Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

А. Атамбаев: Азыркы бийликтен үмүт үздүк


Алмаз Атамбаев, 2009-жылдын 18-июлу. Бишкек ш.
Алмаз Атамбаев, 2009-жылдын 18-июлу. Бишкек ш.

23-июлдагы Балыкчы окуясы боюнча камалган оппозиция тарапкерлери ачкачылык жарыялашына байланыштуу Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевди сөзгө тарттык.

- Алмазбек мырза, минтип ачкачылык жарыялоодон бир нерсе чыгат деп ойлойсузбу?

- Кечээ “ушундай ачкачылык жарыялайбыз” деген кабар келиптир. Кайгырып атабыз, анткени мен өзүм дагы сурангам эч нерсе баштабай тургулачы деп, чыдабай кеткен го жигиттер. Анткени такыр эле калыстык, чындык жок болуп атпайбы. Азыркы бийликтен үмүт үздүк деп айтсак болот. Кудайдан эле коркпосо билбейм, мыйзам дегенине карабай эле буйруктарды аткарып атат.

- Баягыда Социал-демократтар ушул маселе боюнча бийлик менен сүйлөшүү аракеттерин жасап атышты эле. Ал эмне болуп атат?

- Роза Отунбаева (президент) Курманбек Бакиев менен жолугуп сүйлөшөм деген. Бирок кандайдыр бир оюндар болуп кетип, жолукпай калышты. Мүмкүн ошондон бир натыйжа чыгат беле. Берки ортомчулар менен сүйлөшүү деген болбогон нерсе да, билебиз да Кыргызстанда баардык нерсени үй-бүлө чечет. Менин кайгырып атканым, күнөөсү жок балдарды жөн жерден эле ушунча айдан бери кармап, кордоп атат. Алардын арасында ашказанында жарасы барлар, кургак учук менен ооругандар бар. Бул такыр эле кыянаттык да...

- Сиз ишти мыйзамдуу карап, мыйзамдуу чечүүнүн кандай жолдорун көрүп атасыз?

- Мен биринчи сотторго бардым. Ал жакта мыйзамдын жыты дагы жок, зөөкүрлүк бар, жөн эле күчкө салган бир нерсе бар. Билесиңер да, Балыкчыдагы окуя деп атат, окуя кандай болгон? Шайлоочулар мыйзамды такыр эле бузуп атасыңар деп шайлоокомго, мэриянын алдына барганда эле чыга калып автомат менен өйдө көздөй атканда, эл тарап кетти да, эч нерсе болгон эмес. Бир айнек сынган эмес, бир нерсе болгон эмес. Эми РИИБинин башчысы “чыпалагымды Кадыров сындырды” деп атат. Мен ойлоп атам мүмкүн өзү бирөөлөрдү уруп атып сындырып алдыбы деп. Эч нерсе болгон эмес. Анан бирок ушунча киши түрмөдө отурат. Арасында абдан оорулуу адамдар отурат. Бул бийлик бийликпи, же такыр эле уяты, намысы жок адамдарбы деп ойлоп атам ачык айтканда. Мен Башкы прокурордон сурандым, анчалык болсо мени эле камап салбайсынарбы, буларды эмне камап атасыңар деп. Такыр күнөөсү жок, арасында кээ бирлери жөн эле түшүп калган, жөн эле баратып, бирөөсү кандай келгенимди билбейм деп айтты. Мас абалында түшүп калыптыр.

- Эгерде бул маселени президент киришмейинче чечилбейт деген пикир туура болсо, сиз ушул маселени чечүү үчүн президент менен жолугуу аракетин көрөсүзбү?

- Албетте, бул маселе боюнча жолугушуу үчүн БЭК 11инде эле чечим кабыл алган. Баягыда Бекназаров деле айтпадыбы жолугабыз деп. Бирок ортомчулар менен жолуккандан пайда жок. Биз билебиз, бул маселенин аркасында үй-бүлө турат.

- Ошондон кийин кайра сиздер аракет кылып көрдүңүздөрбү, же президенттик администрация тараптан кандайдыр бир сөз болдубу?

- Билесиңер го, администрация баш прокурор менен, президенттин өкүлү менен сүйлөшкүлө деп атып атпайбы биздин депутаттарга. Президенттин өкүлү эмне чечет. Баш прокурор деле жаман эмес киши, ал эмне чечет. Чече турган кишилер жашынып алып буларга буйрук берип коюп отурбайбы. Бизде азыр өкмөт, же сот, же прокурор эч нерсе чечпейт да.

- Балыкчы окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинде башкы күнөөкөр катары саналып жаткан ЖК депутаты Кубанычбек Кадыров чет өлкөгө чыгып кетти деген маалыматтар айтылып атат да. Сизде кандай маалымат бар Кадыров боюнча?

- Мен ачык айтайын, мен деле ошентип уктум. Албетте биз ал бала менен сүйлөшкөнбүз, мен айткам кеткениң туура эмес деп. Бирок сотко катышкандан кийин мен ойлоп атам мүмкүн туура кылды деп. Анткени бизде сот деген жок экен да. Сот деген бизде азыр таптакыр эле жок болуп калыптыр, бир киши отурат соттун киймин кийип алып...

- Сиз ачкачылык жарыялап аткандардын акыбалын билүү үчүн Караколго барууга, же кандайдыр бир жолугушууга аракет жасадыңызбы?

- Бизде алар менен байланыш бар. Суранып атабыз кармабай эле койгулачы деп. Кечээ да сурандык. Алар айтат биздин кайрылууну чыгаргыла деп. Аларды да түшүнсө болот да, эч кандай күнөөсү жок адамдар түрмөдө отурса ушунча айлардан бери. Анан атайлап албетте баралы деп атабыз. Жакында үй-бүлөлөрүн кыдырып ун, кант, күрүч, майларын таратып бердик. Билесиңер, ЕККУ да мыйзам бузуунун баары бийлик тарабынан дегендей билдирген, анан ошол бийлик тарабынан бузууларды жасагандарды камабайбы анчалык болсо. Жөн эле жүргөн бир байкуш дыйкандарды камап, кордоп, бул бийлик зөөкүрлүк кылып атат.

- Ачкачылык жарыялап аткандарга жолугуу мүмкүнчүлүгү барбы сизде?

- Албетте мени киргизбейт, мен депутат эмесмин, статусум жок. Бирок эптеп-септеп байланышып атабыз. Токтоткула деп суранып атабыз. Мен айткам дароо эле ачкачылык деген болбосун, анткени бизге силер тирүү керексиңер деп. Айтып атпаймбы, арасында кан кускандар, кургак учук менен ооругандар бар. Эми билесиңер, бийлик добушту, жеңишти уурдап алды. Атамбаев өзүнүн талапкерлигин алды деп шак эле, ачык эле алды. Ошону менен тынчып жыргап отура бербейби...

- Маегиңизге рахмат.


Оппозиция жөө жүрүшүн токтотту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00


"Азаттыктын" архивинен. Тасма: Оппозиция жөө жүрүшүн токтотту

ИИМ менен Баш прокуратуранын эскертүүсүнөн улам оппозиция жөө жүрүшүн токтотуп, Балыкчыга лидерлер гана бара турган болду. Алар 23-июлда, президенттикке шайлоо күнү Балыкчыда камалгандарды дароо бошотууну бийликтен талап кылууда. 2009-жылдын 30-июлу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG