Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Акыйкатың барбы, айланайын?


Балыкчыда жыйын катышуучуларын кармоо учуру
Балыкчыда жыйын катышуучуларын кармоо учуру

2-декабрда парламенттеги социал-демократиялык фракция башкы прокурорлукка Нурлан Турсункуловду, ошондой эле Жогорку Сот мүчөлөрүн дайындоого макулдук берди.

Чыгышы Балыкчыда, борбору Бишкекте, батышы Жайыл районундагы Петровка айылында өтүп жаткан сот жараяндарына биртоп эл аралык уюмдардын кызыгуусу артып, Башмыйзамда белгиленген эреже-тартиптердин сакталышына кылдат баам таштап туру. Мурунку бийлик тушунда саясий куугунтукка кабылгандардын саны 11 адамга жетсе, соңку эки жылдан бери андайлардын катары 98 адамга көбөйгөнү көпчүлүктү кайдыгер калтырбасы турулуу иш.

Парламенттеги бирууч оппозиция - социал-демократиялык фракциянын жыйынында Жогорку сот мүчөлөрү менен башкы прокурорду дайындоого макулдук берүү маселеси кызуу талаш-тартыштар менен коштолду. Аны социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева Балыкчыдагы сот жараянына байланыштуу момундайча мүнөздөдү.

- Биз баарыбыз адамбыз, Кудайдын алдында жүрөбүз. Баарыбыз көргө кетебиз. Баарыбыз эле кетебиз, ушул залда отургандар. Таң калып отурам. Президент кандай ойдо болсо да сиздер чындык менен акыйкаттын арыгын чабышыңар керек эле. Саясат же кимдир бирөөгө кызмат кылбашыңар абзел. Балыкчы соту боюнча силер коом алдында утулуп калдыңар. Эл алдында уят болдуңар. Бул жигиттердин деми бийик экен.

Фракция жыйынында Бишкектеги гарнизондук сотто аскер прокуратурасы мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратуу, аскердик эн-белгилерин тартып алуу өтүнүчүн коюп, Петровкадагы сотто тергөө маалында топтолгон далилдердин текши баары дал-далынан кетип жатканы маалымдалды.

Жогорку Сот төрайымы Жаңыл Алиева соттук териштирүүдө айып коюучу тарап менен айыпталынып жаткан жактын талашы эч качан калыс, так чечилбей тургандыгын отургандардын эсине салды.

- Эгер тараптар өздөрү далилдеп, чогулуп туруп бир далилди кармап туруп алса эмнеликтен алгачкы сот ал үчүн жооп бериши керек? Ишти кароодо материалдык-жазык жагында одоно катачылыктар кетсе сот сөзсүз жоопкерчилик тартат. Андай фактылар бизде бар, 58 сот кызмат жагынан жоопкерчиликке тартылды.

Анкен менен сот калыстыгына ишеним кыргыз коомчулугунда өтөле сейрек. Парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Иса Өмүркуловдун айтуусунда, соттордун мыйзамдык эреже-тартиптерди бузуп, адам укуктарын бузуш учурлары жалаң Кыргызстандын эмес, жаамы эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун жаратууда.

- Ушу азыр бизде Венеция комиссиясынын өкүлдөрү жүрүшөт. Бул маселе алар тарабынан негизги проблема катары коюлууда. Бизде адам укугунун сакталышы жайындагы абал кандай? Ошон үчүн сиздер, Жогорку сот мүчөлөрү, элдин каргышына калбасаңар! Элдин убал-сообуна карасаңар!

Ушу тапта Башкы прокурордун милдетин аткарып жаткан Нурлан Турсункулов жаңы кызматтын негизги иш милдеттеринин катарына кадрларды жаңылоо кирип жатканын белгилеп, фракция жыйынында кеп болгон Көл кылаасындагы Түп району менен Каракол шаарынын прокурорлорунун иши кылдат текшериле тургандыгын билдирди.

- Эгер алар күнөөлүү болсо албетте, жазаларын алышат.

Президенттин Жогорку Кеңештеги расмий өкүлү Досаалы Эсеналиев фраккция жыйынында арбын кеп болгон Балыкчыдагы сотко токтолуп, социал-демократтар ишенген элди ара жолдо таштап кетишкенин айтып, Кубаныч Кадыровдун маселесин фракция мүчөлөрү менен талкуулашканын ортого салды.

- Алдына келип баарын айтып берсе жакшы болмок,- деген пикирин билдирди. Андан соң фракция жетекчиси менен президент өкүлүнүн ортосунда момундай кайым айтыш жүрдү.

Роза Отунбаева: - 14 кишинин күнөөсү эмнеде? Эмнеге аларды бошотпойсуңар? Карапайым жөнөкөй адамдар, мына 4 айдан бери ошол жерде чирип отурат.

Досаалы Эсеналиев: - Сиздер бошотпойсуздарбы? Жоопкерчиликти өзүңүздөргө албайсыздарбы? Маселе ошондо да, силердин радикалдуу жолду тандап алып, ошолорду түртүп коюп туруп атканыңыздарда болуп жатпайбы.

Роза Отунбаева: - Мына Ноокаттагы элди эмне кылдыңар?

Досааалы Эсеналиев: - Ноокатты бул жерге аралаштырбагыла!

Азырынча парламенттеги азчылыкты түзгөн социал-демократиялык фракциянын позициясы көпчүлүктүн үстөмдүгү алдында басылып калууда. Антсе да бийликтин бир бутагындагы ачык оппозиция Роза Отунбаеванын ырасташынча, Борбор Азиядагы жападан-жалгыз парламенттеги пикирлердин ачакейлиги катары чыгууда.

XS
SM
MD
LG