Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Айыпталуучу Канат Сопиев өлкөдөн чыгып кеттиби?


Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан Канат Сопиев сотто суралууда. Балыкчы, 16-сентябрь, 2009-жыл.
Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан Канат Сопиев сотто суралууда. Балыкчы, 16-сентябрь, 2009-жыл.

Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан К. Сопиевдин өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда. Анын чын-төгүнүн билүү үчүн адвокат С. Жайчыбековду кепке тарттык.

- Өткөн шаршемби күнкү сот жараянында сиз жактоого алып жаткан айыпталуучу Канат Сопуевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, кайрадан камакка алуу тууралуу токтом кабыл алынган эле. Бирок бул аралыкта Канат Сопуев Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу маалыматтар айтыла баштады. Бул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

- Бул сөздөрдө канчалык чындык бар экенин мен так айта албайм. Бирок соттук тергөө башталганда эле Канат Сопуев биринчи суракка алынган. Биз ошондо айтканбыз, бул ооруп атат, ошондуктан керек учурда дарыланып турууга, ийнелерин алып турууга уруксат берүү жагын сурайбыз деп. Биринчи күнү бул ийне алып атканын мен так билем. Экинчи күнкү эртең мененки соттук жыйынга келе албай калды эле дароо камакка алуу жөнүндө токтом чыгарды. Кийин издөө жарыяланып, милицияларга тапшырма берилгендигин мен так билем. Мен ошондо эле айткам, эми кое турбайсыңарбы, бир жооп алалы өзүнөн, анан кандай чара көрөсүңөр ошого карап иш кылалы, ден-соолугу оор экендигин жакшы билесиңер десем, ага болбостон сот камакка алуу жөнүндө токтом чыгарып койгон. Анан азыр чет өлкөгө чыгып кеткендиги тууралуу менин так маалыматым жок.

- Бүгүн боло турган сот ишинде милиция кызматкерлери күбө катары көрсөтмө берери айтылып атат. Буга чейин жабырлануучулар көрсөтмө берип, алардын айрымдары айыпталуучуларга доосу жоктугун билдиришти эле. Сот муну эске алып атабы?

- Сот азырынча эске алат, эске албайт деп так айта албайбыз. Себеби сот эске алганын, же албаганын өкүмдө гана көрсөтөт. Мыйзам чегинде алганда эске алыныш керек. Бирок азыркы жасаган аракеттери боюнча аны эске албайт деп ойлойм.

- Бүгүн милиция кызматкерлери күбө катары кандай көрсөтмө бериши мүмкүн?

- Милиция кызматкерлеринен буга чейин үч адамды сураганбыз. Азыр эми канча адам күбө катары келет так айта албайбыз. Анан кандай жооп берээри аны сот жараянында билинет.

- Алар ошол күнкү болгон окуя тууралуу көрсөтмө беришет да, кантип кармагынын?

- Болгон окуяда эмнени көрдү, кимди кармады, кайдан келатыптыр, кайда баратыптыр, ушуга окшогон нерселерди айтат. Анан көбүнчө тергөөчүлөр суракты кандай жүргүзгөн, укуктук талаптарга жооп береби, эмнелер такталбай калган ушулардын баары суралат.

- Сиз адвокаттык ишмердүүлүгүңздү көбүнчөсүн бийликке оппозицияда жүргөн адамдарды жактоо менен жүргүзүп келесиз. Жеке өзүңүзгө, же өмүрүңүзгө коркунуч туулган учурлар, же сизди коркуткан учурлар болду беле?

- Ага бир тараптуу жооп бериш кыйын. Эми оппозиция өкүлдөрүн дагы кимдир-бирөөлөр жакташ керек да. Көпчүлүк адвокаттар аларды жактагылары келбейт.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG