Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

БЭК: Реформа эмес, көз боемочулук


Оппозициялык Бириккен элдик кыймыл азыркы реформаны бийликтин коомчулукту алдоо аракети жана көз боемочулугу катары баалап жатат.

Оппозициялык Бириккен кыймылдын айрым мүчөлөрү бийлик жүргүзүп жаткан башкаруу системасын жаңылоону реформа тууралуу президент жарыя кылган күнү эле сындап чыгышканы белгилүү. Бүгүн жалпы кыймылдын атынан билдирүү таратылып, анда өкмөттүн курамынан маанилүү министрликтер президенттин институтуна алынып, президенттик бийликти күчөтүү аракети жүрүп жатканы айтылган.

БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү Эмилбек Каптагаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча бийлик мына ушул реформа менен Башмыйзамды да, элди да сыйлабагандыгын көрсөттү:

Эмил Каптагаев. "Улуу биримдик" партиясынын төрагасы, БЭКтин саясий бюро мүчөсү
- Бул реформа азыркы убактагы мамлекеттин өсүп-өнүгүү максатында эмес, жеке бийликти, бийликти пайдаланып, жеке байлыкты көбөйтүүгө ылайыкташтырган гана кадамдар болуп калды. Муну элдин баары көрүп турат. Бизде азыр бийликтин структурасы өзгөргөн жок. Анткени Кыргызстанда мамлекеттеги бийлик мамлекеттик структуралардан, Конституциялык алкактын сыртында турат. Азырынча мына ушул башкаруу борбору Башмыйзам алкагынан сыртында турган учурда, өз кызыкчылыгын көздөп иштеп турган мезгилде, бийликтин берки формалдуу структурасы канчалык өзгөрбөсүн, жалпы келечектүү өнүгүүгө эч кандай өбөлгө болбойт.

Эмилбек Каптагаев айрым мамлекеттик органдарды бириктирүү жана бөлүштүрүү менен мекемелердин аталышын эле алмаштырып, баягы эле кадрлардын калып жатканын реформа дегенге эч ким ынанбайт, деп эсептейт.

20-октябрь күнү президент мамлекеттик башкаруу системасын жаңылоо тууралуу жарыялаган соң, “Ак жол” партиясы жаңы өкмөт башчынын талапкерлигин кароого киришкен. Партиянын башкы катчысынын 1-орун басары Табылды Орозалиев бүгүнкү күнгө чейин оппозициянын дооматтары суу кечпейт деп баса белгилеп келүүдө. “Ак жолчу” депутат мындай дооматтарды президент баштаган реформанын мазмунун терең түшүнбөй, түшүнгүсү да келбегендер коюп жатат деген пикирде:

Табылды Орозалиев, "Ак жол" партиясынын башкы катчысынын 1-орун басары
- Конституцияга ылайык тышкы саясат президенттин мойнунда. Тышкы саясатты президент жүргүзөт деп, Башмыйзамда жазылып турат. Тышкы иштер министрлик президентке түздөн-түз баш ийсе, мунун эмнеси жаман? Конституция бузулган жок. Албетте, реформага жараша мыйзамдарга көп өзгөртүүлөр, түзөтүүлөр киргизилет. Бирок муну Башмыйзам бузулду деп айтууга негиз жок.

БЭК бүгүн тараткан билдирүүсүндө мурдагы бийлик ээси Аскар Акаев да 1998-жылы Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү менен жеке бийлик системасын түзгөндүгү, мына ушунун аягы 2005-жылы мартта анын өлкөдөн качып кетишине алып келгендигин белгилейт. Бирок бул жолу бийликти бекемдөө элди да, Башмыйзамды да көзгө илинбей жүргүзүлүп жатат деп эсептешет билдирүү ээлери.

Саясат талдоочу Марат Казакбаев президенттин реформасынан жалаң саясат, бийликти менчиктөө жана башка саясий оюндарды көрө берүү туура эмес деп эсептейт:

- Оппозиция сындап атат. Бирок бул деле туура эмес. Реформа өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп атпайбы.
Мындай реформаны кадрлар жасайт. Карап көрсөк кызматкерлердин көбү өзүнүн ишин билбейт, адистик сабаты начар. Ошону президент сезип, кадрларды алмаштырып, кадрдык реформа жүргүзүп атпайбы. Эми бизде башка жол жок, ушул жол менен гана кетиши керек.

Ошентсе да, президент тарабынан жүргүзүлүп жаткан бул реформа эл күткөндөй болгон жок, деген пикирлер басымдуулук кылууда. Чынында президенттик 2-мөөнөтүнө отурган соң, эми мамлекет башчы эл үчүн иштейин деген го, реформа жүргүзөм деп атат деген сөздөр карапайым эл арасында, саясий-экономикалык талдоочулар тарабынан айтылып келе жаткан. Ал эле эмес, президенттин реформасын оппозиция да кандай болор экен деген таризде тынч күтүп тургандай абал түзүлгөн.

Бирок азыркы жүрүп жаткан жаңылануудан өлкөнүн келечеги үчүн чоң, жакшы бир өзгөрүүлөрдү алып келет, деп күтүү кыйын болуп турат, деген ою менен бөлүштү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев:

- Чындыгын айтканда эл бир топ күтүп аткан болчу: “Президент экинчи мөөнөтүн жакшы өтөп, жакшы таасир калтырайын деген го” депчи. Бирок реформа мамлекет башчыга бийлигин бекемдөөгө жакшы шарт түзүп берди. Натыйжада президенттик бийлик, президенттин мурунку администрациясы – азыркы институт өзүнүн таасирин аябай бекемдеди. Бир аз бир нерсе колунан келе турган структуралардын баары азыр президенттик институтка баш ийип калды.

“Көч бара-бара түзөлөт” деген сөз бар элде. Жаңыдан жүргүзүлүп баштаган реформанын жемиши кандай болору азырынча белгисиз. Бирок өкмөт жаңыдан куралып жаткан учурда эле “реформа башынан ээрге кыйшык отурду” деп баалагандар болбой койгон эмес.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG