Полковник Ионов 1892-жылдын 11-июлунда бир рота казак, орустарды жана 2 замбирек алып Аличур суусунан аттанып, Бузул капчыгайына келген. Өргүүдө турган полковник Ионовдун отрядына аличурдук кыргыздар келишип, алар ооган бийлигине нааразылык билдиришкен. Ошондой эле, алар орус бийлигинен оогандардын кысымынан коргоо өтүнүчү менен кайрылышкан.
Каган аттуу соодагер адам 1914-жылы Жетисуу аскер губернаторуна Пржевальск шаарында жергиликтүү окуу жайлар үчүн окуу китептери менен соода кылчу китеп дүкөнүн ачуу сунушу менен кайрылган. Соодагердин өмүр баяны Жетисуу администрациясы тарабынан дыкат иликтенип, акыры ар бир соода түйүнүнөн жергиликтүү бийликке киреше түшөрү эске алынып, 1914-жылдын 11-июлунда Б. Каганга китеп менен соода кылууга уруксат берилген.
Пишпек уезддик II партиялык съезди 1919-жылдын бул күнү ишин аяктаган. Курултайда аймакта орун алган ачкачылык, контрреволюциячыл күчтөрдүн каршылыгын жоюу сыяктуу маанилүү маселелер каралган.
Пржевальск уездик Кеңешинин V съезди 1920-жылдын бул күнү ишин баштаган.
Ош уездинин III партиялык съезди 1921-жылдын бул күнү салтанаттуу ачылган.
Борбор шаардын калкты тейлөө пунктарынын жаңы иш графиги 1939-жылдын 11-июлунда бекитилген. Фрунзе шаардык кеңешинин чечимине ылайык борбордун ресторандары эртең мененки саат 8ден түнкү 2ге чейин, дүкөн жана дарыканалар эртең мененки саат 8ден түнкү 12ге чейинки иш тартиби аныкталган.
11-июль – Бүткүл дүйнөлүк калкты жайгаштыруу күнү. Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын жетектөөчү кеңеши 1987-жылдын 11-июль күнү дүйнө жүзүндөгү калктын саны 5 млрд. адамга жеткендигине байланыштуу бул датаны белгилөө сунушун киргизген.
11-июлда Шоколад күнү белгиленет. Шоколад мекени эсептелген Франция мамлекетинде 1995-жылдын 11-июль күнү майрамдык салтанатка негиз салынган.
Алтын текөөр согушу 1302-жылдын 11-июль күнү өткөн. Кол өнөрчүлөрдөн куралган фламанддык кошуун француз армиясын талкалаган.
Мартин Фробишер жетектеген англис экспедициясы 1576-жылдын 11-июль күнү Гренландияны ачкан.
Берлин шаарындагы Илимдер академиясы 1700-жылдын 11-июль күнү негизделген.
Франциянын мыйзамчылар жыйыны «Мекен коркунучта!» деп 1792-жылдын 11-июль күнү жар салган.
Граф Николай Шереметьев 1810-жылдын 11-июль күнү Шереметьев ооруканасын (1929-жылдан тарта Н. В. Склифосовский атындагы Москва шаардык тез жардам илим-изилдөө институту) кура баштаган.
Жапониянын тарыхындагы биринчи шайлоо 1890-жылдын 11-июль күнү өткөн.
Кокити Микимото 1893-жылдын 11-июль күнү биринчи жолу жасалма бермет чыгарган.
Август Андре эки жолдошу менен аэростат менен 1897-жылдын 11-июль күнү биринчи жолу Арктиканы изилдөөгө белсенген.
Спорт кёгли оюну боюнча эл аралык ассоциация 1905-жылдын 11-июль күнү уюшулган.
Голландия 1919-жылдын 11-июлунда 8 сааттык жумушчу күнүн киргизген.
Монгол элдик армиясы 1921-жылдын 11-июль күнү Кызыл Армиянын жардамы менен кытай баскынчыларынын колун талкалаган.
Украина улуттук-демократиялык кошууну (УНДО) 1925-жылдын 11-июль күнү Львов шаарында негизделген.
Новосибирскидеги жаш көрөрмандардын театры 1930-жылдын 11-июль күнү ачылган.
Женева шаарында 1933-жылдын 11-июль күнү баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча эл аралык конвенция кабыл алынган.
Фашисттер менен кызматташкандыгы үчүн Румыния 1940-жылдын 11-июль күнү Улуттар Лигасынан чыгарылган.
Киев шаарынын каармандык коргонуусу 1941-жылдын 11-июль күнү башталып, 1941-жылдын 19-сентябрына чейин уланган.
Ленинград областынын эски дин ишениминдеги Туховежи кыштагынын тургундары 1942-жылдын 11-июль күнү генерал Власовду вермахттын 18-армиясынын 28-пехоталык полкуна кармап беришкен. Башка бир жоромол боюнча генерал өзү колго түшүп берген.
Чехословакия мамлектинде 1960-жылдын 11-июль күнү социализм толук жеңгендиги жар салынып, өлкө Чехословакия Социалисттик Республикасы болуп өзгөртүлгөн.
Кытайдын түндүк-батышында 1975-жылдын 11-июль күнү 6 миң аскер айкелдеринин көрүстөнү табылган.
Кузбасстагы шахтёрлордун митинги 1985-жылдын 11-июль күнү башталган.
Тектүү британиялык Салман Рушдинин «Шайтан ырын» жапон тилине которгон Хитоси Игараси 1991-жылдын 11-июль күнү Жапонияда өлтүрүлгөн.
АКШ менен Вьетнам 1995-жылдын 11-июль күнү дипломатиялык мамилесин калыбына келтиришкен.
Жеткинчектердин Бүткүл дүйнөлүк оюну 1998-жылдын 11-июль күнү Москва шаарында башталган.