Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:29

29-июнь: Тарых барактары


Кофи Аннан 2001-жылдын 29-июнунда Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчылыгына экинчи ирет шайланган.
Кофи Аннан 2001-жылдын 29-июнунда Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчылыгына экинчи ирет шайланган.

РКП (б)нын Борбордук комитети 1920-жылдын бул күнү «Түркстан РКП (б)сынын негизги милдеттери» туурасында төрт токтом кабыл алган. Токтомдо падышалык бийлик убагында жаралган теңсиздикти жоюп, орус көчкүндөрүнө адилетсиз тартылып берилген кыргыз, казактардын жерин кайра кайтаруу, жерсиз дыйкандарды жер менен камсыз кылуу жана кулак уюмдарын жоюп, алардын жергиликтүү бийликке тийгизген таасирин чектөө сыяктуу маанилүү маселелерди оң чечүү жагы каралган.

ВКП (б) Борбордук комитетинин 1931-жылдын 29-июнь күнкү Ортоазия бюросу Кыргызстандан тышкары чыгарыла турган эзүүчү тап өкүлдөрүнүн эки категориясын белгилеген. Кулакка тартылчу адамдар тизмеси такталып, ал ишти аткаруу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырылган. Түзүлгөн тизме жогорку бийликке тапшырылып, андан ары кулакка тартылган адамдардын тагдыры, айдалчу жери такталган.

Кыргыз АССРнын Борбордук аткаруу комитетинин президиумунда уюшулган Конституциялык комиссия 1936-жылдын 29-июнунда республиканын Баш мыйзам долбоорун даярдаган. Конституциянын негизги бөлүктөрүн жазуу үчүн 21 адамдан турган 5 комиссия топтору иштеп, алар белгиленген убакта Баш мыйзам долбоорун жазып бүтүшкөн. Долбоор 1937-жылдын 12-мартында гезиттерге жарыяланып, коомчулукта талкуу башталган.

Компартиянын 1937-жылдын март айында өткөн пленумунан кийин жалпы кыргыз элине каршы моралдык террор башталган. Бул убактагы Сталин, Молотов сыяктуу партия лидерлеринин контрреволюциачыл күчтөргө каршы жарыяланган макалары Кыргызстанда басылып, калк арасында идеологиялык «түшүндүрүү» иштери жүргүзүлө баштаган. «Советская Киргизия» гезитинин 1937-жылдын 29-июнь күнкү санында Г. Кулаковдун «Абдрахмановщина» аттуу макаласы жарык көрүп, анда Коммунисттик партия идеалдарына жат буржуазиялык элементтердин жайылышы, аларга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү туурасында сөз жүргөн.

Москванын Кызыл Аянтындагы Покровск соборунун курулушу 1561-жылдын 29-июнунда аяктаган.

Италиялык архитектор Бартоломео Франческо Растреллинин (Орусияда аны Варфоломей Варфоломеевич деп аташкан) долбоору менен Санкт-Петербургдагы Кышкы сарай салына баштаган.

Франция 1880-жылдын 29-июнунда Таитини мамлекет курамына алган.

Судандык дин адамы Мухаммед Ахмед 1881-жылдын 29-июнунда өзүн махди (араб тилинен которгондо «акыйкат жолго багтоочу») деп жарыялаган. Анын куткаруучулук чакырыгын калк кабыл алып, Судандык көчмөндөр европалык губернаторлордун өзүмбилемдигине каршы көтөрүлүшкөн.

Бүткүл орусиялык студенттердин мыйзамсыз съездди 1900-жылдын 29-июнунда Одесса шаарында ишин баштаган.

Орусияда 1917-жылдын 29-июнунда капиталисттердин кирешесине салык 30% көбөйтүлгөн.

Фёдор Шаляпин 1922-жылдын 29-июнунда чет өлкөгө гастролго чыгып Советтер Союзуна кайра кайрылган эмес.

Америкалык Марвин Пипкин 1925-жылдын 29-июнунда күңүрт лампочканы патенттеген.

Рим папасы Пий XI италиялык балдарга фашисттик ант бердирткендиги үчүн 1931-жылдын 29-июнунда коомчулукту айыптаган.

Ленинград шаарындагы «Память 25 октября» ооруканасына караштуу кан куючу биринчи илимий-практикалык институт 1932-жылдын 29-июнунда ачылган.

Ромен Роллан менен Максим Горький 1935-жылдын 29-июнунда жолугушкан.

СССР менен Чехословакия мамлекеттери Закарпат Украинасын УССРга кошуу туурасындагы келишимге 1945-жылдын 29-июнунда кол коюшкан.

Физик Роберт Оппенгеймердин 1954-жылдын 29-июнь күнү водород бомбасын чыгарууга катышуудан баш тартышына байланыштуу, илимпозго жашыруун иликтөөлөргө жол жабылган.

В. М. Молотов 1957-жылдын 29-июнунда бийликтен четтетилген.

Бразилия курама командасы 1958-жылдын 29-июнунда футбол боюнча дүйнө чемпиондугун жеңип алган.

Түндүк уюлдук чекте орун алган дүйнөдөгү биринчи Кольская АЭС өзөктүк электрстанциясы 1973-жылдын 29-июнунда ишке киришкен.

«Танкасо» аттуу Чилидеги аскердик төңкөрүш аракети 1973-жылдын 29-июнунда жасалган.

Курчатов атындагы өзөктүк кубат институтунда 1975-жылдын 29-июнь күнү «Токамак-10» аталган дүйнөдөгү эң ири термоядролук аппарат ишке киришкен.

Сейшел аралдары 1976-жылдын 29-июнунда эгемен мамлекет аталган.

Москва шаардык Думасы 1995-жылдын 29-июнунда Москванын Уставын кабыл алган.

Кофи Аннан 2001-жылдын 29-июнунда Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчылыгына экинчи ирет шайланган.
XS
SM
MD
LG