Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Эл аралык уюмдар гумжардам көзөмөлүнө кызыкдар


Ошко келген гумжардам, 14-июнь.
Ошко келген гумжардам, 14-июнь.

Бириккен Улуттар уюму, ЕККУ, Евробиримдик Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр.

Бирок бул уюмдардын өкүлдөрүн жабырлануучулардын ар бирине кантип жардам жеткиребиз деген суроо түйшөлтүүдө.

Ош шаарынын тургуну Сыргак 11-июндан берки коогалаңдуу окуяларга күбө болууда. Түштүк борбордо азыр абал тынчтанганы менен азык-оокат жетишсиздиги чоң маселеге айланууда дейт ал:

- Менин билишимче, Оштун бир нече райондорунда азыр эң керектүү ун, май азыктары таркатылып жатат. Бирок мындай жардамдар айылдарга жеткен жок. Көчөгө чыккандарга гуманитардык жардам берилгени менен үйдө отургандар эч нерсе алышкан жок. Негизинен алганда жардам жетишсиз деп айтсак болот.

БУУнун, ЕККУнун жана Евробиримдик өкүлдөрү Кыргызстандын түштүгүндөгү абалдын турукташышына дүйнө коомчулугу кызыкдарлыгы тууралуу билдирүү таркатышты.

Ош, Жалал-Абад аймактарына Бириккен Улуттар уюму, Кызыл чырым, Кызыл жарым ай коому тараптан медициналык жана азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүлө баштагандыгы белгиленүүдө. БУУнун башчысынын атайын өкүлү Мирослав Енче учурда Кыргызстанга кандай багытта колдоо керектиги такталып жатканын айтат:

- Биз бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын түштүк аймагына аз гана жардам көрсөтүүгө жетиштик. Бирок кампаларда 1400 тонна гуманитардык жардам даярдап койдук. Жүк ташыган учактарыбыз Кыргызстанга учуп келүүгө даяр. Азыркы маалда жардамдын кайсы түрлөрүнө муктаждык чоң экендиги такталууда. Биз жардамды жеткирүү багытында убактылуу өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзөбүз.


Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандын түштүгүндөгү абалды турукташтыруу, өлкөгө гуманитардык жардам көрсөтүү жана качкындар маселесин чечүүнүн зарылдыгына токтолушту.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жетекчисинин Кыргызстандагы атайын өкүлү Жаныбек Каримжанов гуманитардык жардам маселесинде айкындуулук биринчи кезектеги зарылдык экенин билдирди.

- Бүгүнкү координациялык кеңеште биз Кыргызстанга көрсөтүлө турган жардам маселесин да талкууладык. Гуманитардык колдоо жетиштүү болот. Бул жерде азыктарды жеткирүүдө маселе чыгып жатат. Алсак Ошко жүк жеткени менен андан ары ар бир жашоочуга ошол колдоо толук бойдон жетеби. Азырынча биз туура жеткирилгидей жана коопсуз болгон жолун таба элекпиз. Ошондуктан биз бул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз.

Акыркы маалыматтар боюнча, Ош шаарынын аэропортуна 200 тонна гуманитардык жардам жеткирилген. Алардын көпчүлүгү ар кыл уюмдардан жана жеке адамдардан жиберилген азыктар. Бул гуманитардык жардамдар Өзгөчө кырдаал мнистрлигинин күчү менен Оштогу кампаларга жеткирилүүдө.

Гуманитардык колдоолорду бөлүштүргөн комиссиянын мүчөлүгүнө бейөкмөт уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү да кабыл алынууда. Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Эльмира Ибраимова бул кадам ар кандай сөздөрдүн чыгышына жол бербейт деген ишеничте:

- Ош шаарынын мэриясы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте иш жүргүзүүдө. Алар келген арыздардын негизинде азык-түлүктөрдү кампадан алып чыгып, өздөрүнүн районундагы элге таркатууда. Учурда ал жердеги убактылуу өкмөттүн өкүлү бөлүштүрүү жагын көзөмөлдөп жатат. Биз алардан комиссиянын курамына коомдук уюмдарды жана активдүү жарандарды да кошуусун сурандык. Анткени баардык жардамдар акыйкат бөлүштүрүлүшү керек.
XS
SM
MD
LG