Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

25-апрель: Тарых барактары


Орусиянын биринчи президенти Б. Н. Ельциндин сөөгү 2007-жылдын 25-апрелинде жерге берилген.
Орусиянын биринчи президенти Б. Н. Ельциндин сөөгү 2007-жылдын 25-апрелинде жерге берилген.

Генерал М. Д. Скобелев менен Абдылдабек баштаган кыргыз козголоңчуларынын ортосунда айыгышкан күрөш 1876-жылдын 25-апрелинде башталган. Абдылдабектин 1500 чамалуу жигити Жаңылык капчыгайындагы ашууну ээлешип, генерал М. Д. Скобелев аскерин эки топко бөлүп козголоңчуларга чабуул койгон.

Биринчи топту генерал өзү баштап Терек-даван менен жүрүш жасап, экинчи топту капитан М. Е. Ионов жетектеп, алар Будалык капчыгайы аркылуу Жапалакка чыгышкан. Генерал М. Д. Скобелевге козголоңчулардын катуу каршылыгы күтүүсүз жаңылык болгон жана орус отряды жоготууларга учураган.

Айтылуу Улугбек мырзанын элчилери 1420-жылдын бул күнү Моголистандын ээлигине келишкен жана мында бийлик алмашып, баш аламандык башталганына күбө болушкан. Элчилердин кабарлоосуна караганда, Увайс хан Шир-Мухаммадга каршы күрөш баштап, улус экиге бөлүнгөн.

Почта-телеграф конторасынын начальниги М. Чистяков 1912-жылдын бул күнү Кемел Шабдановго ыраазычылык кат менен кайрылган. Анын жазганына караганда, Кемел Шабданов атасына көрсөткөн ызааты үчүн конторага император Николай II портретин белекке берген.

Антитеррордук күчтөрдүн Кыргызстанда өткөрүлгөн машыгуусу 2002-жылдын 25-апрелинде соңуна чыккан.

Ташкент шаарында орун алган 1966-жылкы жер титирөөнүн күчү 7,5 баллга жеткен. Жер титирөөдөн эски шаар жабыр тартып, нечендеген үйлөр кыйраган. Ташкент шаарын калыбына келтирүү чарасы Союздук программага киргизилип, турак-жайларды куруу ишине Кыргызстан да тартылган болчу. Анын натыйжасында Ташкентте Кыргызстан микро-району курулган.

Жөөттөр 25-апрелди Каармандык жана кайгы күнү катары белгилейт. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында нацисттердин колунан каза болгон алты миллион жөөттүн арбагына бул күнү - Холокост курмандыктары эскерилет.

Князь Юрий Дмитриевич 1433-жылдын 25-апрелинде Клязьма үчүн салгылашта Василий II колун талкалап, Москвадагы Улуу княздык такты ээлеген.

Ригадагы 1498-жылдын 25-апрелинде негизделген «Кара баштуулардын биримдиги» шаар турмушуна олуттуу таасир тийгизип турган. Биримдикке бойдок немис көпөстөрү кабыл алынып, алар денеси кара ыйык Маврикийди туу тутушкан. Мындан улам алар биримдиктин аталышын ыйык Маврикийдин түсүнө байланыштырышкан.

Нидерланддык флот Гибралтар кысыгы үчүн салгылашта 1607-жылдын 25-апрелинде испандык армаданы талкалаган.

Даниэл Дефонун Робинзон Крузо туурасында жазган романынын биринчи басылышы 1719-жылдын 25-апрелинде в Лондон шаарында чыккан.

Гильотинанын Францияда биринчи жолу жаза инструменти катары колдонушу 1792-жылдын 25-апрелинде болгон.

Мекенинде куугунтукка алынган жазуучу Жорж Байрон 1816-жылдын 25-апрелинде Англиядан чыгып кеткен.

Англис аскерлери 1839-жылдын 25-апрелинде Кандагарга кирген.

Француз инженери жана дипломат Фердинанд Лессепс жетектеген Порт-Саиддеги Суэцк каналынын курулушу 1859-жылдын 25-апрелинде башталган.

Дүйнөдөгү биринчи унаа үчүн номур 1901-жылдын 25-апрелинде Нью-Йорк штатында колдонууга киргизилген.

РСДРПнын III съезди 1905-жылдын 25-апрелинде Лондон шаарында ишин баштаган.

Дяйнөнүн 50 өлкөсүнүнү өкүлчүлүгү катышкан Сан-Францискодогу эл аралык конференция 1945-жылдын 25-апрелинде ишин баштап, анда Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы иштелип чыккан.

Советтик жана америкалык аскерлер 1945-жылдын 25-апрелинде Элбада жолугушкан.

Америкалык «Белл телефон» компаниясынын изилдөө борбору 1954-жылдын 25-апрелинде күн батареясын чыгаргандыгын билдирген.

Советтер Союзунда 1940-жылы киргизилген ишке келбей койгондугу үчүн сот жообуна тартылчу жоопкерчилик 1956-жылдын 25-апрелинде алынып салынган.

Советтер Союзунун лидери Ю. В. Андропов 1983-жылдын 25-апрелинде америкалык мектеп окуучусу Саманта Смитти совет өлкөсүнө чакырган.

Орусияда 1993-жылдын 25-апрелинде өткөн референдумда калктын басымдуу көпчүлүгү Б. Н. Ельцин жүргүзгөн саясатты колдой (58,7 %) тургандыгын билдиришкен. Ошол эле убакта шайлоочулар Жогорку Кеңештин таратылышына каршы добуш берген.

Болгария менен Румыния мамлекеттери 2005-жылдын 25-апрелинде Европалык биримдикке кирүү туурасында келишимге кол коюшкан.

Орусиянын биринчи президенти Б. Н. Ельциндин сөөгү 2007-жылдын 25-апрелинде жерге берилген.
XS
SM
MD
LG