Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

18-апрель: Тарых барактары


В. И. Ленин
В. И. Ленин

Кыргызстандын түштүгүндө 1874-жылдын бул күндөрү Кокон хандыгына каршы козголоң чыккан. Козголоңчулар Түркстан генерал-губернатору Кауфмандын мурдагы жардамчысы, кыргызча түшүнгөн Жоробек деген адамга кат менен кайрылышкан. Катта алар Кокон ханы Кудаярдын көрсөткөн залимдиги жана кыргыздарды казыкка орноткон мыкаачылыгы белгиленип, 200 миң адамдын Орус империясынын букаралыгына кабыл алыныш тилеги айтылган.

Орус империясынын Мамлекеттик кеңеши 1886-жылдын бул күнү Алыскы Чыгыш жана Түркстан аймагына жер которгон адамдарга берилчү акча каражатынын көлөмүн аныктаган. Убактылуу жободо жол кире, чарба күтүүгө сарпталчу чыгым жана жыгач материалдар үчүн акча каражат бөлүү маселеси каралган.

Бишкек шаарында 2004-жылдын бул күнү «Майлы-Суудагы уран калдыктарын коопсуздандырууга» арналган жыйын ишин уланткан. Кыргызстан, Германия жана Дүйнөлүк банк менен МАГАТЭнин өкүлдөрү Майлы-Суудагы жагдайды талкуулашып, уран калдыктары көмүлгөн жайларды кошумча жабдуу үчүн акча каражат бөлүү маселесин карашкан.

18-апрель Тарыхый эстеликтер жана өрнөктүү жайлардын эл аралык күнү. Аны белгилөө чечими 1983-жылы эстеликтерди жана өрнөктүү жайларды коргоо боюнча Эл аралык Кеңеш ассамблеясында кабыл алынган. Кыргызстанда да тарыхый эстеликтерге бай өлкө катары бул күнгө маани берип белгиленет жана көңүл буруп коргой турган - Манастын күмбөзү, Бурана, Өзгөн минареттери, Таш Рабат сыяктуу тарыхый эстеликтер менен өрнөктүү жайлар арбын орун алган.

Мартин Лютердин иши 1521-жылдын 18-апрелде Вормсс Конгрессинде карала баштаган.

Индиядагы Улуу Монгол династиясынын өкүмдары Аурангзеб 1669-жылдын 18-апрель күнү индуисттик храмдарды жер менен жексен кылууга буйрук берген.

Василий Яковлевич Тобольск шаарына курган типографиясы 1789-жылдын 18-апрель күнү салтанат менен ачылган. Тобольск шаар башчысы А. В. Алябьевдин айтымында, типография орус диалектин, жатык тил менен жайылта турган милдетти көздөгөн. Ошентип В. А. Корнильевдин типографиясы Сибирдеги биринчи басмакана болуп калган.

Англис парламенти 1791-жылдын 18-апрель күнү африкалык колонияларда кулчулукту жоюуга каршы чыккан.

Америкалык Р. Хаус аттуу адам 1846-жылдын 18-апрель күнү телеграфтык аппаратты патенттеген.

Америка-Мексика согушунун чечүүчү кармашы 1847-жылдын 18-апрель күнү Серро-Гордо жергесинде өткөн.

Азиядагы биринчи темир жол (Бомбей—Танна, 36 км) 1853-жылдын 18-апрель күнү колдонууга берилген.

Кылмышкердин күнөөсүн аныктоо үчүн дактилоскопиялык ыкма биринчи жолу 1902-жылдын 18-апрелинде Данияда колдонулган.

Ватикан 1909-жылдын 18-апрель күнү Жанна д’Аркты каннондоштурган.

Ф. Э. Дзержинскийдин демилгеси менен 1923-жылдын 18-апрель күнү «Динамо» Спорттук коому уюшулган.

Радио сүйүүчүлөрдүн Эл аралык бирикмеси 1925-жылдын 18-апрель күнү курулган.

СССР Советинин IV съезди 1927-жылдын 18-апрелинде ишин баштаган.

Чан Кай-ши 1927-жылдын 18-апрелинде Нанкин шаарында Улуттук өкмөт курган.

Максим Горький «Правда» гезитинин 1928-жылдын 18-апрель күнкү санына джазды «семиздердин музыкасы» деген.

Немистик Мессершмитт 262 учагы 1941-жылдын 18-апрель күнү абага көтөрүлгөн.

Советтик 1-Украин фронту 1945-жылы немистик-фашисттерди кууп, 18-апрелде Шпрее суусунан айыгышкан салгылаш менен кечип өтүшкөн.

Женева шаарында 1946-жылдын бул күнү Улуттар Лигасын жоюу чечими кабыл алынган. Улууттар Лигасы буга чейин эл аралык мамиле жана дүйнөлүк саясатты жөнгө салган уюмдун милдетин аткарып келген.

Ирландия 1949-жылдын 18-апрель күнү Британдык биримдиктен чыгып, республикалык макам алган.

Полковник Гамал Абдел Насер 1954-жылдын 18-апрелинде Египеттин премьер-министри жана аскер губернатору болуп калган.

Азия жана Африкадагы 29 мамлекеттердин өкмөт башчыларынын башын бириктирген Бандунг конференциясы 1955-жылдын 18-апрель күнү ишин баштаган.

Дипломатиялык алаканы жөнгө салган Вена конвенциясына 1961-жылдын 18-апрелинде кол коюлган.

Красноярск жасалма көлүнүн курулушу 1967-жылдын 18-апрель күнү бүткөн.

В. И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына деп Киев шаарында салынган Украина сарайынын курулушу 1970-жылдын 18-апрелинде бүткөн.

Зимбабве мамлкетинин (мурдагы Түштүк Родезия) эгемендик алганынын экинчи жылдыгына байланыштуу 1982-жылдын 18-апрель күнү Солсбери шаарынын аталышы Хараре болуп өзгөртүлгөн.
XS
SM
MD
LG