Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Жалал-Абад: Акмат Бакиев коомчулукка коркунучтуу беле?


Акмат Бакиев Тейит айылында, 2010-жылдын 11-апрели.
Акмат Бакиев Тейит айылында, 2010-жылдын 11-апрели.

Мурдагы президенттин иниси Акмат Бакиевдин кармалышы боюнча Жалал-Абад коомчулугунда ар кыл пикирлер айтылууда. Облус прокуратурасы анын апрель айынан берки окуяларга түздөн-түз катыштыгы бар экенин белгилөөдө.

Облус прокурору Каныбек Турдумамбетовдун айтымында, кечээ Жалал-Абадда кармалган Акмат Бакиевдин апрель ыңкылабынан кийинки окуяларга тиешеси бар. Ал бир тууган агасы бийликтен кеткенден кийин, 8- апрелден тарта облуста бир топ мыйзамсыз иштерди уюштурган. Бир туугандары, жан-жөкөрлөрү менен бирге куралдуу топ түзүп, Жалал-Абад облустук бийлигин ээлеп алууга жасалган иш-аракеттерге тымызын багыт берип турган. Ушундай мыйзам бузуулары үчүн ага 25-апрелде сырттан айыбы угузулуп, камакка алуу тууралуу сот чечими чыгып, издөө жарыяланган. Облустук бир нече мекеме-уюмдар менен жеке адамдардан Акмат Бакиевдин коррупциялык иш-аракеттерине чара көрүүнү өтүнгөн кайрылуулар облустук прокуратурага келип түшкөн.

Облус прокурору ошондой эле кармалган учурунда ага жактоочусунун катышуусу менен айыбы угузулуп, тергөө ишинин кызыкчылыгына байланыштуу Бишкекке жөнөтүлгөнүн билдирди:

- 19-апрелде облустук администрацияны ээлеп алышып, облустук ички иштер башкармасын басып алууга аракет жасап, албетте куралды басып алууга максатында кылмыштарга барышкан. Облустук прокуратура тарабынан 25-апрелде сырттан айыбы угузулуп, соттон баш коргоо чарасы камакка алуу тандалып, издөө жарыяланган.

13-14-майда облустук бийликти ээлеп алгандар азыркы бийликти жактагандар тарабынан сүрүлүп чыгарылгандан кийин мурдагы президенттин Тейит айылдындагы үйү өрттөнгөн.

Жалал-Абад шаарынын атын атагысы келбеген жашоочусу А. Батыров атындагы “ Элдердин Достугу” университетинин өрттөлүшүндө да өч алууну көздөгөн А. Бакиевдин салымы бар деп эсептейт. Анын облуста “көмүскө губернатор” деп аталышы да бекеринен эмес, бийлик уюмдарына кийлигишпесе, минтип айтылбайт эле. Акмат Бакиевдин кармалышы туура болду, дейт облус тургуну:

- Азыр Санжар Бакиев кармалды деп атышат, Акмат Бакиевдин да тиешеси бар болчу, болбосо жашыруун жүрбөйт эле да. Түздөн-түз байланышы бар дегендин себеби өрттөлгөн үйлөр боюнча өч алуу үчүн ошол иштерди уюштуруп, өзү түздөн-түз катышкан адам деп ойлойм.

Экс-президенттин инисине нааразы пикирди Жалал-Абаддын дагы бир тургуну Бахтиярдан да уктук:

- Мен кыргыз коомчулугуна жек көрүндү болгон Бакиевдердин үй-бүлө мүчөсүнүн бири – Акмат Бакиевдин колго түшүрүлүшүн - азыркы президент менен өкмөттүн жана тартип коргоо уюмдарынын чоң жетишкендиги деп эсептейм. Бул окуя кырдаалдын турукташуусуна өбөлгө түзөт. Себеби бийликти төңкөрүү ою менен элди ууктуруп, июнь айындагыдай кайгылуу окуяларга чакырган чагымчыларды четте кармап туруу менен биз өз багытыбызда туура өнүгө албайт болчубуз.

Акмат Бакиев агасы Курманбек Бакиев президенттикке шайланганга чейин эле бут тосууларга карабай, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына бир нече ирет шайланган. Шаардык кеңештин сессияларында шаар турмушун жакшыртуу көйгөйлөрүн көтөрүп, “Сали-Ата” фирмасы аркылуу Жалал-Абаддагы социалдык жактан корголбогон жарандарга жардам берип келген.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппарат башчысы Бакыт Адылов Акмат Бакиевдин бир тараптуу айыпталганына кошулган жок. Анын белгилешинче, Акмат Бакиев коомчулукка зыян тийгизчү адам эмес. Ага коюлган массалык баш аламандыктарды уюштурду, улуттар аралык араздашууга себепчи болду жана облбийликти басып алууга аракет кылды деген айыптоолордун канчалык негиздүү экендигин тергөө иши аныктайт. Бирок кыргызда “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген макалды унутпоо абзел дейт, Бакыт Адылов:

- Мен коомчулукка эч кандай коркунуч келтирген деле жок деп ойлойм. Анткени митингге чыккан адамдардын арасынан көргөн жокпуз. Теледен, же элдин арасынан угалган жокпуз Акмат Бакиев массалык башаламандыктардын арасында курал көтөрүп тобу менен жүрөт деп. Андан мурун обладминистрацияны басып алууда да анын атын уккан жокпуз.

Ошентип Акмат Бакиевдин кармалышы боюнча коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. Акмат Бакиев агасы Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда аймакта “көмүскөдөгү губернатор” катары да таанылып калган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG