Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

13-июнь: Тарых барактары


А. Гитлер менен Б. Муссолини 1934-жылдын 13-июнь күнү Венецияда жолугушкан.
А. Гитлер менен Б. Муссолини 1934-жылдын 13-июнь күнү Венецияда жолугушкан.

Циндик кытай армиясы 1758-жылдын бул күнү Турфандан чыгып, Кучага кол салган. Ошентип Кытай мамлекетинин Чыгыш Түркстандагы басып алуу саясаты башталган.

Цин бийлиги башынан тарта эле мындагы кожолор менен кыргыз урууларынын мамилесин тактоого аракет жасаган. Алар кыргыздар менен кожолор арасындагы ар бир пикир келишпестикти өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну көздөгөн.

Орус бийлиги Ормон хандын элин Орусия империясынын курамына алуу үчүн болгон аракет жасагандыгы ачык байкалат. Казактардын Чоң ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта, кыргыз манабы Ормон Ниязбековго элчилик жасалыш зарылчылыгы белгиленет. Керектүү жүктү ташуу үчүн казактардан жылкы жана төө сурап, Ормон ханды карай аттаныш керектиги көрсөтүлөт.

Капыстан келген көчтөн Ормон хандын сестендирбөө үчүн алдын-ала кабар берип, кыргыз жергесине келээр замат мыкты боз үйлөрдү тигүү туурасында сөз кылынат. Рапортто көрсөтүлгөндөй, Ормон ханга жашыл баркуттан тигилген чепкен жаап, ар бири беш жарым аршинден турган кездеме, күмүштөн жасалган ашкана идиштерин, алтын саат жана башка белектерди берүүгө көрсөтмө берилет. Майор Перемышльскийге жолдонгон кат Омск шаарындагы корпустук баш кеңсеге 1853-жылдын 13-июнунда келип түшкөн.

Ысыккөлдүк бугулар 1860-жылдын бул күнү Курултай өткөрүшкөн. Курултайда бугулардын чоң манаптык бийлик маселеси каралып, жогорку кызмат орду манаптардын шайлоосунда чечилген. Чоң манаптык бийликке Качыбек Шералиндин талапкердиги туура табылып, ал шайлоодо жеңип чыккан. Качыбек баатырга жардамчылык кызматка Сарпек Саскин дайындалган.

Бугу манаптары чоң манаптыкка өткөрүлгөн шайлоо туурасында Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфордго 1860-жылдын бул күнү кат жолдошкон. Катта Качыбек манапты чоң манаптыкка шайлангандыгы жана анын «укукту жогору баалаган артыкчылыгы жана улук өкүмдарга ак дилден өтөгөн кызматы» белгиленет. Бугу уруусу Качыбек манапка жардамчылыкка Сарпек Саскинди дайындашып, бардык уруу өкүлдөрү алардын амирине кирип, буйругун аткарууга сөз беришкени кулактар кылынат. Катка бугу манаптары кол коюшуп, аны жеке мөөрлөрү менен бекитишкен.

Орто Азияны райондоштуруу боюнча комиссия 1924-жылдын 13-июнунда уюшулган. Комиссияга жаңы мамлекеттик түзүлүштү орнотуу жана мындагы этникалык өзгөчөлүктү эске алып өлкө аралык чекти белгилөө, кайсыл жер кимдин ээлигине өтө тургандыгын тактоо сыяктуу милдеттер жүктөлгөн. Комиссияга белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер жана Орто Азия тарыхын мыкты билген тарыхчы-адистер тартылышкан.

Кыргызстан Борбордук музейин ачуу машакаты 1926-жылдан башталып, ал үчүн атайын илимий комиссия уюшулган. Илим комиссиясынын демилгеси менен Ленинград шаарынан жаш окумуштуу С. М. Абрамзон чакырылып, натыйжасында музейди уюштуруу иши жанданган. Кыргыз облустук агартуу бөлүмүнүн 1926-жылдын 13-июнунда өткөрүлгөн кезектеги коллегиясында «Кыргызстандагы Борбордук музейдин Жобосу» каралган. Жаңы долбоорго ылайык музей жетекчилигине Брауде бекитилген.

Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети менен Элдик комиссарлар Кеңеши 1928-жылдын 13-июнунда чегирткеге каршы күрөшүү үчүн милдеттүү эмгек мөөнөтүн киргизген. Бул убакта чегирткеден запкы тарткан аймактар деп Фрунзе жана Нарын кантондору, ошондой эле борбордун чет жакасындагы чарбалар табылып, адамдар ал аймактагы зыянкечтерге каршы күрөшүүгө бөлүнгөн.

Волгалык Булгар өлкөсүндө исламдын мамлекеттик дин катары кабыл алынышына байланыштуу 922-жылдын 13-июнь күнү майрамдык салтанат өткөрүлгөн.

Англия менен Португалия мамлекеттери 1373-жылдын 13-июнь күнү биримдик келишимине кол коюшкан.

Логстаун келишимине ылайык, 1752-жылдын 13-июнь күнү Түндүк Американын жергиликтүү калктары эссептелген ирокездер менен делаверлердин Огайо дарыясынын түштүк аймагындагы жерлери англиялык Вирджиния колониясына берилген.

Канзаада Александр Николаевич (болочок император Александр II) 1837-жылдын 13-июнь күнү Сибирь жергесине келген. Болочок император Тобольск чебине чейин жетип жергиликтүү бийликтин иши менен таанышып, кайра империя борборуна кайтып келген.

Герцен даярдаган «Колокол» журналынын биринчи саны 1857-жылдын 13-июнь күнү Лондон шаарында жарык көргөн.

Орусиянын Мамлекеттик банкы 1860-жылдын 13-июнь күнү негизделген.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 1909-жылдын 13-июнь күнү Финляндияда орус тилин жайылтуу туурасында мыйзам кабыл алган.

Император Александр III атындагы сымбаттуу искусство Музейи 1912-жылдын 13-июнь күнү Москва шаарында ачылган. Кийин ал А. С. Пушкин атындагы Мамлекеттик чеберчилик музейине айланган.

А. Гитлер менен Б. Муссолини 1934-жылдын 13-июнь күнү Венецияда жолугушкан.

Алексей Толстой «Известия» гезити үчүн «Родина!» аталган макаланы телефон аркылуу сүйлөп берген. Макала «Тухачевский, Якир ж.б., у.с. троцкисттик-бухариндик банданын иши туурасында» аталып, жазуучу «Мага душманды билиш үчүн көп сөздүн кереги жок. Мен аны көзүндөгү башкача учкундан баамдайм…» деп жазган.

Советтер Союзуна жаңыдан кабыл алынган Латвия, Литва жана Эстония республикаларында 1941-жылдын 13-июндан 14-июнга караган түнү «ишенимсиз үй-бүлөлөр» массалык түрдө Сибирге сүргүнгө айдалган. Эстониядан 60 миң, Латвия менен Литвадан 35 миң чамалуу адам бул түнү күчтөп көчүрүлгөн.

АКШ президенти Франклин Рузвельт 1942-жылдын 13-июнь күнү Борбордук чалгындоо кызматына (ЦРУ) караштуу Стратегиялык кызмат Башкармачылыгын ачуу туурасында чечим чыгарган.

Бирма мамлекети 1948-жылдын 13-июнь күнү коммунизм системасын куру туурасында чечим кабыл алган.

Ярославль мамлекеттик университети 1969-жылдын 13-июнь күнү уюшулган.
XS
SM
MD
LG