Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

6-апрель: Тарых барактары


1972-жылдын 6-апрелинде Жердин жасалма спутниги «Космос-484» учурулган.
1972-жылдын 6-апрелинде Жердин жасалма спутниги «Космос-484» учурулган.

Кыргыз тарыхынын кайгылуу даталарынын бири 6-апрелге туш келет. Кыргыздын таанымал тарыхый инсаны, көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмери Шабдан Жантай уулу 1912-жылдын 6-апрелинде дүйнөдөн кайткан. Тунгуч кыргыз тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулунун жазганына караганда Шабдан Баатыр жума күнү түшкү намаз маалында үзүлгөн.

Падышалык бийликтин Шабдан Баатырдын балдарына айтылган көңүл айтуулары, алардын даража, деңгээли жана анын жаркын элесине арналган эскерүүлөр анын кыргыз тарыхындагы барандуу ордун көрсөтөт. Шабдан Баатыр кыргыз элинин биримдиги үчүн талыкпай күрөшкөн саясатчы болгон. Бишкек уездинин начальниги А. Талызиндин жазганына караганда, Шабдан Баатыр дайыма «кыргыздар бир уядагы аарыдай чогулуп жашашы керек» деп айтчу экен.

«Манас» эпосунун 1100 жылдык юбилейин белгилөө камылгасы Кыргызстан борборундагы илимий мекемелерде кызуу жүрүп, 1945-жылдын бул күндөрү мааракелик майрам планы тактала баштаган.

Кыргыз ССР компартиясынын 1991-жылдын 6-апрель күнкү Пленумунда кадрдык алмашуулар жүргөн. Советтер Союзу көз көрүнөө ыдырап жана убагында атагы таш жарган компартиянын баркы кетип жаткан учурду аңдабай калган Апсамат Масалиев Кыргыз ССР компартиясынын Борбордук комитетинин 1-катчылык кызматынан алынган.

Кыргызстандык коммунисттер абалды оңдойт деген ишеним менен анын ордуна Жумгалбек Аманбаевди шайлашкан. Ушул эле пленумдун чечими менен Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлангандыгына байланыштуу Медеткан Шеримкулов Кыргыз ССР КПнын БКнин катчылык кызматынан бошотулуп, партиялык бюродон чыгарылган.

Президент Аскар Акаевдин 1998-жылдын 6-апрелдеги жардыгына ылайык жердиги кыргызстандык космонавт Салижан Шариповго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген наам ыйгарылган.

Жогорку сот «Ар намыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун сот ишин 2005-жылдын бул күнү кайра карай баштаган. Убагында Феликс Куловдун кызматын кыянаттык менен пайдаланды деген сот жазасы, эми өзгөргөн жагдайга жараша Жогорку Соттун өкүмүнө ылайык жокко чыгарылган.

Бишкек өрткө каршы күрөшүү гарнизонунун жүзгө чукул өрт өчүргүчү 2006-жылдын бул күнү иш таштап, Жогорку Кеңештин алдына нааразылык митингге чыгышкан. Митингчилер тогуз ай берилбей калган тамак-ашка бөлүнчү акчанын өндүрүлүп берилишин талап кылышкан.

СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун 1930-хылдын бул күнкү чечимине ылайык Советтер Союзунун жогорку сыйлыктары эсептелген – “Ленин” менен “Кызыл Жылдыз” ордендери чыгарылган. “Ленин" орденинин биринчиси «Комсомольская правда» гезитине тапшырылса, ал эми «Кызыл Жылдыз» орденин биринчи болуп В. Блюхер алган.

Теңдешкис полководец Гай Юлий Цезарь баштаган армия б. з. ч. 45-жылдын 6-апрелинде Помпейдин аскерлерин Түндүк Африкада талкалаган. Согуш ийгилиги Цезарга 10 жылга Римдин диктатору болуп дайындалышына жол ачкан.

Франция менен согуш маалында англис королу Арстан жүрөк Ричард 1199-жылдын 6-апрелинде дүйнөдөн кайткан.

Петр I 1722-жылдын 6-апрелинде сакалга бир жыл үчүн 50 рубль көлөмүндө салык киргизген.

Айтылуу Помпей шаарынын урандысы 1748-жылдын 6-апрелинде ачылган.

Биринчи Олимпидалык оюндар 1896-жылдын бул күнү Грециянын Афина шаарында башталган. Олимпиадалык кыймылдын негиздөөчүсү Пьер де Кубертендин чакырыктарына ылайык, олимпиадалык оюндар тынчтык жана бейпилдик принциптерине таянган.

Айтылуу «Кодак» фотокамерасы биринчи жолу 1889-жылдын 6-апрелинде сатыкка түшкөн.

Орусия менен Осмон империясы ортосунда жетишилген келишимге ылайык Болгария 1909-жылдын 6-апрелинде мамлекеттик эгемендик алган.

Биринчи советтик массалык майрам 1919-жылдын 6-апрелинде Киев шаарында «Пролетардык маданият күнү» деген аталыш менен өткөн.

Ыраакы Чыгыш республикасынын Убактылуу өкмөтү 1920-жылдын 6-апрелинде курулган.

Италияда 1924-жылдын 6-апрелинде өткөн шайлоодо фашисттер толук жеңишке жетишкен.

Фашисттик аскерлер 1941-жылдын 6-апрелинде Югославия менен Грецияга кол салган.

Күн менен космостук кубулушту изилдөө максатында 1972-жылдын 6-апрелинде Жердин жасалма спутниги «Космос-484» учурулган.

Америкалык планеталар аралык автоматтык «Пионер-11» станциясы 1973-жылдын 6-апрелинде Сатурн планетасын карай багыт алган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG