Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Конституцияны аттаган реформа


Экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, башкаруу реформасын ишке ашырууда президент Конституцияга карабай эле жеке бийлигин күчтөнтүп жатат.

-Мукар мырза, президент башкаруу системасын реформалоону ишке ашыра баштады. Бул ишти жүргүзүүдө Конституциянын талаптары сактала бербегени айтылууда. Сиз мындай пикирлерге кошуласызбы?

- Бул жерде азыр реформа деп иш-аракеттерди жүргүзүп атканы менен, президент Конституция сакталдыбы, сакталган жокпу, аны карап деле койгон жери жок да. Бул жерде Конституцияны өтө эле бузуп жиберди деп айткандан деле алысмын. Бирок баары бир кичинекей болсо дагы бузуулардын болгонунун өзү туура эмес да.

Маселен, Мамлекеттик катчы деген бир кезегинде Конституцияга киргизилип калган Акаев тарабынан. Эми аны алып ташташ үчүн сөзсүз түрдө Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек болчу. Ал эми калган майда-чүйдөлөрдүн баардыгын тууралап келип, кийин тактап койсо болот Конституцияга өзгөртүү киргизген учурда.

Башкаруу системасын өтө азайттык, элге жакындатылат деп жатышпайбы. Мына өкмөттүн курамында 14 министр, 7 агенттик, 7 кызмат бар деп коюшту. Баарын өкмөттүн курамына киргизе турган болсо, ошондо деле 39 киши өкмөттүн курамында болот да, анан мунун азайганы кайсы.

-Тышкы иштер министрилиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өкмөттүн курамынан чыгарылды. Ошол эле мезгилде алардын убактылуу статусу жөнүндө эч кандай Жардык да болгон жок. Бул министрликтердин азыркы абалы кандай деп атаса болот?

- Мамлекеттин структурасын парламент менен президент аныктайт деп жазылып турат да Конституцияда. Убактылуу эч нерсе деле болгон жок да, структурасын дайындап койсо, башкара берсе болот. Анткен себеби Тышкы иштер министрлигинин, анан кийин мамлекеттик коопсуздук кызматынын иши өзүнчө жобонун негизинде гана ишке ашырылат. Ал эми жобо болсо конституцияга кирбейт, аны Жогорку Кеңештин мыйзамы аркылуу өзгөртүп койсо боло берет. Мыйзамдын өзүн адегенде даярдап туруп, мыйзам бузбай кетсе президентибиз, туура эле болот болчу.

-Конституцияга өзгөртүү киргизүү күтүлүүдө. Мына ошондо президенттик институтка кирген органдар аталса керек. Ага чейин бул органдарга дайындоо ишке ашабы? Ашса кайсы мызамдын негизинде?

- Мунуңуз туура. Реформаны эгерде чындап жасай турган болсо, Конституция деген өзү мамлекеттик саясат да, ошол саясатты толук Конституцияга киргизип, анан ошондон кийин гана Конституциянын негизинде органдарды түзүш керек. Ал эми Конституцияга өзгөртүү киргизбей туруп, Конституцияга каршы келген органдарды түзүү бул туура эмес.

-Мукар мырза, жалпы эле реформага кандай баа бересиз?

- Мен айтаар элем, эч кандай реформа деле жок. Илгери бирөө айтчу эле, акчамды бир чөнтөгүмдөн алып, экинчи чөнтөгүмө салып койсом эле байыгандай сезип калам деп, азыр ошондой эле болуп турат. Башка эч кандай эч нерсе жок. Биринчиден, президенттин өзүнүн жеке бийлигинин күчөп атканы сезилет.

Экинчиден, президентке өзгөчө жана майлуу жерлерди деп коебузбу, акча каражатка тийиштүү жерлер өтүп кеткен, андан кийин күч органдарынын баары президентке өтүп кеткен. Ал эми өкмөттүн курамына коргоо министрин, ИИМди киргизгени менен алар түздөн-түз президентке баш ийет. Ошондуктан күч органдарынын баары ал жакка кетип, өкмөтүбүз бүгүнкү күндө чарбачылык жүргүзө турган гана илгерки иш башкаруучудай эле болуп калды.

- Бирок өкмөт чарбадан кетебиз, чарба жүргүзбөйбүз деп атат го?

- Чарба жүргүзбөйбүз деп атап койду, бирок жүргүзбөгөндөй айласы кайсы. Социалдык маселелерди чечиш керекпи? Чечиш керек. Социалдык маселени чечкенден кийин чарба жүргүзүш керекпи? Жүргүзүш керек. Андан кийин бюджетти баланчаны толтурабыз, баланчаны чыгымдайбыз деп аракет кылыш керекпи? Кылыш керек. Мунун өзү чарбачылык эмес бекен. Туура, ар бир министр өзү башкарып жаткан тармакты саясий жагынан башкарыш керек, ал эми анын орун басарлары болобу, башкармалары болобу алардын баардыгы тең түздөн-түз өндүрүшчү адистер болуш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG