Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

9-июль: Тарых барактары


Карл IV 1357-жылдын 9-июлунда Влтава аркылуу салына турган Прагадагы Карлов көпүрөсүн түптөгөн.
Карл IV 1357-жылдын 9-июлунда Влтава аркылуу салына турган Прагадагы Карлов көпүрөсүн түптөгөн.

Түркстандык археолог күйөрмандарынын ийрими 1909-жылдын бул күндөрү Ысык-Көлдүн түштүк жээгине жакын жайгашкан Жууку капчыгайынан байыркы эстеликтин табылгандыгын билдиришкен.

Алардын иликтөөлөрүнө ылайык, Жууку капчыгайындагы эстеликтен христиандык белгилер коюлган буюм жана таш жазуулар чыккан. Көрүстөнгө коюлган таш эстеликке христиандык крест чегилип, археологиялык казуу жыйынтыгы көрсөткөндөй Ысык-Көлдүн жээгин байыркы мезгилде эле ар түркүн диний конфессиялар байырлаган.

СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1944-жылдын 9-июль күнкү Жардыгына ылайык Фрунзе облусу беш район жана бир шаарга кемиген. Жардыкка ылайык, Фрунзе облусунан бөлүнгөн Буденновск, Кировск, Ленинополь, Покровка, Талас райондору Талас облусу болуп уюшулган. Жаңы административдик биримдиктин борбору Талас шаарында орун алып, Талас облусунда Жалал-Абад облусунан бөлүнгөн Чаткал району кошулган.

Шериктеш мамлекеттер арасынан биринчилерден эл аралык эсеп жана статистика талаптарын кабыл алган өлкө Кыргызстан болгон. Кыргыз өкмөтүнүн 1992-жылдын 9-июль күнкү токтомуна ылайык, кыргыз өкмөтү эсеп жана статистиканын эл аралык стандартына өткөн.

Кыргызстандын саясий турмушундагы таасирдүү бирикмелердин бири - “Ар намыс” партиясы 1999-жылдын 9-июлунда уюшулган. Партиянын уюштуруу курултайы «Россия» кинотеатрында өтүп, анын ишине 842 делегат катышкан. Курултайда партиянын саясий кеңеши, ревизиялык комиссия жана “Ар намыстын” төрагалыгына Феликс Кулов шайланган.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун төрагасы, Нидерландынын тышкы иштер министри Яап де Хооп Схеффер 2003-жылы Кыргызстанга иш сапары менен келип, 9-июль күнү президент Аскар Акаев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушкан. Кыргызстан президенти эки тарап ортосунда кызматташтык артып, абройлуу уюмдун сунуштарын кыргыз бийлиги турмушка ашырып жатканын жана анын натыйжасы катары Бишкекте ачылган ЕККУ академиясын жана Ички иштер министрлигин реформалоо иштерин белгилеген.

Король Карл IV 1357-жылдын 9-июлунда Влтава аркылуу салына турган Прагадагы Карлов көпүрөсүн түптөгөн.

Франциянын Батыш Европадагы баскынчыл саясатын токтотуу максатында европалык жети мамлекет 1686-жылдын 9-июлунда Аугсбургск лигасын курушкан.

Коннектикут 1788-жылдын 9-июлунда АКШнын бешинчи штаты болуп калган.

Аргентина 1816-жылдын 9-июлунда Испаниядан бөлүнүп, эркиндик алган.

Орусия менен Кытай мамлекеттеринин Хасан көлүнүн аймагында өтө турган чек арасын аныктаган Ханчун келишимине 1886-жылдын 9-июлунда кол коюлган.

Ханыша Виктория 1900-жылдын 9-июлунда Австралия федерациясынын уюшулуш мыйзамын жактырган. Мыйзам алкагында кийин Австралия Федерациясы түзүлгөн.

Орусиянын I Мамлекеттик Думасы 1906-жылдын 9-июлунда таратылган.

Петербург шаарында 1909-жылдын 9-июль күнү Петр Великий атындагы шаардык училищенин имараты түптөлгөн.

И. В. Сталин 1928-жылдын 9-июль күнү “социализм өнүккөн сайын таптык күрөш курчуйт” деп билдирген.

Генерал Шарль де Голль 1945-жылдын 9-июлунда Франциянын келечектеги мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо үчүн референдум өткөрүү зарыл экендигин билдирген.

Илимпоздордун куралсыздандыруу жана эл аралык коопсуздук үчүн Пагуош кыймылы 1955-жылдын 9-июлунда уюшулган.

АКШ 1956-жылдын 9-июлунда Асуан плотинасын каржылоодон баш тарткан. Мындан улам Египет жардам сурап Советтер Союзуна кайрылган.

Менделеев таблицасындагы 102-элемент – нобелий 1957-жылдын 9-июлунда ачылган.

Канаданын Виннипег шаарында 1961-жылдын 9-июль күнү Тарас Шевченконун эстелиги ачылган.

Феодосиядагы Александр Гриндин адабий музейи 1970-жылдын 9-июлунда ишке киришкен.

Украина 1997-жылдын 9-июлунда НАТО менен кызматташуу келишимине кол койгон.
XS
SM
MD
LG