Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Кыргызстан Жапонияга IT-технологиясын сатат


Жапонияга IT технологиясын экспорттогон "Керемет технологиялар" компаниясынын кызматкерлери.
Жапонияга IT технологиясын экспорттогон "Керемет технологиялар" компаниясынын кызматкерлери.

Борбор Азиядагы бул чакан өлкө алдыңкы технологиянын ордосу болгон Жапонияга IT-технологиясын экспорттойт дегенге ишенээр белеңиз?

Мунайзат, газ өңдүү тез жана кымбат сатылуучу ресурстарга жарды Кыргызстан интеллектуалдык технологияга басым жасоого аргасыз болууда.

"Керемет технологиялардагы" керемет иштер

Кыргызстандагы “Керемет технологиялар” («Unique Technologies») өндүргөн продукцияларынын 50% Жапонияга чыгарат дегенге көп ишене бербей, компанияга баш бактым. Өнүккөн, бай Жапония өлкөсү Кыргызстандан эмнени алып жаткандыгы кызыктырбай койгон жок. Аталган компания Жапониядан сырткары Америка, Британия, КМШ өлкөлөрүнүн жана Кыргызстандын ичиндеги үлкөн жана чакан компаниялар менен да иштешет экен.

“Керемет технологиялардын” менеджери Роман Кононов алар компьютердик программалардын түрлөрүн атайын иштеп чыгып, аталган өлкөлөргө чыгарарын айтып берди:
Роман Кононов

- Биз ар кандай түрдүү программаларды жазабыз. Бардыгын. Батыш кардарлары үчүн эң жөнөкөй веб-сайттан тартып, беш миңден ашуун киши иштеген чоң компаниялардагы башкаруу, эсептөө жана ресурстарды башкаруу системаларын иштеп чыгабыз. Негизинен Жапониянын рыногу үчүн иштейбиз. Конкреттүү эсептегенде ишибиздин 50 % ошол жакка чыгат. Анан Америка, Британия жана КМШ өлкөлөрүндө кардарларыбыз бар. Жергиликтүү базарга да акыркы кезде ишетеп жатабыз, бирок азырак.

“Керемет технологиялар” компаниясы негизинен эскпортко басым жасасашат. Иштеп чыккан программалар көлөмүнө жана оор, жеңилине карап бааланат. Мисалы бир программаны төрт-беш адам команда болуп иштеп чыгышат. Айрымдары бир айда иштелип чыкса, бир жылдап аягына чыга албай жаткан оор программалар да бар. “Керемет технологияларда” айлык акы да иштин көлөмүнө жараша. Мыдайча айтканда Кыргызстанда отуруп деле айына 2-3 миң доллар айлыкка жетишсе болот экен. Ал эми Жапониянын кызыкканы - Кыргызстандан алынган программалар арзанырак. Ошол эле компьютердик программаны Жапониянын өзүнөн же өнүккөн өлкөлөрдөн андан алда канча кымбат алышы мүмкүн.

Он жылда элүү миң жумуш орун

Ушул багытта иштеген адистер Кыргызстанды интеллектуалдык бизнес аркылуу деле таанытып, имиджин жогорулатууга толук мүмкүн дешет. Ал үчүн "Керемет технологиялар" Кыргызстандагы IT багытында иштеген ишканалардын башын бириктирип, Жогорку техникалык парк түзүү демилгесин көтөрүүдө.

Роман Кононов бул IT-технология багытында иштеген ишкерликтин көмүскөдөн чыгуусуна шарт түзмөк деп эсептейт.

- Кыргызстан үчүн – бул биринчи кезекте имидж болуп бермек. Бул үчүн эч кандай каражат, парк үчүн атайын имарат куруунун деле кажети жок. Мамлекет тарабынан жер бөлүү деле талап кылынбайт. Мамлекетке болгону бардык компаниялар кандайдыр бир ассоциацияга биригиш үчүн салыктан жеңилдиктер керек. Мисалы программистке деле иши ачык эмес, кандайдыр бир көз боёмочулук кылган бир компанияга кирип ишетегенден көрө, чет өлкөгө кетип калган жакшы да. Азыр бардык иш кагаздары, мыйзам долбоору даяр. Мамлекеттин мыйзамды кабыл алып берүү жаатында гана колдоосу керек болуп турат.

IT-технология багытында иштеген адистер Кыргызстанда күчтүү программисттер жетишээрлик дешет. Роман Кононовдун айтымында, өлкөдө мыкты, жаш деген 500дөн ашуун программисттер бар. Ал эми “Керемет технологиялар” компаниясынын маркетинг боюнча менеджери Жаныбек Моңолбаевдин айтымында, Кыргызстан IT-технология багытында 10 жылдын ичинде 50 миңге жакын адамды жаңы жумуш оруну менен камсыз кыла алат.
Жаныбек Моңолбаев

- Мындай тажрыйбаны Индия, Ирландия жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы да тастыктап турат. Ушул өлкөлөр кыска убакыттын ичинде интеллектуалдык бизнес аркылуу экономикадагы өсүү стратегиясын карап чыгууга жетишкен. Соода-сатык бизнеси абдан кыска убакыттуу жана аны көзөмөлдөө, баалоо абдан кыйын. IT-технология бизнеси чоң жыйынтыктарды берет. Кыргызстанга андай инвестордун деле кереги жок. Азыр иштеп жаткан компаниялар өздөрү аздыр-көптүр өнөктөштөрдү таап алышкан. Мамлекеттен ачыкка чыгуу үчүн колдоо гана керек. Ошондо он жылдан кийин ошол эле 50 миң киши бир жылда 20 млрд. доллар иштеши мүмкүн.

Ошентип адистер мунайзат, газ өңдүү тез жана кымбат сатылуучу ресурстарга жарды Кыргызстан интеллектуалдык технологияга басым жасоо менен жакшы киреше таап, жогору маяна алууга толук мүмкүн дешет.
XS
SM
MD
LG