Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

7-апрель: Тарых барактары


Америкалык аскерлер 2003-жылдын 7-апрелинде Багдадды ээлешкен.
Америкалык аскерлер 2003-жылдын 7-апрелинде Багдадды ээлешкен.

СССР Суу чарба Элдик комиссариатты 1940-жылдын 7-апрелинде Кыргыз ССР Советтик Элдик комиссариатынын төрагасы Төрөбай Кулатовго Чоң Чүй каналын куруу туурасында атайын кат менен кайрылган. Анда курулуш үчүн керектүү эмгек куралдары, алардын саны такталган. Ошол убактагы кыргыз бийлигинин ишкердиги жана Кыргызстан калкынын мээнеткечтиги менен Чоң Чүй каналы жалаң кол эмгегинин күчү аркылуу бүтүп, Чүй өрөөнүнүн 100 миң гектар жери суу менен камсыз болгон.

Италиялык монах жана белгилүү саякатчы Плано Карпини Рим папасынын тапшырмасы менен 1246-жылдын 7-апрелинде монгол өкүмдары Бату хандын ордосуна келген. Ал убакта Бату хандын ордосу азыркы Нижний Новгород шаарынын ордунда орун алып, Сарай шаары деп аталган. Ал Бату хандын ордосунан чыккандан кийин Сырдарыя менен Аму дарыяны бойлоп Кыргызстан жергесине келген. Саякатчынын эскерүүлөрүндө азыркы Кыргызстан аймагында ажайып жаратылыш жана таң калтырчу табият бар экендиги кабарланат.

Түркстан Советинин 1-Чөлкөмдүк курултайы 1917-жылдын 7-апрелинде ишин баштаган. Курултайда Түркстан аймагын советтештирүү жана анын ишин жандандыруу маселеси козголгон.

Кыргыз Республикасы менен Түркия өлкөсүнүн ортосундагы мамиленин өнүгүшүнө Түркиянын президенти Тургут Озалдын 1993-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанга жасаган сапары маанилүү роль ойногон. Мамлекет башчыларынын сүйлөшүү жыйынтыгына ылайык эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган келишимдерге кол коюлган. Тургут Озалдын иш сапары кыргыз коомчулугу эле эмес, Кыргызстан жетекчилиги үчүн зор таасир калтырган. Тургут Озалдын сапарынан кийин жаңы эгемендик жолуна түшкөн өлкүнүн болочок өнүгүү жолу мындан ары түркиялык багыт менен түздөлөөрү туурасында пикир айтыла баштаган.

7-апрель Бүткүл дүйнөлүк саламаттык күнү катары белгиленет. Бул күндү белгилөө чечими 1948-жылы кабыл алынып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Уставы жарыяланган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ар жылды медицинанын актуалдуу проблемасына арнап, адамзаттын көңүлүн буруу аракетин көрөт. Эгемен Кыргызстан да бул уюмдун мүчөсү жана саламаттык сактоо тармагы калыптанган өлкө катары Бүткүл дүйнөлүк Ден соолук күнүн салтанат менен белгилеп келет.

Совет мамлекетинде 1966-жылга чейин 7-апрель Геологдордун күнү катары белгиленип келген. Андан кийин Геологдордун күнүн белгилөө жөрөлгөсү апрель айынын биринчи жекшембисине которулган.

7-апрель фашизмдин курмандыгына чалынган жөөттөрдү эскерүүнүн эл аралык күнү.

Европадагы эң эски жана биринчи славян жогорку окуу жайларынын бири эсептелген Прагадагы Карл университети 1348-жылдын 7-апрель күнү негизделген.

Иммануил Канттын «Метафизиканын нравалык негизи» аттуу айтылуу эмгеги 1785-жылдын 7-апрелинде жарык көргөн.

Франция мамлекети 1700-жылдын 7-апрелинде «Кызыл китепти» жарыялаган. «Кызыл китепте» Людовик XVI маалында казынадан кытылган каражат 228 миллион франкты түзгөндүгү маалымдалган.

Франция мамлекети 1795-жылдын 7-апрелинде узундук өлчөмү катары метрди кабыл алган. Кийин метрикалык система дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө жайылган.

«Санкт-Петербургкие коммерческие ведомости» маалымдоо каражаты 1803-жылдын 7-апрелинде «темир жол» деген терминди колдонгон. Орусияда буга чейин ал «чугун жолу» деп аталып келген.

Советтер Союзу эмгек лагерлер системасын кеңейтүү максатында 1930-жылдын 7-апрелинде аларды ОГПУга караштуу Башкы лагерь башкармалыгына (ГУЛАГ) кошуу туурасында жардык жарыяланган.

Америкалык жоокерлер 1945-жылдын 7-апрелинде Мюлхаузендин түштүк тарабындагы туз кени чыкчу үңкүрлөрдөн герман империялык банкына тиешелүү алтын запасын табышкан. Нацисттик бийлик үңкүрлөргө 100 тонна уютулган алтын, 3 млрд. немис маркасын, 2 млн. америкалык доллар, 100 млн. франк, 110 миң англис фунтун катышкан.

Француз социалист-утописти Шарл Фурье 1772-жылдын 7-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Анын «Бүткүл ааламдык биримдик теориясы» марксисттик окууга жолдомо болгон.

РСФСР курамындагы Кёнигсберг облусу 1946-жылдын 7-апрелинде түзүлгөн.

Суу астында сүзүүчү «Комсомолец» кемеси 1989-жылдын 7-апрелинде Норвегия көлүнө чөккөн.

Америкалык аскерлер 2003-жылдын 7-апрелинде Багдадды ээлешкен.
XS
SM
MD
LG