Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

К.Осмоналиев: Динди жамынып өз көз карашын таңуулаган шылуундар бар


Бишкектин эски өкмөт аянтындагы Курман айт майрамдык намазы
Бишкектин эски өкмөт аянтындагы Курман айт майрамдык намазы

Кыргызстанда көпчүлүк ата-энелер баласын окутуу үчүн мектепти эмес, медреселерди тандоодо. Мындай шартта алдыда сабатсыз муун көбөйөт деген коркунуч бар деген оюн Мамлекеттик дин комиссиясынын жетекчиси Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирген.

“Азаттык”: - Каныбек мырза, ушул тапта өлкөдө канча медресе бар, алар кандай иштеп жатат?

Каныбек Осмоналиев:
- Кыргызстан көз карандысыздыкка жеткенден бери мурда бир дагы медресе болобосо, азыр алтымышка жакын медресе бар. Анын элүү экиси каттодон өтүп, өзүнүн иштерин легитимдүү жүргүзүп жатат. Кыргызстан үчүн бул абдан чоң сан экенин ачык эле айтыш керек. Мисалы 20 млн. калкы бар кошуна өлкө Өзбекстанда сегиз медресе, бир ислам институту бар. Бизде сегиз ислам институту, бир ислам университети бар. Бирок медреселердин баары бүгүнкү талапка жооп бербейт.

“Азаттык”: - Соңку мезгилдерде ата-энелер балдарын мектептен алып медреселерге берип жаткан көрүнүштөр көбөйгөнүн айтып жатышат да…

Каныбек Осмоналиев: - Ооба, Билим берүү мыйзамы боюнча тогуз жылдык окуу милдеттүү болуп эсептелгени менен кээ ата-энелер балдарын медреселерге тапшырып атат. Бул бала менен кыздын келечегине абдан чоң маселе түзүп жатат. Себеби көп эле медреселерде куран жаттатып, хадистерди окуткандан башка эч нерсе билим беришпейт. Бул Кыргызстаныдн келечеги үчүн, кыргыздардын келечеги үчүн абдан чоң маселе жаратууда.

“Азаттык”: - Каныбек мырза, бул маселени кандай жол менен чечиш керек, сиз кандай сунуштарды айтасыз?

Каныбек Осмоналиев: - Бул багытта билим берүү азыркы замандын талабына так жооп бере тургандай деңгээлде болушу керек. Ошондуктан жалпы билим берүү мектептеринде бүткүл дүйнөлук диндердин тарыхын окутууга аракет кылып жатабыз. Бир эле биз калдык, Казакстан былтыр киргизди, Орусия март айынан баштап киргизгени жатат, Тажикстан, Өзбекстан да эбак киргизген.

“Азаттык”: - Медреселердин ушунча көп ачылып кетишине эмне себеп болду?

Каныбек Осмоналиев: - Ачтырбаш керек болчу. Бирок убагында формалдуу иш кагаздарды алып ачып алышкан, мыйзамга каршы келген иштерди жасап алышкан. Бир медресенин иш планы экинчиси менен төп келишпейт. Бирөөсү Пакистандын таасиринде, экинчисиси түрктөрдүн, арабдардын таасиринде ачылып калган. Унификацияланган саясат муфтият тарабынан жүргүзүлгөн эмес. Эмне үчүн медресени бүткөн бала информатика билбеш керек, тилдердин табиятын, араб тилин, англис тилин, математиканы эмнеге окутканга болбойт? Бүткүл дүйнөдө азыр ошондой шарт болуп атат.

“Азаттык”: - Эгер медресеге тартылган жаштар, балдар көбөйсө бир муун билимсиз болуп калышы мүмкүн деген коркунуч жок эмеспи?

Каныбек Осмоналиев: - Андай коркунуч бар. Мен абдан ошого тынчсызданам. Себеби куранды жаттап, бир-эки хадисти жаттап алган менен эле уул-кыздарыбыз өзүнүн турмуштук шартын оңдоп кете албайт. Табият берген илим-билимге ээ болуп, мусулманчылыкты кармаганга эмнеге болбосун. Биз маселени ошондой коюп жатабыз.

“Азаттык”: - Коомчулук арасында динди жамынып башка уюмдун иштерин жасап жүрөт деген сөздөр айтылып жүрөт. Ушул жагынан коркунуч барбы, жокпу?

Каныбек Осмоналиев: - Андай коркунуч деле жок. Бирок динди жамынып алып өздөрүнүн саясий, меркантилдик көз карашын элге таңуулап жүргөн берендер, шылуундар бар. Ошонуну аркасынан ээрчип кетпес үчүн биздин балдарыбыз мектеп жашынан эле дүйнөлүк диндердин тарыхын, деги эле диндин чыныгы баалуулугун билип чоңоюш керек. Динди кармаган киши эч убакта экстремисттик андай нерселерге барбайт.

“Азаттык”: - Чет жакка медресеге окуп кеткен жаштар да бар да?

Каныбек Осмоналиев: - Бар, тилекке каршы, Пакистандын Лахор, Райвант шаарларына даватчылар курсуна барып жүрүшөт. Бул дагы өкмөттүн, анан муфтияттын көзөмөлүнөн чыгып кеткен. Турист катары барышып эле, ал жакта калып окуп, ар кандай көз караштар менен келип жатышат. Бирок акыркы беш жылда Сирия, Иордания, Египет жана Араб өлкөлөрүнүн ислам институттарында окуп жатышат. Азыр кыркка жакын бүтүрүүчүлөр Кыргызстанга келип калышты. Бирок, тилекке каршы, алар муфтият тарабынан жумушка тартылбай жатат. Мени ушул өкүндүрөт. Алардын фундаменталдык абдан жакшы билими болгондон кийин аларды имам, имам-хатиб кылып, казыга чейин көтөрүп иштетсе абдан жакшы болот эле.

“Азаттык”: - Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG