарылгандар менен аларды эркиндикке чыгаргандардын митинги өтүп, алар мурдагы кегин унутуп, мындан ары ынтымак-ырашкерчиликте жашоого убадаларын беришкен.

Түркстан республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин “Известия” гезити 1920-жылдын 24-март күнү РСФСР курамындагы Түркстан автоном республикасынын уюшулгандыгын жарыялаган. Түркстан автоном республикасынын негизги жоболору Бүткүл союздук аткаруу комитети тарабынан 1920-жылдын март айында бекитилген.

Бүткүл союздук аткаруу комитетинин жобосунда Түркстан «түрк улутунун эмес», мында жашаган түркмөн, өзбек, кыргыздардын улуттук топторунун областтык бөлүнүшүнө, эномикалык жана жашоо шарттарына ылайык «РСФСР курамындагы Түркстан автоном республикасы» аталаары белгиленген.

Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик уюшулушу 1927-жылдын 24-март күнү аныкталган. Кыргыз АССРдеги облустук органдар, райондук уюшулуш менен жергиликтүү аткаруу комитеттердин ыйгарым укуктары аныкталган. Анын натыйжасында өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшү ыраатка салынып, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук жана алардын иштөө тартиби жөнгө келтирилген.

Кыргыз облустук Аткаруу комитетинин «Көчөдөгү бейбаштыкка каршы күрөшүү чаралары» аттуу токтомунун 1927-жылдын 24-март күнү жарыкка чыгышы, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан чуунун чыгышына себеп болгон. Токтомдо борбор шаарда «максатсыз ок атууга, кыйкырууга, түн ичинде ырдоого, айнек сындырууга, адамдарга тийишип, коркутууга, уют сөздөр менен сөгүнүүгө» тыюу салган. Бирок коомчулукту токтомдун мазмуну эмес, «Советская Киргизия» гезитинде жарыяланган тексттин автору кыжаалат кылган. Токтомдун соңуна кол койгон адамдын кызмат абалы «Предатель облисполкома Уразбеков» деп жаңылыш жазылып, ката кетирген корректор жеңил жаза менен кутулган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки өкмөттүн кол жоолуктай алмашышына жол ачкан жоосун 1998-жылдын 24-март күнү башталган. Буга чейин узак убакыт бою кыргыз өкмөтүн башкарып келген премьер-министр Апас Жумагулов бул күнү кызматынан алынган. А. Жумагулов башкарган өкмөттүн кызматтан кетирилишинен серепчилер ар кандай жорум жасашкан. Алардын бири - А. Жумагулов Кыргызстандагы эң таасирдүү жана акчалуу саясатчы экендигинен А. Акаев негизги атаандашын жарыштан чыгарды дешкен.

Башка серепчилер болсо, мындай жол аркылуу А. Акаев жеке башкаруу жолуна түштү деген бүтүм чыгарышкан. Айткандай эле, тажрыйбалуу жетекчини мамлекет башчынын мурдагы аспиранты, жумшак мүнөз К. Жумалиев алмаштырган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки биринчи калк каттоо 1999-жылдын 24-март күнү жүргүзүлгөн. Калк каттоо жыйынтыгы көрсөткөндөй Кыргыз Республикасында 4 млн 852 миң 400 адам жашагандыгы белгилүү болгон. Кыргызстан калкынын басымдуу көпчүлүгүн кыргыздар түзүп, экинчи орунга өзбектер келип, ал эми совет мезгилинде экинчи орунда турган орустар үчүнчү орунга түшкөн.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки бурулуш окуя 2005-жылдын 24-март күнү болгон. Чуулгандуу парламенттик шайлоодон чыккан жаңжал бийликтин баркын кетирип, миңдеген адамдардын толкуну акыры Бишкектеги Ак үйдү басып алуу менен жыйынтыкталган. Мамлекет башчысы өлкөнү таштап, өкмөт башчысынын отставкага кетишине байланыштуу Кыргызстанда кыска убакытка бийлик боштугу жаралган. Жападан жалгыз легитимдүү бийлик бутагы саналган парламент да эски жана жаңы шайланган Жогорку Кеңеш курамынан тургандыктан өлкөдө кош парламенттик кырдаал пайда болгон.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш татаал абалдын чыгып, парламент төрагалыгына Ишенбай Кадырбековду шайлаганга жетишкен. Укук коргоо органдарынын өзүнө жүктөлгөн милдетин аткарбай коюшуна байланыштуу шаарда талап-тоноо, укук бузуулар күч алган.

