Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

16-май: Тарых барактары


АКШда «Оскар» сыйлыгы биринчи жолу 1929-жылдын 16-май күнү тапшырылган.
АКШда «Оскар» сыйлыгы биринчи жолу 1929-жылдын 16-май күнү тапшырылган.

Чүй өрөөнүн 1878-жылдын бул күндөрү сел каптап, ал уезддин борбору Токмокко зор зыян алып келген. Колониалдык бийликтин чечимине ылайык, жабыр тарткан Токмок шаарынан уезддик башкаруу «убактылуу» Пишпекке көчүрүлүп келген. Кийинки тарых өнүгүүсү көрсөткөндөй Токмок борборго айлана алган эмес жана Бишкектин географиялык ыңгайы анын өлкө борбору болуп калышына бирден бир себепкер болгон.

Империялык аскер адамы Филипп Назаров 1813-жылдын бул күнү Кокон ханыдыгына сапар алган. Ал хандыкка баалуу белек-бечкек алып, расмий мааниде ал кокондуктар менен байланыш орнотуу миледетин көздөгөн. Ошол эле убакта орус бийлиги Ф. Назаровдун элчилиги аркылуу хандык туурасында чалгын үчүн керектүү материал топтоону каалаган.

Фрунзе шаардык автобазасы 1946-жылдын бул күндөрү борбордо токтоого мажбур болгон шаардык жүргүнчүлөрдү ташууну кайра калыбына келтирген. Шаар көчөлөрүндө «ЗИС-16» маркасындагы төрт гана автобус каттап, алар күнүнө 5 миң жүргүнчү ташуу менен чектелген.

Кыргыз телеграф агенттиги, Фрунзе шаарынын айрым ишканалары 1964-жылдын бул күнү Египеттеги Асуан плотинасынын курулушуна тартылышат деген кабар тараткан. Борбор шаардагы контролдук-ченөө ишканасы плотина үчүн бийиктик өлчөгүч аспапты, Фрунзе ремонтоо заводу универсалдык курчуткуч станокторду жибермек болгон.

«Мурзилка» журналынын биринчи саны 1924-жылдын бул күнү жарык көргөн. Журнал жаш жеткинчектерге арналып, анын беттеринде өспүрүмдүн жетилишине жана билим алуу үчүн керектүү материалдар жарыяланып турган. Журнал бүткүл союз боюнча чыгарылып, ал кыргызстандык окуурмандардын да колуна тийип, миңдеген жеткинчектердин сүймөнчүк журналына айланган.

Булгар хандыгы 922-жылдын 16-май күнү ислам динин расмий түрдө мамлекеттик дин катары кабыл алган.

Орусиянын Кытайга жасаган элчилигин Сибирь казагы Иван Петлин жетектеп, 1619-жылдын 16-май күнү элчилик Томск шаарына келген.

Богдан Хмельницкий жетектеген аскер топ 1648-жылдын 16-май күнү Речь Посполития колун Корсунь алдындагы салгылашта талкалаган.

Франсуа Вольтер сатиралык чыгармалары үчүн 1717-жылдын 16-майында Бастилияга камакка алынган.

Елизавета Петровнанын 1744-жылдын 16-май күнкү жардыгына жараша Орусияда өлүм жазасына тыюу салынган.

Екатерина II 1768-жылдын 16-майында болочокто «Медный всадник» атала турган Пётр I эстелигин орнотуу тууралуу жардык чыгарган.

Наполеон I 1804-жылдын 16-майында Франциянын императору атанган.

Карл Маркс 1849-жылдын 16-май күнү Германиянын тышына чыгарылган.

Орусия менен Кытай мамлекеттери 1858-жылдын 16-майында Айгунь тынчтык келишимине кол коюшкан. Келишимге ылайык эки өлкө ортосундагы чек ара маселеси такталган. Айгунь тынчтык келишиминде каралгандай Аргунь суусунан берки Амур дарыясынын сол жээги Орусиянын ээлигине өткөн. Амур дарыясынын Уссуриге чейинки оң жээги Кытайдын аймагы деп кабыл алынган.

Париж коммунасынын 1870-жылдын 16-май күнкү чечимине ылайык милитаризм жана баскынчыл согуштун символу катары кабыл алынган Вандом колоннасы талкаланган.

Британдык Колумбия 1871-жылдын 16-майында Канаданын алтынчы провинциясы катары мамлекеттин курамына алынган.

Жанна д’Арк 1920-жылдын 16-майында католиктик чиркөө тарабынан ыйыктардын катарына кошулган.

АКШда «Оскар» сыйлыгы биринчи жолу 1929-жылдын 16-май күнү тапшырылган.

Америка Кошмо Штаттары тарабынан Жапониянын шаарларына ташталган өзөктүк бомбалары 1930-жылдын 16-май күнү Канада мамлекетинин Онтарио провинциясынан казыла баштаган уран рудасынан жасалган. Онтарио провинциясындагы уран рудасын америкалыктар иштетишип, андан биринчи атом бомбалары жасалган.

Советтер Союзунун бардык өнөр жайларындагы иш нормасы 1930-жылдын 16-май күнү жогорулатылып, эмгек акысы төмөндөтүлгөн. Анын натыйжасында айлык акы бир жарым, эки эсеге азайган.

Рим Папасы Пий XI 1931-жылдын 16-май күнү социализм менен католицизмдин каны кайнабастыгын билдирген.

Советтик-чехословакиялык өз ара жардамдашуу туурасындагы келишимге 1935-жылдын 16-май күнү кол коюлган.

Француз маршалы Петен 1941-жылдын 16-май күнү радио аркылуу кайрылуу жасап, немистик фашисттер менен кызматташуу керектигин белгилеген.

Советтер Союзунун Жогорку Кеңешинин Президиуму 1957-жылдын 16-май күнү «Ленинграддын 250 жылдыгынын урматына» аттуу медалды кабыл алган жардык чыгарган.

Кытай компартиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросу 1966-жылыдн 16-май күнү «маданий революцияны» жайылтуу туурасында чечим кабыл алынган.

Ленинграддагы Козицкий атындагы заводдо «Радуга» түстүү телевизорлорунун биринчи партиясы 1967-жылдын 16-майында чыгарылган.

Советтий планеталар аралык «Венера-5» космос аппараты 1969-жылдын 16-май күнү Венера планетасына жеткен.

Гельмут Шмидт 1974-жылдын 16-майында ФРГнын бешинчи федералдык канцлердигине шайланган.

КПСС Борбордук Комитети менен министрлер Совети 1985-жылдын 16-май күнү «Ичкиликтен арылып, самогон жасоону жоюу туурасында» Токтом кабыл алган.

РСФСР элдик депутаттарынын I Съезди 1990-жылдын 16-май күнү ишин баштаган.
XS
SM
MD
LG