Орус өкмөтүнүн 1897-жылкы тыюу салуусуна карабастан, Пишпек уездине Орусиянын европалык бөлүгү менен Сибирь аймагынан жер которгондордун аягы сууган жок. Алар негизинен Чүй өрөөнүнө жайгашып, мындагы жергиликтүү калктын ээликтерине көз арта башташкан.
Кыргыздардын ээликтери чектелип, эми алар кыштоолордон ажырап, тоо этектерине сүрүлө баштаган. Мындай жагдай орустар менен кыргыздар арасындагы кырдаалды эле курчутпастан, жаңы жер которгондор менен мурда көчүп келген орус тургундары арасындагы чатакты ырбаткан. Ошондуктан эски жер которгондор жаңы жер которгондордун айыл-кыштактарын Дуровка, Самодуровка, Самовольный поселок, Свинячья выселка деп атап алышкан.
Нарын уезддик-шаар партиялык конференциясы 1920-жылдын 20-июнунда ишин баштаган.
ВКП (б) Кыргыз обкомунун VII пленуму 1933-жылдын бул күнү ишин аяктаган. Партия пленумунда Кыргызстан партиялык уюмунун иш милдеттери, учурдагы оруп-жыюу компаниясынын аткарылышы, маданий турмуш, элге билим берүү жана Кара күңгөй айылындагы партиялык ячейканын иши сыяктуу маселелер каралган.
Фрунзелик аз сандуу архитекторлор 1937-жылы республикалык маалымдоо каражаттары аркылуу өз кесибине карата сын айтып чыгышкан. Алар азыркы убакытка чейин шаардын курулуш планы жок экендигин, имараттар туш келди курулуп жатканын, алардын фасаддары көңүл иренжигендей кооздолгондугун ачыкка чыгарышкан.
20-июнь - Качкындардын эл аралык күнү. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы 2000-жылдын 4-декабрь күнкү чечими менен качкындар күнүн аныктаган. Резолюцияда чечим Африка биримдиги уюмунун макулдугу менен кабыл алынгандыгы айтылат.
Англис изилдөөчүсү Мартин Фробишер 1578-жылдын 20-июнунда Гренландияны Британиянын ээлиги деп жар салып, аны Батыш Англия деп атаган.
Француз экспедициясы 1673-жылдын 20-июнунда биринчи жолу Иллинойско келген.
Нарва келишимине жараша Польша 1704-жылдын 20-июнунда Орусия тарапта Түндүк согушуна кирип, Швецияга каршы согуш баштаган.
Париж шаарында 1792-жылдын 20-июнь күнү Улуу Француз революциясы башталган.
Сэмюэл Морзе 1840-жылдын 20-июнунда телеграфты патенттеген.
Батыш Виргиния 1863-жылдын 20-июнунда АКШнын 35-штаты катары мамлекет катарына кабыл алынган.
АКШ президенти Эндрю Жонсон 1867-жылдын 20-июнунда Алясканын сатылып алынгандыгын билдирген.
Пушкин салтанаты аталган 1880-жылдын 20-июнь күнкү жыйында жазуучу Фёдор Достоевский акын А. С. Пушкинге арналган айтылуу 45 мүнөттүк сөзүн сүйлөгөн.
Д. И. Менделеев тарабынан түптөлгөн өлчөм жана салмак боюнча Башкы палата 1893-жылдын 20-июнунда ачылган.
Балтика менен Түндүк деңиздерин кошкон Киль каналы 1895-жылдын 20-июнунда ачылган. Каналдын узундугу 98 км, суу үстү менен жазылыгы 102 м, тереңдиги 11,3 метрден турган.
И. В. Сталин атындагы Беломор-Балтика каналы 1933-жылдын 20-июнунда ачылган.
Советтер Союзунун Башкы прокуратурасы 1933-жылдын 20-июнунда уюшулган.
Түндүк уюл аркылуу АКШга сапар алган В. П. Чкалов, Г. Ф. Байдуков, А. В. Беляковдун 63 саат 16 мүнөттүк учуусу 1937-жылдын 20-июнунда ийгиликтүү аяктаган.
Рим Папасы 1949-жылдын 20-июнунда Чехословакиянын коммунистик лидерлерин каргышка алган.
«Правда» гезити 1950-жылдын 20-июнь күнкү санында И. В. Сталиндин «Марксизм жана тил таануу» макаласын жарыялаган.
Вьетнамдагы Америка Кошмо Штаттарынын аскер катарында кызмат өтөөдөн баш тарткандыгы үчүн Мухаммед Али 1967-жылдын 20-июнь күнү Хьюстон соту тарабынан 5 жыл түрмөгө камоо туурасында чечим чыгарылып, 10 000 доллар көлөмүндөгү айыпка тартылган.
Батыш Германия парламенти 1991-жылдын 20-июнунда өлкө борборун Бонндон Берлинге которуу туурасында чечим кабыл алган.
Өзбекстандын мамлекеттик эгемендиги 1991-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.
Латвияда 1991-жылдын 20-июнунда өлкөнүн 1922-жылкы Конституциясы калыбына келтирилген.
Орусиядан эгемендик алуу максатында референдум өткүрүү үчүн Тувада 1992-жылдын 20-июнь күнү кол топтоо өнөктүгү башталган.