Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:05

1-июнь: Тарых барактары


1-июнь - Балдарды коргоо күнү
1-июнь - Балдарды коргоо күнү

Таанымал саякатчы Ч. Ч. Валиханов 1856-жылдын 1-июнунда Жыргалаңда орун алган бугу манабы Боромбайдын айылына барган. Саякатчыны манаптын уулу Кылыч тосуп алган жана ага урмат-сый мамиле көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу Ч. Ч. Валиханов кыргыздардын конок тосуу каадасы, салт-санаасы жана өлүк коюу жөрөлгөсү туурасында кабар берет.

РСФСР Элдик комиссарлар кеңеши 1918-жылдын бул күнү нанга монополия киргизген жана нан продукциясына туруктуу баа кабыл алган. Анын негизги максаты, жер-жерлерде, анын ичинде Кыргызстанды каптаган нан тартыштыгы жана көпөстөрдүн нандан жасаган кызыл кулактыгына каршы күрөшүү чарасы эсептелинген.

Түркстан Коммунисттик партиясынын III съезди 1919-жылдын бул күнү ишин баштаган.

Статистикалык маалыматка караганда, 1924-жылдын 1-июнунда Пишпек уездинде 326 мугалим иштеген жана алардын 199у кыргыз, 127си орус улутунун өкүлдөрү болушкан. Мугалимдердин тогузу жогорку билимдүү, токсон жетисиники орто билими бар, калгандары болсо атайын кесиптик даярдыктан өткөндүгү такталган.

Стаистикалык маалыматтарга караганда, Пишпек, Каракол жана Нарын уездеринде1924-жылдын 1-июнунда 627 мугалим иштесе, алардын 447си кыргыз улутунун өкүлдөрү болушкан.

Чехословакия элинин баатыры Юлиус Фучик 1930-жылдын 1-июнунда Фрунзе шаарына келген.

Фрунзе шаардык кеңеши 1964-жылдын 1-июнунан тарта борбор шаардагы жүргүнчүлөрдү ташууну жөнгө салуу максатында завод, фабрикалардын жана мекемелердин иш графигин тактаган.

Президент Аскар Акаев 1994-жылдын бул күнү Брюсселдеги НАТОнун башкы кеңсесинде Кыргызстандын «Тынчтык үчүн кызматташуу» программасына киргендигин күбөлөндүргөн келишимге кол койгон. Ошентип Кыргызстан Шериктеш малекеттер арасынан НАТО программасына тартылган бешинчи өлкө болуп калган.

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдарга камкордук жасоо демилгеси 1949-жылдын ноябрь айында Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген.

Рим императору Марк Дидий Север Юлиан 193-жылдын 1- июнь күнү ак сарайда өлтүрүлгөн.

Шотландиялык виски туурасындагы биринчи жазма маалымат 1495-жылдын 1-июнь күнкү Шотландиянын казначейдик отчётунда эскерилген.

Грек жер которуучулары тарабынан 1779-жылдын 1-июнь күнү Мариуполь шаары түптөлгөн.

Англис изилдөөчүсү Жеймс Росс 1831-жылдын 1-июнь күнү түндүк магниттик уюлун ачкан.

Бул күнү Америка Кошмо Штаттарынын бардык аймактарында кулчулукка тыюу салынган.

Америкалык ойлоп тапкыч Томас Алва Эдисон 1869-жылдын 1-июнь күнү шайлоо үчүн электрдик регистраторго патент алган.

“Айнтрахт” футболдук клубу (Франкфурт, Германия) 1899-жылдын 1-июнь күнү негизделген.

Америка Сенаты 1920-жылдын 1-июнь күнү Арменияга протекторат киргизүү туурасындагы АКШ президенти Вудро Вильсондун сунушун четке каккан.

Алтай крайынын курамына кирген Ойрот автоном облусу 1922-жылдын 1-июнь күнү уюшулган.

Америкалык «Крайслер» унаа компаниясы 1925-жылдын 1-июнь күнү негизделген.

Москва шаарындагы Шереметьево эл аралык аэропорту 1960-жылдын 1-июнь күнү ачылган.

Айтылуу советтик жазуучу Михаил Шолоховго 1965-жылдын 1-июнь күнү адабият тармагы боюнча Нобел сыйлыгы ыйгарылган.

Нидерландиянын калкы 2005-жылдын 1-июнь күнкү референдумда Евроконституциянын долбоорун четке кагышкан.
XS
SM
MD
LG