СССР Элдик комиссарлар комитети менен ВКП (б) биргелешип 1935-жылдын 13-июлунда «1935-жыл үчүн Кыргыз АССРнин мал чарбасын өнүктүрүү туурасындагы мамлекеттик планын» кабыл алган.
Кыргызстандын айрым маалымдоо каражаттары 1943-жылдын 13-июлунда Н аскер бөлүгү Советтер Союзунун баатыры, маркум Чолпонбай Түлөбердиевдин ысмын 9-ротага түбөлүк жазуу туурасында чечим чыгаргандыгын кабарлашкан. 9-ротанын аскерлери Чолпонбай Түлөбердиевдин душман амбразурасын денеси менен тоскон каармандыгына суктанышып, анын эрдиги алардын эсинде түбөлүк сакталаарына ант беришкен. Кыргызстандык жоокер көрсөткөн эрдик алар үчүн үлгү катары кызмат кылып, аскер бөлүгүнүн мындан ары күжүрмөндүккө үндөй тургандыгын белгилешкен.
Кыргызстан КП БКнын 1953-жылдын 13-июлунда өткөн атайын чакырылган пленумунда Маленков менен Хрущев ачыкка чыгарган «Лаврентий Бериянын Ички иштер министрлигинин СССР өкмөтүнө жасаган митайым аракетинин жүзү ачылгандыгы» туурасындагы маселе каралган. Бул маселе боюнча билдирүү жасаган Фрунзе обком партиясынын биринчи катчысы Казы Дыйкамбаев Л. Бериянын алдамчы саясатын айыптап, Коммунисттик партия мындай иштен ардайым сак тураарын билдирген.
Орус деңиз саякатчысы Витус Беринг Америка менен Орусия ортосундагы кысыкты ачуу максаты менен 1728-жылдын 13-июлунда Камчаткадан чыккан.
Англис деңиз саякатчысы Жеймс Кук 1772-жылдын 13-июлунда ааламды айланып чыгуу максатында тарыхта биринчи болуп батыштан чыгышка карай багыт алган.
«Петербургдан Москвага саякат» аттуу чыгармасы үчүн А. Н. Радищев 1789-жылдын 13-июль күнү Петропавловск чебине камакка алынган.
Москва техникалык университети 1830-жылдын 13-июлунда негизделген.
Чет элдик согуш кемелеринин Босфор жана Дарданелл кысыктарынан өтүшүнө тыюу салуу максатында Орусия, Англия, Франция, Пруссия жана Осмон империясы 1841-жылдын 13-июлунда конвенцияга кол коюшкан.
Отто Бисмарк 1870-жылдын 13-июль күнү айтылуу Эмсск депешасын жөнөткөн.
Орусиядагы биринчи телефон станциялары 1882-жылдын 13-июлунда Москва менен Петербург шаарларында орнотулган.
Амстердам шаарында 1885-жылдын 13-июлунда Голландия Улуттук музейи ачылган.
Гульельмо Маркони 1897-жылдын 13-июлунда радиого патент алган.
Биринчи жолу аялдар катышкан Лондондогу IV Олимпиадалык оюндар 1908-жылдын 13-июлунда ачылган.
Леди Астор тарабынан 18 жашка чейинки жаштарга арак ичимдигин сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун англис парламенти 1923-жылдын 13-июлунда кабыл алган.
3-Белорус фронтунун жоокерлери 1944-жылдын 13-июлунда Вильнюс шаарын немистик баскынчылардан бошоткон.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жорж Маршаллдын Европаны калыбына келтирүү үчүн иштеп чыккан планын европалык өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 1947-жылдын 13-июлунда Париж шаарында жактырышкан.
Советтер Союзундагы «Иностранная литература» журналынын биринчи саны 1955-жылдын 13-июлунда жарык көргөн. Буга чейин журнал «Интернациональная литература» деген ат менен чыгып келген.
Киров заводу 1962-жылдын 13-июль күнү К-700 «Кировец» аталган биринчи дөңгөлөктүү тракторду чыгарган.
Тажикстандагы согушка катышкан 12-Москва чек ара отрядынын 25 жоокери 1993-жылдын 13-июлунда набыт болгон.