Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

20-апрель: Тарых барактары


Адольф Гитлер 1889-жылдын 20-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
Адольф Гитлер 1889-жылдын 20-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Айрым тарыхый маалыматтарга караганда 1868-жылдын 20-апрель күнү теңдешкис манасчы Сагымбай Орозбак уулу жарык дүйнөгө келген. Ал Ысык-Көлдүн түндүк тарабындагы Сарой жергесинде көз жарып, 16 жашынан тарта “Манас” айта баштаган.

Сагымбай Орозбак уулу манасчылардын акыркы муунуна кирет жана анын оозунан дастандын биринчи бөлүгү «Манас» гана жазылып алынган. Замандаштарын айтымында, өзүн «семетейчи» деп эсептеген жана ал «Семетей» дастанын келиштире айткан экен. Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда «Манас» эпосун жазуу иши 1922-жылы башталып, манасчынын ден соолугу кескин начарлашына байланыштуу дастанды кагазга түшүрүү 1926-жылы токтотулган.

Кыргызстан борборунун үлгүлүү шаарга айланып, транспорт байланышынын өнүгүшүнө 1940-жылдын 20-апрелинде ишке киргизилген “Фрунзе” асфальт-бетон заводу маанилүү роль ойногон. Заводдун биринчи продукциясы «Ала-Тоо» кинотеатрынын полун асфальттоого пайдаланылган. Фрунзе асфальт-бетон заводунан чыгарылган продукция борбор шаардын көчөлөрүнө, бактарга төшөлүп, ал түгүл кийин республиканын жер-жерлерин байланыштырган унаа жолдордун салынышына колдонула баштаган.

Кыргызстан мамлекеттик курулуш башкармалыгынын башкы архитектору В. Тычинский менен архитекторолор Союзунун төрагасы Е. Писарскийлер 1964-жылдын 20-апрелинде борбор шаардын курулуш маселесин түп тамырынан өзгөртүү сунушун киргизишкен. Алардын пикирине ылайык, шаар ортосунан өткөн темир жол шаарды экиге бөлүп, анын көркүн эле бузбастан инфраструктуралык өнүгүшүнө кедерге келтирээри белгиленген. Архитекторлор аталган кемчиликти жоюу үчүн темир жол астынан казылган жол салууну сунуш кылышкан.

Кыргыз ССРинин жаңы Конституциясы 1978-жылдын 20-апрелинде кабыл алынган. Конституцияда партиянын советтик коомду жетектөөчү жана багыттоочу ролу аныкталып, мамлекеттик саясий түзүлүш менен коомдук уюмдар туурасында жаңы беренелер киргизилген. Анткен менен бардык советтик мыйзамдардай эле жаңы редакциядагы Конституция да коомдон жана реалдуу турмуштан бөлүнгөн маани жана мазмуну менен айырмаланган.

Ташкент шаарында 1992-жылы Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кол койгон Шериктеш өлкөлөрдүн коллективдүү коопсуздук келишими 20-апрелде күчүнө кирген.

Француз изилдөөчүсү Жак Картье жетектеген биринчи экспедиция 1534-жылдын 20-апрель күнү Канадага сапар алган.

Англия мамлекетинин Протектору лорд Оливер Кромвель 1653-жылдын 20-апрелинде англис парламентин тараткан.

Франция мамлекети 1792-жылдын 20-апрелинде Австрияга согуш жарыялаган.

Орусияда жез акчалар 1656-жылдын 20-апрелинде жүгүртүүгө киргизилген.

Орус падышалык бийлиги 1843-жылдын 20-апрелинде Сибирге калкты жайгаштыруу жардыгын кабыл алган. Анын натыйжасында, миңдеген орус дыйкандары борбордук аймактардан чыгышка жер которушуп, жаңы аймактарды өздөштүрүүгө киришкен.

Национал-социализм идеологиясынын жана Үчүнчү рейхтин негиз салуучусу Адольф Гитлер 1889-жылдын 20-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Болочок фюрердин атасы Алоис Гитлер бажы кызматында иштеген. Никесиз туулган Адольфтун атасы 1876-жылга чейин энесинин Шикльгрубер фамилиясын алып жүргөн. Кийин ал өгөй атасы Гитлердин фамилиясына которулган.

Жапониядагы биринчи почта байланышы 1871-жылдын 20-апрелинде Токио менен Осако ортосунда курулган.

Москва консерваториясынын Чоң залы 1901-жылдын 20-апрелинде ачылган.

Пьер жана Марие Кюрилер 1902-жылдын 20-апрелинде таза радийди алууга жетишкен.

Галлея кометасы 1910-жылдын 20-апрелинде Жерге жакын учкан.

Түркия Республикасынын Конституциясы 1924-жылдын 20-апрелинде кабыл алынган.

Америка Кошмо Штаттары 1940-жылдын 20-апрелинде биринчи электрондук микроскоп жасалган. Көлөмү 3 мертдик микроскоптун салмагы жарым тоннага жетип, ал 100 миң эсеге чоңойтуп көрсөтө алган. Уникалдуу техниканы доктор Владимир Зворыкин жасаган.

Улуу Ата мекендик согуштун бурулуш этаптарынын бири эсептелген Москва кашындагы салгылаш 1942-жылдын 20-апрелинде соңуна чыккан. Москва үчүн согуш жарым жылдан ашык уланып, ал Гитлердин «Тайфун» операциясын таш каптырган. Москва үчүн согушта кыргызстандык 28 гвардиячы да катышып, гитлердик Германиянын жеңилишине өз салымын кошушкан.

Тынчтыкты жактоочулардын I Бүткүл дүйнөлүк конгресси 1949-жылдын 20-апрелинде ишин баштаган.

Париж шаарына чогулган он төрт өлкөнүн улуттук волейбол федерациялары 1949-жылдын 20-апрель күнү Эл аралык волейбол федерациясын уюштурушкан.

Пьер жана Марие Кюрилердин сөөгү 1995-жылдын 20-апрелинде Пантеонго алынган.
XS
SM
MD
LG