Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

4-июль: Тарых барактары


«Алиса сыйкырдуу дүйнөдө» деген китептин биринчи басылышы 1865-жылдын 4-июлунда жарык көргөн.
«Алиса сыйкырдуу дүйнөдө» деген китептин биринчи басылышы 1865-жылдын 4-июлунда жарык көргөн.

Падышалык Орусиянын колониалдык аймактардын калкын согушка мобилизациялоо туурасындагы жардыгына каршы Самарканд облусуна караштуу Хожент шаарында 1916-жылдын 4-июль күнү козголоң чыккан. Хожент козголоңу Орто Азиядагы жергиликтүү калктын орус бийлигине каршы кыймылдын башталышына түрткү берген жана ал кийин Кыргызстан аймагына да жайылган.

Түркстан АССР Элдик комиссарлар Кеңеши 1924-жылы кыргыз жеткинчектери үчүн Пишпекте мектеп-интернат ачуу туурасында чечим кабыл алган. Мындан тышкары Жети-Суу облусунда европалык калк өкүлдөрү үчүн үлгүлүү 6 мектеп, кыргыздарга деп 23 мектеп, уйгур жеткинчектерине 7, дунган балдарга 2 мектеп ачылган.

Бүткүлсоюздук борбордук аткаруу комитети 1927-жылдын 4-июлунда Кыргыз АССРиндеги Ош жана Жалал-Абад кантондорунда жер-суу реформасын жүзөгө ашыруу туурасында Декрет кабыл алган.

Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссары менен абадан коргонуу жетекчилери биргелешип 1941-жылдын бул күнү Кыргызстан аймагын абадан коргоо туурасындагы № 1 буйругун кабыл алышкан. Күч органдарынын буйругуна ылайык, Фрунзе аймагы германдык авиация кол салчу объектиси деп табылып, шаардык тургундар, т. а. 18ден 50 жашка чейинки аялдар, 16дан 60 жашка чейинки эркектер коргоо үчүн мобилизацияга алынчу катмар деп белгиленген.

Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев менен Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Цзян Цзэмин 1996-жылдын 4-июлунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек аралары туурасындагы келишимге кол коюшкан. Бедел ашуусунун батыш тарабындагы Үзөңгү-Кууш тилкеси, эки мамлекет ортосундагы кийин каралчу маанилүү маселе категориясы менен келишимге киргизилген.

Дүйнөдөгү биринчи ишке орноштуруу агенттиги 1631-жылдын 4-июль күнү Парижде ачылган.

Америка Кошмо Штаттары 4-июлда өлкөнүн эгемендик күнүн белгилейт. АКШнын эгемендик Декларациясына 1776-жылдын 4-июль күнү кол коюлган. Эгемендик күн Кошмо Штаттардын эркин жана күңкорсуз мамлекет катары кайра жаралышы деп саналат.

Ыйык Рим империясынын императору Иосиф II 1784-жылдын 4-июлунда Венгрия Конституциясын жокко чыгарып, венгрдик таажыны Венага алып келүүгө буйрук берген.

Петербургдагы Зоологиялык музей 1832-жылдын 4-июлунда түптөлгөн.

Орус Илимдер академиясына караштуу Пулков астрономиялык обсерваториясы 1838-жылдын 4-июлунда негизделген.

Карл Маркс менен Фридрих Энгельс даярдаган «Коммунистик партия манифести» биринчи жолу 1848-жылдын 4-июлунда жарыяланган.

Чарльз Доджсон аттуу адам 1862-жылдын 4-июль күнкү пикник маалында Алиса Лидделлге коён менен сыйкырдуу дүйнөгө качкан кыздын тарыхын айтып берген. Окуя он жашар кызды ушунчалык кызыктырып, ал баяндамачыдан анын уландысын толук жазып берүүсүн өтүнгөн. Ошентип Чарльз Доджсон кыздын кеңешине кирип, Льюис Кэрролл деген ылакап ысым менен «Алиса сыйкырдуу дүйнөдө» деген китепти жазган. Ал китептин биринчи басылышы 1865-жылдын 4-июлунда жарык көргөн.

Миссисипиге салынган биринчи көпүрө 1874-жылдын 4-июлунда ишке киришкен.

АКШ президенти Теодор Рузвельт 1903-жылдын 4-июлунда Тынч океан аркылуу салынган байланыш багыты туурасында билдирген.

Британия, Франция жана Италия мамлекеттери 1906-жылдын 4-июль күнү Эфиопия эгемендигинин гаранты боло тургандыктарына убада беришкен.

М. Н. Покровский жетектеген Мамлекеттик илимий кеңеш 1921-жылдын 4-июлунда уюшулган.

СССР менен Албания ортосундагы дипломатиялык мамиле 1924-жылдын 4-июлунда орногон.

Бүткүл союздук айыл чарба Академиясынын жетекччиси А. Муралов 1937-жылдын 4-июлунда камакка алынган.

Кёнигсберг шаары 1946-жылдын 4-июлунда Калининград аталышын алган.

Филиппиндин мамлекеттик эгемендиги 1946-жылдын 4-июлунда таанылган.

Гавай аралдарынын кошулушуна байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын туусуна 1960-жылдын 4-июль күнү 50-жылдыз кошулган.

АКШ президенти Рональд Рейган 1986-жылдын 4-июль күнү Франция президенти Франсуа Миттеран менен бирдикте кайрадан реконструкцияланган Нью-Йонктогу Эркиндик Айкелин ачкан.

Орусиядагы Арбитраждык сот туурасындагы мыйзам 1991-жылдын 4-июлунда кабыл алынган.

Греция биринчи жолу 2004-жылдын 4-июлунда футбол боюнча Европанын чемпиону болгон.
XS
SM
MD
LG