Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Жоголгон аскердик техниканын чоо-жайы


И.Исаковдун жактоочуларынын Алайдагы нааразылык иш-чарасы, 27-март 2009-жыл.
И.Исаковдун жактоочуларынын Алайдагы нааразылык иш-чарасы, 27-март 2009-жыл.

29-октябрда Бишкектин гарнизондук сотунда Балыкчыдагы 2636-аскердик бөлүктөн жоголгон аскердик техниканын чоо-жайы териштирилди.

Сотко күбө катары чакырылган аскер адамдарынын текши баары Балыкчыдагы аскердик бөлүктөн автоунаалар өткөн жылдын июнь айындагы текшерүүдө жоголбогонун ырасташты. Анан 4 айдан кийин каттоодо турган 13 автоунаанын орду табылбай, бөлүк командиринин аскердик техникалар боюнча орунбасары Нурдин Каимов камакка алынган. Ага кошуп 2008-жылдын май айында кызматтан четтетилген коргоо министри Исмаил Исаковго өз ишине шалакы мамиле жасагандыгы үчүн айып коюлуп, 7 айга жакын убактан бери ал сыртка чыкпоо тууралуу тилкат берип убакты-саатынын кыйласын Бишкек гарнизондук сотунда өткөрүүдө.

И.Исаков созулгандан созулуп бараткан соттук териштирүүнү ага каршы жасалган саясий куугунтук катары эсептей тургандыгын билдирет.

- Келген күбөлөрдүн бардыгы ноябрда ачыкка чыкты, деп айтып жатышат. Мындай изилдеп карасак мен ошол ноябрда президентке ачык кат жөнөткөм. Саясаты жана өкмөт курамы келечекте кандай болуусу жөнүндө. Мына ошондо мага каяша айтты, дегендей кылып команда бергени ачык эле билинип калды. Ошондон булар шашып-бушуп тез аранын ичинде ишти козгой коюшуп, коркутуп-үркүтүп, басып, ушундай деп айтасыңар деген ойлору азыр чыгып жатат.

И.Исаков мындай бүтүмгө келишине 2008-жылдын июнундагы текшерүүдө чыкпаган 13 аскердик автоунаанын жок кылынганы ноябрда ачыкка чыгышы негиз бергенин айтат. Соттук отурумда Балыкчыдагы 2636-аскердик бөлүктүн мурдагы командири Рахат Эгинбаев коомдук коргоочу Топчубек Тургуналиевдин суроосуна жооп кылып автоунааларды эсептен чыгарууга министрликтен эч кандай буйрук келбегенин маалымдады.

Топчубек Тургуналиев: - Сен азыр соттун алдында кимди күнөөлүү деп эсептейсиң? Өзүңдүн күнөөң барбы ошонун ичинде? Жана айтып атпайсыңбы 5 –7 командирлер бар эле деп. Жана министрликтин андай буйругу чыкпаса жанагы 13 техниканын жок болуп кетишине кимдер күнөөлүү?

Рахат Эгинбаев: - Бул жерде Исмаил Исакковичтин эч кандай күнөөсү жок. Тиешеси, эч кандай катышы жок.

Кыргызстандын түндүк аскердик топтомунун мурдагы колбашчысы Алмазбек Бейшеев 2007-жылдын башына чейин автоунаалардын уурдалышы боюнча бир да факт катталбагандыгын ырастады.

- Ишти тапшырып жатканда автотехниканын жетишпей калышы болгон эмес.

Соттук териштирүүдө суралган аскер жетекчилеринин текши баары жоголду делген 13 автоунаага айыпталынып жаткан И.Исаковдун эч кандай тиешеси жоктугун ырасташты. Анткен менен териштирүүнүн жыйынтыгы көпчүлүк күткөндөгүдөн башкача чыгып калышы мүмкүн экендигин Исмаил Исаковдун актоочу Азимбек Бекназаров билдирди.

- Соттор дегеле ушундай жүргүзүшөт. Мыйзамды бузбоо аракетин кылып барып эле аягында “тарс” этип окуп коет да кирип кетет. Ал Кыргызстанда белгилүү нерсе.

Мамлекеттик айыптоочу Кыргызстандын аскер прокурорунун орунбасары Тимур Карабаев соттук териштирүү мыйзамдык эреже-талаптарга өтүп жатканын айтты.

- Сот тууралуу эч нерсе деп айта албайм. Антсем эртең эле прокурордун калыстыктан тайгандыгын айтып чыгышат. Ошон үчүн тараптардын жыйынтык сөзүн күтөлү. Ошол жерде айтабыз. Биздин позиция ачык жана так.

Бишкек гарнизонундагы кийинки соттук териштирүү 2-ноябрга жылдырылды.

XS
SM
MD
LG