Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

2-июль: Тарых барактары


Франклин Делано Рузвельт 1932-жылдын 2-июль күнү биринчи жолу «Жаңы багыт» терминин колдонгон.
Франклин Делано Рузвельт 1932-жылдын 2-июль күнү биринчи жолу «Жаңы багыт» терминин колдонгон.

Пишпек уезддик большевиктик-коммунисттик партия комитети 1919-жылдын 2-июнунда шаардык эмгекчи интеллигенция өкүлдөрүнө кайрылган. Уезддик партия комитетинин чакырыгында: «Бейтарапсыздыктын көшөгөсүн ачып, пролетариатка кол сунуп, маданий жана билим берүү багытында жардам берүүнүн маалы келди. Силер деле өз акылыңарды белгилүү бир акыга саткан пролетарийсиңер, ошондуктан жумушчу тапка жардамдашууга милдеттүүсүңөр» деп айтылат. Большевиктер мындан тышкары «ким биз менен болбосо, алар бизге каршы» деп эскертишкен.

Фрунзе шаардык жергиликтүү чарба бирдиги 1929-жылдын 2-июлунда борбордун көркүн эле эмес, аброюн бузган шаардык базардагы «мас катарды» талкалоо туурасында чечим чыгарган. Базардагы «мас катарда» арзан самагон сатылып, ал мамлекеттик продукциялардын өтүшүнө кедерге эле келтирбестен, аны колдонгон кардарлардын катарын улам суюлтуп турган. Чечимге ылайык шаардык милиция самагон саткандарды эле эмес, базарга кирген-чыккандарды текшерүүгө укук алган. Мас абалында кармалган адамдар туурасында маалымат шаардык гезит беттерине «Аларды бардыгыңар билгиле!»,-деген рубрика менен чыгарыла баштаган.

Кыргызстан ВКП (б) Фрунзе шаардык комитети 1939-жылдын бул күнү репрессия маалында Коммунисттик партия катарынан чыгарылган 14 жооптуу кызматкерди партия мүчөлүгүн калыбына келтирген. Сталиндик кызыл террордон кутулган жооптуу партиялык кызматкерлердин арасында «Ала Тоо» кинотеатрынын директору, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, Кыргыз ССР Ички иштер министринин жардамчысы сыяктуу адамдар болгон.

Географиялык аталыштарды тартипке салыш үчүн Кыргыз ССР Жогорку кеңеши 1939-жылдын бул күнү республиканын Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Комиссия уюштуруу туурасында чечим чыгарган. Өкмөттүк географиялык комиссияны Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Гопко жетектеп, республикадагы жер аталыштарынын туура жазылышына Шүкүров, Үмөталин сыяктуу комиссия мүчөлөрү салымдарын кошушкан.

Спорт журналисттери 2-июлда Эл аралык профессионалдык күнүн белгилешет.
Спорт журналисттеринин майрамы спорт прессасынын эл аралык ассоциациясынын демилгеси менен 1955-жылдан бери белгиленип келет. Аталган датанын кабыл алынышы Париж шаарында спорт прессасынын эл аралык ассоциациясынын 1924-жылы негизделишине байланыштуу.

Иван Грозныйдын падышалык мезгилинде 1556-жылдын 2-июль күнү Астрахан хандыгы талкаланып, Астрахан Орусияга кошулган.

Филадельфияда 1776-жылдын 2-июль күнү өткөн II Континенталдык конгресс Американын Британиядан өз алдынча бөлүнүшү туурасында чечим кабыл алган. Анткен менен АКШнын эгемендик күнү 4-июлдагы эгемендик Декларациясы кабыл алынган дата менен белигиленет.

Британия менен Ирландиянын униясы 1800-жылдын 2-июль күнү кабыл алынган.

Орус армиясы 1853-жылдын 2-июль күнү Молдава княздыгына кол салып, анын натыйжасында Кырым согушу башталган.

Москва шаарындагы «Эрмитаж» ресторанында 1910-жылдын 2-июль күнү Москва футболдук лигасынын уюштуруу жыйыны өткөрүлгөн.

Демократиялык партия атынан АКШ президенттигине ат салышкан талапкер Франклин Делано Рузвельт 1932-жылдын 2-июль күнү биринчи жолу «Жаңы багыт» терминин колдонгон. Жаңы багыт кийин анын президенттик маалында АКШдагы дүйнөлүк кризис запкысын жоюп, калкка социалдык камсыздоо, адамдарга жумуш берүү сыяктуу маанилүү программалар менен жыйынтыкталган.

СССР тышкы иштер министри В. М. Молотов 1947-жылдын 2-июль күнү Париж шаарында Советтер Союзу Маршалл планына катышпай тургандыгын тастыктаган.

АКШ сенатында узакка уланган тартышуудан кийин президент Линдон Жонсон 1964-жылдын 2-июль күнү мурдагы президент Д. Ф. Кеннеди тарабынан даярдалган жарандык укук Актына кол койгон.

КПСС БКнын 1970-жылдын 2-июль күнкү Пленумунда «Партиянын айыл чарба тармагындагы кезектеги милдеттери» аталган токтом каыл алынган.

Советтер Союзунун компартия тарыхындагы КПССтин акыркы XXVIII съезди 1990-жылдын 2-июль күнү ишин баштаган.

Украин улутчулдар Конгресси 1993-жылдын 2-июль күнү Киевде уюшулган.
XS
SM
MD
LG