Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

27-май: Тарых барактары


27-май - Китепканалар күнү
27-май - Китепканалар күнү

Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2008-жылы өлкөнүн билим берүү, илим, маданият жана маалымат багыттарында китепканалардын олуттуу ордун белгилөө максатында 27-майды Китепканалар күнү деп жарыялаган. Бул күн Кыргызстанда 1902-жылдын 27-май күнү алгачкы коомдук китепкананын ачылыш салтанатына тушташ белгиленет.

Кыргыз Республикасында 1041 китепкана иштеп, анда 2,5 миң чамалуу кызматкер эмгектенет. Китепкана кызматы менен жыл сайын өлкөнүн 1 миллиондой окурманы колдонот. Өлкө китепканаларында 19 миллиондой китеп сакталып, алардын 79% орусча, 19% кыргызча жана 2% дүйнөнүн башка тилдеринде жарык көргөн эмгектер.

Кыргызстандагы жергиликтүү бийлик бутактарын бириктирүү жана алардын иш багытын аныктоо максатында 1994-жылдын 27-май күнү «Кыргыз Республикасынын өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары туурасында» мыйзам чыккан.

Ички иштер кызматынын кабарлоосуна караганда, «Трибуна» аттуу эркин гезиттин редакциясына 2002-жылдын 27-майдын түнү уурулар кирген. Белгисиз адамдар эки жарым миң доллар көлөмдөгү компьютер жана башка техникалык жабдууларды уурдашкан. Гезиттин баш редактору Ырысбек Өмүрзаковдун айтымында, компьютер менен кошо гезиттин келээрки саны кошо уурдалган жана анда өкмөт ишиндеги өксүктүктөр, коррупция сыяктуу материалдар жарык көрмөк.

Кыргызстан президенти Аскар Акаев 2002-жылдын 27-май күнкү жардыгы менен типографиялык-басма ишин көзөмөлдөй турган өкмөттүн көрсөтмөсүн жокко чыгарган. Мамлекет башчысынын жардыгы «Өлкөнүн коомдук жана мамлекеттик жашоосундагы маалымдоо каражаттарынын ролун арттырууга» арналып, анда каралган багыттар эл аралык уюмдар тарабынан оң бааланган. Мындан тышкары жардыкта Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясына караштуу башында мамлекеттик катчы турган коомдук көзөмөлдөө кеңешин уюштуруу маселеси каралган.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев 2003-жылдын 27-май күнү Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия бөлүмүнүн жаңы директору Занг Шенгманды жана ушул эле банктын Европа жана Борбордук Азия башкармалыгынын болочок вице-президенти Шигео Кацуну кабыл алган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланып, Николай Танаев Кыргызстандагы экономикалык, финансылык кырдаал туурасында маалымат берген.

Жогорку Кеңештин 2005-жылдын 27-май күнкү жыйынында экс-президент Аскар Акаевдин мүлкүн иликтөө үчүн уюшулган Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Д.Үсөнов аткарылган иш жыйынтыгы туурасында маалымат берген. Комиссия төрагасынын маалымдоосуна караганда А. Акаев жана анын жакындарына таандык деп белгиленген 42 тизмеге дагы 136 объект кошулган. Мындан тышкары Д. Үсөнов экс-президенттин мүлкүн иликтөө ишине америкалык “Либерман” аттуу компания тартылгандыгын билдирген.

Өлкөдөгү бийликтин туруксуз саясатына нааразы болгон «Реформа үчүн» кыймылы 2006-жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында тынч митинг өткөргөн. Митингде 10 пункттан турган Резолюция кабыл алынып, эгер алар күзгө чейин аткарылбаса Бакиев-Кулов тандеминин кызматтан кетүүсүн талап кылган. “Реформа үчүн” кыймылдын жетекчилеринин бири жана митингди алып барган М. Эшимкановдун айтымында, митингге 30 миң чамалуу адам катышкан.

Кыргызстанда өзбек тилине расмий макам берүүсүн жактаган 700 чамалуу киши 2006-жылдын 27-май күнү Жалал-Абадда тынч митинг өткөргөн.

Пётр I 1703-жылдын 27-май күнү Нева боюна Санкт-Петербург шаарын түптөгөн.

Орусиядагы биринчи Императордук коомдук китепкана (азыркы Орус улуттук китепканасы) 1795-жылдын 27-май күнү негизделген.

Николаевск астрономиялык обсерваториясы 1821-жылдын 27-май күнү уюшулган.

Скульптор П. К. Клоддун чыгармачылыгына таандык И. А. Крыловдун эстелиги 1855-жылдын 27-май күнү Петербургда ачылган.

Москва шаарынын Кызыл аянтында орун алган Тарых музейи 1883-жылдын 27-май күнү көрөрмандарды кабыл ала баштаган.

Бельгия парламентине 1900-жылдын 27-май күнү өткөн парламенттик шайлоодо дүйнөдө биринчи жолу пропорционалдык өкүлчүлүк системасы колдонулган.

Айтылуу Цусима салгылашы 1905-жылдын 27-май күнү башталган. Адмирал Х. Того баштаган жапон флоту вице-адмирал З. П. Рождественскийдин Тынч океандык эскадрасын талкалаган.

АКШ президенти Вудро Вильсон 1916-жылдын 27-май күнкү кайрылуусунда согуш аяктагандан кийин Улуттар Лигасын уюштуруу керектигин билдирген.

Татар АССРи 1920-жылдын 27-май күнү уюшулган.

Ооганстан 1921-жылдын 27-май күнү эркин мамлекет аталган.

Ричард Дрю 1930-жылдын 27-май күнү «скотч» аталган ачык түстөгү целлофан лентасын патенттеген.

Советтер Союзундагы «спорттун эмгек сиңирген мастери» деген наам 1934-жылдын 27-май күнү киргизилген.

Канада өкмөтү 1938-жылдын 27-майында Канада банкын улутташтырган.

Советтер Союзунун «Пионерская» аталган полярдык станциясы 1956-жылдын 27-май күнү ачылган.

Советтер Союзу 1973-жылдын 27-майында автордук укукту коргоо боюнча Женева конвенциясына кошулган.

Советтер Союзунун Мамлекеттик Гимни 1977-жылдын 27-май күнү кабыл алынган.

Атактуу араб тарыхчысы жана философ Абдурахман Абу Зейн ибн Мухаммед ибн Халдун 1332-жылдын 27-май күнү жарык дүйнөгө келген. Анын негизги эмгеги эсептелген «Китаб ал-Ибар» чыгармасында Евразиянын тарыхы, тарыхтын мааниси, тарыхтагы сын жана анын ыкмалары талданган.

Айтылуу америкалык саясатчы, Нобель сыйлыгынын лауреаты Генри Киссинжер 1923-жылдын 27-май күнү туулган.
XS
SM
MD
LG