Фрунзе шаарынын чок ортосунда орун алган Борбордук Аткаруу комитеттин имаратын ар кандай кокустуктан сактоо максатында, 1928-жылдын 2-апрелинде мамлекеттик камсыздоого алынган. Кыргызстандагы эң ири имарат эсептелген өкмөт үйүнө бюджеттен 530 рубль 88 тыйын бөлүнгөн.
Кыргызстан советтик жазуучулар кошууну 1934-жылдын 2-апрелинде Басма үйүндө жыйын өткөрүшкөн. Жыйында адабият ийримдеринин жана комсомол активисттердин ишкердиги талкууланып, алардын саясий сабаттуулугу сыноого алынган. Жыйынга чакырылган жолдоштор саясий жана адабият тематикасы боюнча түзүлгөн 100 суроого жооп беришкен. Аталган суроонун токсонуна жооп бергендер баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
Кыргызстан өнөр жайынын флагманы аталган Кара-Балта кант заводунун курулушу 1935-жылдын бул күнү бүткөн. Завод курулушунда орун алган айрым өксүктүктөргө карабастан, өкмөттүк комиссия заводду ишке киргизген. Кыргыз Автоном Республикасынын биринчи катчысы Морис Белоцкий өнөр жай курулушун Кыргызстандагы лениндик-сталиндик саясаттын үзүрү катары баалаган.
Фрунзелик архитекторлор 1962-жылдын 2-апрелинде борбор шаарда курула турган кичи райондордун орун алышына байланышкан жыйын өткөрүшкөн. Жыйынга Москва, Ленинград, Новосибирск, Ташкент жана Дүйшөмбү шаарларынан атактуу архитекторлор катышып, Кыргызстандын ордо калаасынын курулуш принциби, жасалгаланыш жөрөлгөсү жөнүндө пикирлерин билдиришкен. Архитектекторлордун сунушуна ылайык борбор шаардын чыгыш тарабына 1000 гектарлык фабрика, завод, складдар үчүн «өнөр жай ишканалары орун алчу» жер камдашкан. Чыгыш промзонанын долбоорун даярдоо иши фрунзелик жана москвалык архитекторлорго жүктөлгөн.
Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетине караштуу партия тарыхынын Институту 1991-жылдын 2-апрелинде, Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетине караштуу коомдук-саясий изилдөө Институту болуп өзгөртүлгөн. Жардык Күлкү күнүнө туш келбесин деп бир күн кеч жарыяланганына карабастан, аталышы өзгөртүлгөн институт бардык коммунисттик мекемелердей эле жарым жылга жетпей ишин токтоткон.
Аталган институт жалаң Кыргызстан компартиясынын тарыхын изилдөө менен алпурушкан. Институт түздөн-түз Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетине баш ийип, партиянын коомдогу жетектөөчү ролун аныктоо үстүндө иштеген. Кыргызстан эгемендик алып, компартиянын иши токтотулгандан кийин бул институттун мааниси жоголгон.
2-апрель - Балдар адабиятынын эл аралык күнү. 1967-жылдын 2-апрелинде Балдар адабияты боюнча эл аралык кеңеш бул күндү белгилөө тууралуу чечим чыгарган. Эл аралык кеңеш Балдар адабиятынын белгилениш саамалыгын Ханс Кристиан Андерсендин туулган күнүнүн урматына ыроологон. Балдардын ажайып жазуучусу Ханс Кристиан Андерсен 1805-жылдын 2-апрелинде туулган. Жазуучу жомокторду кайра иштетип фольклор менен көркөм адабият ортосунда жаңы багыт ачкан. Мындан улам Ханс Кристиан Андерсен бүгүнкү күндө да эң көп окулган жазуучулардын көч башында турат.
2-апрель Беларус менен Орусия калктарынын биригүү күнү катары белгиленет. Орус президенти Борис Ельцин менен Александр Лукашенко 1996-жылдын бул күнү эки мамлекеттин бириши туурасындагы келишимге кол коюшкан.
Теңдешкис полководец Гай Юлий Цезарь б. з. ч. 47-жылдын 2-апрелинде понтий падышасы Фарнактын колун талкалап, чагылгандай согуш операциясын «Veni, vidi, vici» - «Келдим, көрдүм, жеңдим» деп түшүндүргөн.
Франция императору Наполеон Бонапарт 1810-жылдын 2-апрелинде Австрия императору Франц I кызы Мария Луизага үйлөнгөн. Наполеон Бонапарттын буга чейин мураскору жок экендигине байланыштуу, ал Жозефина Богарне менен ажырашып, 41 жаштагы император 20 жаштагы эрцгерцог айым менен баш кошкон.
Костромалык дыйкан Иван Сусанин жаңы ткка отурган 16 жаштагы падыша Михаил Фёдорович Романовдун өмүрүн сактап калуу максатында 1613-жылдын 2-апрелинде поляктардын колун токойго кептеген.
Бириккен Италиянын парламенти 1860-жылдын 2-апрелинде Турин шаарына чогулган.
Карл Маркстын кызы Лаура Маркс менен эл аралык жумушчу кыймылынын көрүнүктүү өкүлү Пол Лафаргдын үйлөнүү үлпөтү 1868-жылдын 2-апрелинде өткөн. Кийин эки жаш 1911-жылы өзүн-өзү өлтүрүшкөн.
Орус императору Александр II 1879-жылдын 2-апрелинде кол салуу жасалган. Террорчу Александр Константинович Соловьёв падышага 5 жолу тапанчадан ок атып, бир да жолу тийгизе ата алган эмес.
Орусиянын I Мамлекеттик думасына шайлоо 1906-жылдын 2-апрелинде өткөн.
Убактылуу өкмөт 1917-жылдын 2-апрелинде Орус империясынын аймагында улуттук жана диний чектөөнү жойгон.
Фолкленд (Мальвин) аралдарынан чыккан англо-аргентиналык куралдуу конфликт 1982-жылдын 2-апрелинде башталган. Согуштун чыгышына Фолкленд аралдарын эки тарап тең өзүнүн ээлиги катары кабыл алышы себеп болгон. Аргентиналык десант бул күнү аралга түшүп, мындагы чакан британиялык деңиз аскерлерин туткунга алышкан. Ошол замат Түштүк Америкага кубаттуу британиялык деңиз-аскер күчтөрү жиберилген.
Палестина улуттук кеңешинин Борбордук комитети 1989-жылдын 2-апрелинде Ясир Арафатты Палестинанын президенти кылып шайлаган.
Борис Ельцин менен Александр Лукашенко 1996-жылдын 2-апрелинде Эгемен республикалар биримдигин (Сообщества суверенных республик - ССР) куруу туурасында келишимге кол коюшкан.