Оппозиция лидерлери 24-мартта жыйын куруп, анда Координациялык кеңеш уюшулган. Анын төрагалыгына Курманбек Бакиев дайындалып, Координациялык кеңеш алгачкы маселелер катары коопсуздук, тартипти сактоону карап, элдик кошуундар түзүлгөн.

Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Аскар Акаевдин өлкөдөн чыгып, ал эми өкмөт башчы Николай Танаевдин кызматтан кеткендигин билдирип, учурда өлкөдөгү жогорку бийлик Координациялык кеңешке берилээрин белгилеген.

Бүгүн Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечимине ылайык белгиленип келет. Айтылуу немис микробиологу Роберт Кох 1882-жылдын 24-март күнү кургак учуктун дартын тапкан.

Немис королу Генрих IV 1084-жылдын 24-март күнү түбөлүк шаар эсептелген Римди басып алган.

Юрий Долгорукий 1155-жылдын 24-мартында Киевге басып кирип, бийлик тагын ээлеген.

Павел I 1801-жылдын 24-мартында өлтүрүлүп, Орусиянын тагына император Александр I отурган.

Биринчи Олимпиада оюндары 1896-жылдын 24-март күнү Афина шаарында ачылган.

Орусиядагы падышалыкты күч менен кулатып бийликке келген Убактылуу өкмөттү 1917-жылдын 24-мартында Франция, Британия жана Италия тааныган.

Акгвардиячыларга жардамга келген британиялык экспедициялык корпус 1918-жылдын 24-март күнү Архангельскиге түшкөн.

Сталин атындагы Беломор-Балтика каналы 1933-жылдын 24-март күнү ачылган. Каналды курууга 100 миң чамалуу камактагы адамдар тартылышып, күн сайын алардын ичинен жети жүздөй киши өмүрү менен кош айтышып турган.

Франция капитуляциялангандан кийин генерал де Голл 1940-жылдын 24-мартында өлкөдөн чыгып, Лондонго келген. Бул жерден ал өлкөсү үчүн күйгөн бардык адамдарды нацисттик Германияга каршы күрөшүүгө чакырган. Коллаборационисттер генералдын чакырыгына каршы чыгышып, аны сотко беришкен. Аскер трибуналы сырттан эле генерал де Голльду өлүм жазасына тартып, генералдык чинден ажыратып, мүлкүн конфискациялаган өкүм чыгарган.

Англис армиясы биринчи жолу резиналык окторду 1970-жылдын 24-март күнкү Түндүк ирландиялыктардын Белфасттагы митингине каршы колдонгон.

Аргентинадагы кансыз төңкөрүш 1976-жылдын 24-март күнү жасалган. Төңкөрүшчүлөргө каршылык көрсөткөн жалгыз адам өлкө президенти, мурдагы бийчи Изабел Перон болгон. Ал камакка алынаарда колуна тапанча кармап төңкөрүшчүлөргө айбат кылган. Ошентип Аргентинада бийликке генерал Хорхе Рафаэл Видела баштаган аскердик хунта келген. Өлкөнүн солчул партиялары менен профсоюз уюмдары таратылып, журналист жана жогорку окуу жайдын окутуучуларынан турган интеллектуалдык катмардын өкүлдөрү камакка алынып, кийин алардын көбү дайынсыз жок кылынган.

Ирак аскерлери 1990-жылдын 24-март күнү Кувейтке киришкен.

НАТО өлкөлөрүнүн Югославияга каршы согуштук операциясы 1999-жылдын 24-март күнү башталган.
XS
SM
MD
LG