Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Люстрация: Кыргызстанда ким иштейт?


Эки бийликтен эл жоопкерчиликти талап кылып келатат
Эки бийликтен эл жоопкерчиликти талап кылып келатат

Келерки жумада мурдагы бийлик тушунда мамлекет, эл кызыкчылыгына каршы иштеген саясий кызмат жетекчилерин жооптуу ишке жолотпоо жөнүндө декрет долбоору Убактылуу өкмөттө талкууланмакчы. Анткен менен жаңы мыйзам демилгеси алдыдагы парламенттик шайлоодо ошол эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн айрым атаандаштарынын жолун тосуу амалы экени да айтылууда.

Кезек бийликке келди

90-жылдары коммунисттик режим кулаган соң Чыгыш Европаданы мурдагы социалисттик, постсоветтик республикалардан Балтика боюндагы үч республика, ошондой эле Украина жооптуу кызматтарды ээлеп келгендерди андай ишке экинчи жолоткус кылып атайын мыйзамдар кабыл алышкан. Орусияда да ошондой демилге көтөрүлүп, бирок ал кийин токтолуп калган.

Эки ирет президенттик бийликти күч менен алмаштырган Кыргызстанда мурдагы бийликте жооптуу саясий кызматтарды ээлеп отургандарды андай орунга эми отургузбаш үчүн жаңы декрет долбоору даярдалып жатканын Убактылуу өкмөт мүчөсү Топчубек Тургуналиев маалымдап, андай чектөөгө кандай жетекчилер кире турганын момундайча чечмеледи.

- Бир топтору мамлекеттик бийликке эч качан алынбасын! Мамлекеттик бийлик деген үч тараптуу болот. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги. Ошолорго алынбасын, шайланбасын деген жобо болот. Бир беренеси. Экинчиси. Мына ошолорго түздөн-түз көмөк кылып жүргөн адамдар. Алар беш жылдан он жылга чейин ошондой укугунан ажыратылсын деген болот.

Чектөө кем болбой, баарына тең болсун

Эмнеликтен андай чектөө жуп парламенттик шайлоо камылгасы башталганда чыгып калганы артынан биртоп түкшүмөл ойлорду жаратууда. Аны ушу тапта өзгөчө ур-тепкиге алынып жаткан мурунку бийликте өкмөт башчынын экономикалык, эларалык кызматташтык маселелерине жоопкер экс 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров белгилейт.

- Бул мыйзамды кабыл алуу шайлоого айрым бир күчтөрдү, айрым бир адамдарды, айрым бир кишилерди катыштырбай коелу деген ниет болсо керек. Бирок бул 7-апрелдеги окуяларга катышы бар деп, сот өзү аныктай турган болсо алар өздөрү жооп бериши керек. Андан кийинки дагы күнөөлүү кишилер бар да. Андан кийин бийликте отуруп, ошол жерде маалыматтын баарын алып туруп, тилекке каршы, каргашалуу Ош менен Жалал-Абаддагы окуялардын болуп кетишине түздөн-түз өздөрү кийлигишпесе да себепкер болгон кишилердин бардыгы ушундай мыйзамдар менен чектелиши керек. Анда Кыргызстанда ким иштейт?

“Арнамыс” партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиевдин пикиринде, ушу тапта жаңы декрет долбоорунун кабыл алынышына кызыкдар Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көбү А.Акаев, К.Бакиев ушунда жооптуу кызматтарды ээлеп турушкан.

- Азыркы убактылуу бийликте тургандар деле ошол кезде иштешкен. Алар деле көп иштерге аралашкан. Ким ошону объективдүү, мыйзам чегинде карай алат? Бизде калыс боло турган кишилерди мен көрбөй жатам. Анан бул саясий бир өч алуу эле болуп калат. Ушу азыр саясий чектөөнү көтөргөн кишилер өздөрү А.Акаев кезинде иштеген. А.Акаевге калпак кийгизип кандыкка отургузган. Кийин К.Бакиевге деле кийгизген. Чектөөнү биринчи ошолордон башташ керек.

Т.Тургуналиев өзү негиздеген “Эркиндик” партиясынын атынан мурунку бийликтин камчысын чаап беришкен айтылуу “Алга Кыргызстан”, “Акжол” партияларын мыйзамдан тыш деп жарыялоо тууралуу сотко кайрылыша тургандыгын да кошумчалады.

Мурдагы бийлик тушунда жооптуу кызматтарды ээлеп, мамлекет кызыкчылыгына каршы иш кылгандарга колкабыш кылган, болбосо андайлардын аракетине кайдыгер карап тургандардын укугун чектөө кандай мыйзамдык чен-өлчөмдөрдүн негизинде жүрө тургандыгы да азырынча белгисиз. Т.Тургуналиев жаңы декрет долбоору Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн эки жолку жыйынында козголуп, аны кесиптештеринин дээрлик баарысы колдоого алышканын айтып, козголуп жаткан маселе эл арасында кыйла кызуу талаш-тартыштарды жаратарын эскертти.

XS
SM
MD
LG