Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

3-июнь: Тарых барактары


Биринчи парашют 1785-жылдын 3-июнь күнү Лондон шаарында сыноодон өткөн.
Биринчи парашют 1785-жылдын 3-июнь күнү Лондон шаарында сыноодон өткөн.

Жетисуулук Түркстан жакырларынын башын бириктирген «Кошчу» кошуунунун Борбордук комитетинин төрагасы Рахманкул Худайкулов 1924-жылдын бул күндөрү бай-манаптар табына каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү талабын көтөргөн.

«Кошчу» кошуунунун жыйындарында сүйлөгөн Р. Худайкулов Жетисууну дале бай-манаптар бийлеп жаткандыгы айтып, алардын тамырын кыркуу зарылчылыгы белгиленген. Р. Худайкулов миңдеген адамдардын башын бириктирген кошуунду жетектеп, ошол убактагы кыргыз партиялык-мамлекеттик шатычасындагы эң таасирдүү бийлик адамы деп эсептелген.

Кыргызстан Мамлекеттик китепканасынын уюшулуш күнү 1934-жылга туш келет. Жаңы уюшулган биримдикке Фрунзе борбордук китепканасы менен Мамлекеттик пландоого караштуу Илимий китепканалар баш кошкон. Мамлекеттик китепканада адегенде 16 миң китеп сакталып, кийин алардын саны жылдан жылга улам көбөйүп турган. Мамлекеттик китепканага 1938-жылы Николай Чернышывскийдин ысмы ыйгарылып, 1984-жылы В. И. Лениндин атын алып, 90-жылдардын башталышында болсо ал Улуттук китепкана болуп өзгөргөн.

КПСС Борбордук комитетинин башкы катчысы М. С. Горбачевдун 1986-жылкы «эмгектен тышкары табылган кирешеге каршы күрөштү күчөтүү» программасына ылайык, Советтер Союзунда текшерүүлөр башталган. Фрунзе шаарында бул күндөрү фискалдык жана күч органдары жеке чарбада өстүрүлгөн жашылча, жемиштерди, гүл бакчаларын аныктоого киришкен. Шаардын сыртында орун алган парник жана теплицалар кыйратылып, жеке ишкерлер үчүн миллиондогон акча зыян алып келген «эмгектен тышкары табылган кирешеге каршы күрөштүн» натыйжалары ушундай зыяндуу жол менен чыгарылган.

Советтер Союзунун акыркы жылдары Кызгызстанда улуттук аң-сезим күч алып, маданият баалуулуктары менен тарыхый эс тутумга болгон кызыгуу арткан. Кыргызстан коммунисттик жетекчилигинин тыюу салуусуна карабастан 1991-жылдын 3-июнь күнү Сокулук районунун Асылбаш айлында 1916-жылкы көтөрүлүштүн 75-жылдыгына арналган эскерүү митинг өткөрүлгөн. Митинг Кыргызстан демократиялык кыймылы менен «Ашар» кошуундарынын демилгеси менен уюштурулуп, андан кийин анын катышуучулары кыргыздардын Кытайга качкан жолу аркылуу жөө жүрүштү башташкан.

Кыргызстан бардык Борбордук Азия өлкөлөрү сыяктуу эле 1992-жылдын январь айында Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кабыл алынып, ушул жылдын 8-июлунда ал уюмдун талаптарын кабыл ала турган негизги документтерге кол койгон. Анын натыйжасында Кыргызстан үчүн дүйнөлүк коомчулук менен интеграциялашууга жол ачылып, 1994-жылдын 1-июнунда Кыргызстан Европа коопсуздугунун Париж Хартиясы менен келишим документке кол койгон.

ЮНИСЕФ эл аралык уюму тарабынан 1994-жылдын бул күндөрү жүргүзүлгөн иликтөөлөргө караганда, Кыргызстанда жашаган наристелердин 44 % йод жетишсиздигинен запкы тарткандыгы маалым болду. Совет мезгилинде мындай мүнөздөгү өксүктүк деңиз продукциялар жана йоддолгон туз аркылуу камсыздалып келген.

Флорида 1539-жылдын 3-июнь күнү Испаниянын аймагы деп жарыяланган.

Голландиялык Вест-Индиялык компания 1621-жылдын 3-июнь күнү уюшулуп, ал Түндүк жана Түштүк Американы өздөштүрүүгө монополиялык укук алган.

Франсуа Бланшар тарабынан ойлоп табылган биринчи парашют 1785-жылдын 3-июнь күнү Лондон шаарында сыноодон өткөн. Биринчи парашютчу катары ит сыналып, ал 300 метр бийиктиктен аба шарына байланып ыргытылган. Ит жерге аман түшүп, парашютту колдонууга жол ачылган.

Алекс Макензи 1789-жылдын 3-июнь күнү Канадада Макензи дарыясын ачкан.

Америка Кошмо Штаттары 1846-жылдын 3-июнь күнү Мексика мамлекетинен Йерба-Буэна кыштагын тартып алган. Кийинки жылдын январь айында ал Сан-Франциско аталышына өзгөртүлгөн.

Советтердин I съезди 1917-жылдын 3-июнь күнү ишин баштаган.

1918-жылдын 3-июнда «Третьяков галереясын улутташтыруу туурасында» Декрет кабыл алынган.

Грециянын жаңы Конституциясы 1927-жылдын 3-июнь күнү кабыл алынган.

Нацисттик Германия 1938-жылдын 3-июнь күнү «дегенеративдик искусство» үлгүлөрүн (абстракционисттик, импрессионисттик ж.б.) күчтөп чогултуу туурасында токтом кабыл алган.

Байыркы Египет фараону Санхеттин саркофагы 1954-жылдын 3-июнь күнү Сахара жергесинде табылган.

Эдвард Уайт 1965-жылдын 3-июнь күнү ачык космоско чыккан биринчи америкалык астронавт атыккан.

Франция мамлекетинин Ле Бурже авиа көрсөтмөсүндө советтик Ту-144 учагы 1973-жылдын 3-июнь күнү кырсыкка учураган.

Футбол легендасы Пеле 1975-жылдын 3-июнь күнү нью-йорктук «Космос» футбол клубу менен үч жылга келишим түзгөн.

Ватикан менен Италия мамлекети ортосундагы 1985-жылдын 3-июнь күнү жетишилген келишимге жараша католик дини Италиянын мамлекеттик макамынан ажыратылган.

Канаданын премьер-министри Малруни менен канадалык 10 провинциянын премьер-министрлери Квебектин өзгөчө статусу туурасындагы келишимге келишкен.

Орусиянын Коопсуздук кеңеши 1992-жылдын 3-июнь күнү уюшулган.

Черногория парламенти 2006-жылдын 3-июнь күнү өлкөнүн мамлекеттик эгемендигин жар салган.
XS
SM
MD
LG