Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Өзгөндө «атамекенчилерге» кол салуу болду


"Атамекенчилердин" талкаланган автоунаасы.
"Атамекенчилердин" талкаланган автоунаасы.

15-мартта «Ата Мекен» партиясынын Жалал-Абаддагы мүчөлөрү ур-токмокко кабылышты. Алар белгисиз адамдардын кол салуусун бийликтин буюртмасы менен маалымат таркатууга тоскоолдук катары сыпатташууда.

Окуя Ош-Бишкек жолунун Өзгөн районундагы Кароол айлынын тушунда болгон. БМВ үлгүсүндөгү автоунаачан бейтааныш адамдар Алайдагы жөө жүрүш түшүрүлгөн тасма, фотоаппаратты жана «Ата Мекен» партиясынын документтери бар баштыкты алып кетишкен.

«Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү кечээ Алай районуна барып, мурдакы коргоо министр Исмаил Исаковдун жактоочуларынын жөө жүрүшүн тасмага жана сүрөткө тартып кайтышкан. Өзгөн районунун Кароол айылынын тушунда алар отурган жеңил автоунааны артынан кууп жеткен номери жок машина оң капталга сүзүп, «Ош – Бишкек» жолунун четине токтоого мажбурлаган.
Журналист Абдувахаб Мониев (солдо) жана далысына токмок жеген Асылбек Текебаев

БМВ үлгүсүндөгү автоунаадан түшкөн алыбеттүү беш жигит өздөрүн тааныштырбай, жалалабаддыктардын автоунаасын таш бараңга алып кирген. Натыйжада «Ата Мекен» партиясынын төрт мүчөсү жана алардын машинасы менен келаткан «Пресс kg» гезитинин баш редактору Абдувахаб Мониев денелеринен түрдүү деңгээлде жараат алышкан.
Бизге кол салгандар унчукпай аракеттенгенине караганда атайын даярдалган адамдар деп эсептейбиз.
А. Текебаев

Партиянын жооптуу катчысы А. Текебаев колу, эки кабыргасынан жабыркап, мүчөлөрү И. Кулуев менен , «Пресс kg» гезит редактору А. Мониевдин баш-көздөрү көгала болуп, айдоочу менен Базар-Коргон районундагы Акман айыл Кеңешинин төрагасы О. Боронбаевдин кол-буттарына таш тийген. Талкаланган автоунаанын ичинде терезелердин күбүндүлөрү, бир нече таш жатат. Автоунаанын айнек-каалгалары талкаланган.

Түнкү саат он бирге жакын болгон кол салууну партиянын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Анын айтымында кол салган кишилер «Ата Мекен” партиясынын иш-кагаздары салынган анын сумкасы менен тасманы, фотоаппаратты тартып алышкан. Муну ал элге эркин маалымат таркатуу аракетине жасалган тоскоолдук деп баалады:

- Бизге болгон кол салуу - бул азыркы бийликтин буйругу менен жасалган уюштурулган кылмыш дейбиз. Биздин байкообузга караганда, бизге кол салган адамдар үн чыгарбай аркеттенип атканына караганда, булар атайын даярдалган адамдар болгон. Көз каранды эмес ММКлар чындыкты элге жеткирүүсүнө тоскоолдук деп ойлойм. Себеби мен өзүм журналистмин. Менин эки кабыргам сынды. Бизди таш менен уруп жатты, колума, бутума, ар кайсы жериме таш тийди.
Биз унааны токтотууга аргасыз болдук, анан таш бараң болуп кетти. Бул саясий буюртма болушу мүмкүн.
А. Мониев

«Пресс kg» гезитинин редактору Абдувахаб Мониев окуяны басылмасынын оппозициялык маанайы менен түшүндүрдү. Ал Ошто шаардык мэриянын иш-аракети тууралyу маалымат топтоп жүргөн. Кан жолдогу жаңжалды күтүлбөгөн окуя деп эсептейт:
Таш бараңга алынып, талкаланган автоунаанын айдоочу отурган орундугу

- Биз айласыз унааны токтотууга мажбур болдук. Анан таш бараң болуп кетти. Оң жагымдан таш менен уруп, көзүм жарылды. Бир жигит мага асылганда, айнектен бутуму чыгарып, тепкилеп каршылык көрсөттүм. Албетте саясий буюртма бул, атайын болушу мүмкүн. Асылбек Текебаевдердики белгилүү, булар Алайдагы И.Исаковдун колдоочуларына барып, алардын жөө жүрүшүн тартып келе жаткан болчу.

Жабыр тарткандар Базар-Коргон райондук ооруканасынан түндө алгачкы медициналык жардам алышкан. Алар ооруканага жатып дарылануунyн заpылдыгы жок деп чечишкен. Райондук ички иштер бөлүмүнө кол салгандарды таап, тиешелүү жаза, тасма менен фотоаппаратты, А.Текебаевдин өздүк документерин жана партиянын иш-кагаздарын кайтартып берүү арызын беришкен.

Акман айыл Кеңешинин төрагасы Олжобай Боронбаев белгисиз адамдардын табылышына ишенбейт:

- Элдерди коркутуп-үркүтүп өздөрүнүн бийлигин ушундай жол менен алып барабыз деп аткан адамдардын бийлиги болуп калды азыр. Райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдык, биз кайрылгандан кийин алар бир топко чейин кечигип келишти. Бирок алардан оң жыйынтык күткөн жокпуз. Дарыгерлер болсо баарыбызды тез-тез карашты.

Башы жарылган Ибрагим Кулуев
Окуя маалында партиянын мүчөсү Ибрагим Кулуевдун башы-көзү жарылган. Ал бейтааныш үч киши «атамекенчилерди» автоунаадан сууруп, сыртка чыгарууга аракет кылышканын айтат:

- Унааны кадимки кинодогудай кылып токтотуп, Мониевди таш менен жаткыра койгондо, зорго өзүнө келтирдик. Айдоочунун башы жарылды.

Райондук ички иштер бөлүмү окуя тууралуу тиешелүү маалыматтарды топтоп бүттү. Башчынын орунбасары Давран Толубаевдин «Азаттыкка» берген жообуна ылайык, андан аркы иш-аракеттерди улантуусу үчүн маалыматтар Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кароосуна жиберилди:

- Кароол айылында эки унаа келип токтотуп бизди сабап-уруп кетти деп бизге арыз менен кайрылышты. Биз бул боюнча тергөө- оперативдүү топту жөнөттүк. Окуя Ош облусунун Өзгөн районунда болгондуктан эртең менен топтолгон материалды Өзгөн районуна жөнөттүк.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG