Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

10-апрель: Тарых барактары


Царицын шаары 1925-жылдын 10-апрелинде Сталинград болуп өзгөртүлгөн.
Царицын шаары 1925-жылдын 10-апрелинде Сталинград болуп өзгөртүлгөн.

Коммунисттик партия үчүн 1990-жылдын башталышы оор сыноо мезгили болгону жалпыга маалым. Горбачев убагындагы айкындык айдыңы менен Совет өлкөсүндөгү Коммунисттик партиянын мамлекет системасындагы орду талкууланып, ар түркүн мазмундагы сын пикир айтылып, партиялык диктатты жою туурасында кескин ойлор айтылып да, маселе кабыргасынан коюлуп да жатты.

Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин кезектеги Пленуму 10-апрель күнү ишин улантып, партиянын биринчи катчысы А. Масалиев коммунисттердин башын бириктирүү жана Конституция, партия Уставына өзгөртүү киргизүү туурасында доклад жасаган.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясы 1990-жылдын 10-апрель күнү ишин баштаган. Сессияда кыргыз калкынын мамлекет куруу салтына чиркөө болуп келген жаңылыштыктарды түздөө аракети көрүлгөн. Депуттардын чечимине ылайык, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагалыгына Абсамат Масалиев, ал эми Министрлер кеңешинин төрагалыгына Апас Жумагулов шайланган.

Г. Нуров, П. Балтин, Ж. Самаганов «Космополитизм и рецидивы буржуазного национализма в работе Т. Саманчина» деген макаласы «Советская Киргизия» гезитинин 1949-жылдын 10-апрель күнкү санына жарыяланган. Макалада Тазабек Саманчиндин «Манас» дастанын даңазалаган, манасчыларды изилдеген эмгектери кескин сынга алынган. Партиялык сын жаргылчагынан кийин буга чейин үзүрлүү эмгектенип, мазмундуу чыгармаларды жараткан Т. Саманчиндин ишине бөгөт коюлган жана андан кийин ал изилдөөчүлүк шугулдануусун дээрлик токтоткон.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн 2200 жылдыгына багышталган туу көтөрүү салтанаты 2003-жылдын 10-апрелинде өткөн.

Чуулгандуу 2005-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстандын саясий турмушу шакардай кайнап турду. Бишкек шаарынын туш тарабында жер басып алуу өнөкөтү күч алып, “кечээ тигил жер, бүгүн бул жерлер тартылып алыныптыр” деген согуш билдирүүсүндөй кабарлар түшүп турган.

Саясий кымгууттук маалында адегенде карапайым тургун жапа тарткан. Бишкектин айланасында орун алган жеке менчик ээлери үчүн алеки заматта мүлкүнөн айрылуу коркунучу жаралган. Калктын кызыкчылыгын коргоого батынган айтылуу каскадер Үсөн Кудайбергенов 2005-жылдын 10-апрелинде белгисиз адамдар тарабынан үйүндө атылып өлтүрүлгөн.

Англияда Автордук укукту коргоо туурасындагы дүйнөдөгү биринчи мыйзам 1710-жылдын 10-апрелинде кабыл алынган.

Америкалык Уолтер Хант 1849-жылдын 10-апрель күнү төөнөгүчтү патенттеген. Практикалык мааниси зор тапкычтык Уолтер Ханттын адамдык сапатына байланыштуу жасалган. Таанышынан алган 15 долларды кайтаруу үчүн колу жөндөмдүү Уолтер Хант жез зымдан төөнөгүч жасай койгон. Төөнөгүчтүн практикалык колдонуш тармагын туйган Уолтер дароо аны патенттеп, ал үчүн 400 доллар алган.

Дүркүрөп өнүгүп бараткан ишкелигин археологияга алмаштырган 48 жаштагы Генрих Шлиман 1870-жылдын 10-апрелинде Трояны казууга киришкен. Троя шаары туурасында Гомердин көөнөргүз эпосунда эскерилип, ал эзелтеден окумуштуулардын көңүлүн буруп келген.

Канадалык полиция 1875-жылдын 10-апрель күнү өлкөнүн батыш бөлүгүндө көзөмөлдөөчү бекет ачууга уруксат алышкан. Кийин ал өсүп отуруп азыркы Калгари шаарына айланган.

Пётр Столыпин 1907-жылдын 10-апрель күнү Мамлекеттик Думага жер реформасынын долбоорун сунуш кылган.

Генуэз конференциясы 1922-жылдын 10-апрель күнү ишин баштаган.

Царицын шаары 1925-жылдын 10-апрелинде Сталинград болуп өзгөртүлгөн. Советтер Союзунун тарыхында тирүү адамдын ысмы менен шаарларды атоо салты ушул мезгилден тарта киргизилген. И. В. Сталиндин өз убагында Царицын шаарынын партиялык көзөмөлдөөчү катары эмгектениши ага шаар аталышын өзгөртүүгө формалдуу укук берген.

Исландия 1940-жылдын 10-апрель күнү Даниядан бөлүнүп чыккан.
XS
SM
MD
LG