Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

10-май: Тарых барактары


Бул күнү Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасын кабыл алган.
Бул күнү Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасын кабыл алган.

Абу-л-фейс Андуган 1421-жылдын 10-майында Анжыяндан келип Моголистандагы жагдай туурасында кабар берген. Бул убакта азыркы Кыргызстандын аймагында саясий күрөш күчөп, согуш аракеттери жүрүп турган.

Пишпек жана Пишпек уездинин чукул чакырылган жыйыны 1918-жылдын бул күнү өткөн. Жыйында нан тартыштыгына карабастан, бардар бүлөөлөр бекер нан ала турган карточкаларды колдонуп жаткандыгы айтылат. Мындан тышкары айрыкча жакыр жана муктаж адамдарга 50 рубль акчалай насыя берүү туурасында чечим чыккан.

В. И. Ленин 1920-жылдын 10-майында Эмгек жана Коргоо Советинин «Кызыл Армия катарына орус эмес, калк өкүлдөрүн чакыруу туурасындагы» Токтомго кол койгон. Токтомдо аскерге чакырылган адамдар РСФСРдин жарандары сыяктуу жеңилдиктерди колдонууга укук алышкан.

Кыргыз тилинин өнүгүшү жана анын терминологиялык аппаратына байланышкан жыйын 1927-жылдын 10-май күнү Фрунзе шаарында өткөн. Жыйынды Академиялык борбор жана Жаңы Кыргыз алфавит президиуму уюштуруп, ага өкмөт мүчөлөрү менен борбор шаардын маданият кызматкерлери чакырылган. Жыйында айтылуу агартуучу Касым Тыныстанов «Кыргыз тилине чет элдик терминдердин тийгизген таасири» темасында билдирүү жасап, аларды этият пайдалануу зарылчылыгын белгилеген.

Чоң Чүй каналынын курулушу 1940-жылдын 10-май күнү башталган. Чоң Чүй каналынын курулуш долбоору СССР Министрлер кеңешинде каралып, партия борбордук комитетинде жактырылган. Каналдын курулуш максаты Кыргызстан жана Казакстандын түштүк аймагын сугат суу менен камсыз кылып, айыл чарба түшүмдүүлүгүн арттырууну көздөгөн.

Эгемен кыргыз өлкөсү үчүн 1993-жылдын 10-майы тагдыр чече турган датага айланган. Бул күнү Кыргызстан Шериктештик өлкөлөр арасынан биринчи болуп өзүнүн улуттук валютасын кабыл алган. Кыргыз валютасы «сом» аталып, ал адегенде 1, 5, 20 сомдук банкнот түрүндө чыгарылган жана 1, 10, 50 тыйындык кагаз акчалар колдонууга киргизилген. Кыргыз акчасы башында 1 америка доллары 4 сомго бааланып, сомдун сатып алчу наркы жогору турган. Адистердин айтымында, улуттук валютанын кабыл алынышы эгемен өлкө үчүн революциялык тагдыр чече турган кадам болгон.

Кыргызстан сотторунун кезексиз чакырылган курултайы 2005-жылдын 10-майында өткөн. Курултайда сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сот төрагасы Курманбек Осмонов соттордун жыйынын өткөрүүгө бийлик бут тоскондугун белгилеп, апрель айынын 25деги кызматтан кетүү үчүн жазган арызын кайра алгандыгын билдирген.

Христофор Колумб 1503-жылдын 10-май күнү Кайман аралдарын ачкан.

Англиядагы кагаз акчалар 1811-жылдын 10-майында жүгүртүүгө киргизилген.

Император Николай I 1833-жылдын 10-май күнү чыгармачылыкты колдоо Коомунун уставын бекиткен.

Канаданын борбору 1844-жылдын 10-май күнү Кингстондон Монреалга көчүрүлгөн.

П. Столыпин 1907-жылдын 10-май күнү өткөн Мамлекеттик Думанын жыйынында «Бизге улуу кубулуштар керек, бизге улуу Россия керек!» деген учкул сөзүн айткан.

Ленинграддагы «Коминтерн» заводу 1932-жылдын 10-май күнү биринчи жолу 20 советтик телевизорлорду чыгарган.

Национал-социалисттик студенттер менен эсэсчилер 1933-жылдын 10-май күнү Берлин шаарында китептерди өрттөшкөн.

Немистик аскерлер 1940-жылдын 10-май күнү англис, француз, голланддык жана бельгиялык аскерлерден куралан союздаштарга каршы биринчи жолу блицкриг чабуулун ийгиликтүү колдонгон.

Советтер Союзунда 1956-жылдын 10-май күнү жогорку класстын окуучуларынан акы алып окутууну токтоткон.

Иерусалим шаарында 1965-жылдын 10-май күнү Израил музейи ачылган.

Советтер Союзу 1967-жылдын 10-май күнү Израил менен дипломатиялык мамилесин үзгөн.

Одесса шаарында 1978-жылдын 10-май күнү «Жолугушчу жерди өзгөртүүгө болбойт» аттуу фильмди тартуу башталган.

Европадагы Этна жанар тоосу 2008-жылдын 10-май күнү активдешкен.
XS
SM
MD
LG