Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Р.Жээнбеков: "Ата Мекен" татыктуу сунуштарды колдойт


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

“Ата Мекен” партиясы коалиция түзүүдө чечүүчү ролду талап кыларын партия лидеринин орун басары Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди.

- Өткөн апталарда Социал-демократтар "республикачылар" менен биригүүнү чечкенин айтып чыгышса, “Ата Журт” “Ар-намыс” менен стратегиялык келишим түзгөнүн билдирген. Эми азыр ортодо “Ата Мекен” партиясынан баары көз каранды болуп тургансыйт, сиздер кайсы тарапты тандасак деп турасыздар?

- Биз мурдатан эле идеологиялык багыттар боюнча Социал-демократтар менен жакынбыз деп келгенден кийин алар менен иштешкенге даярбыз. Бирок Социал-демократтар баштаган коалиция түзүүгө тапшырма берилген тарап жеткиликтүү, татыктуу сунуштарды бере турган болсо, биздин партия ойлонуп көрүп, колдоого аракет кылат.

- Жеткиликтүү, татыктуу сунуштар кандай болушу керек? Сиздердин партиянын лидери “Ата Мекен” өлкөдөгү саясий-экономикалык процесстерге кийлигише алган, салмактуу орунду, чечүүчү ролду талап кыларын айтып атат?

- Мисалы, үч партия коалиция түзө турган болсо, мамлекеттик бийлик үч партияга тең бөлүнүшү керек. Себеби биз барып алып, эч кандай маселе чечпеген портфелдерди, кызматтарды алып, сырттан карап туруп эле кандайдыр бир саясий-экономикалык жоопкерчиликти алуу – биздин партия үчүн аябагандай оор нерсе. Эгерде биз коалицияга кирип, жоопкерчиликти тең бөлүшүп, алардын оорун да, жеңилин да чогуу көтөрө турган болсок, анда биз саясий-экономикалык маселелерди чече турган күчтүү ролдорду алууга даяр болушубуз керек, алар да макул болуусу тийиш.

- Буга чейин сиз да айтып кеттиңиз эле, айрым саясат талдоочулар да жаңы шайланып келген парламенттин төрагалыгы “Ата Мекен” партиясынын лидерине ылайыктуу деп айтып жатышат. Эгер мындай сунуш болсо бул канчалык деңгээлде сиздердин талапка ылайык келет?

- Менин оюмча бул “Ата Мекен” партиясынын жана анын лидеринин саясий орду. Анткени коомдук пикир да, биздин партиянын коомдун алдындагы жасаган эмгеги да бул позицияны “Ата Мекен” партиясына берүүгө партияларды жана коомчулукту буга түртүп атат.

- Жакшыдыр-жамандыр кыргыз эли “Ата мекен” жана социал-демократтардын жардамы менен авторитардык башкаруу системасына каршы турду. Мындан ары өлкөнү жаңы эле кадам таштап жаткан демократиялык багыттан тайдырбай алып кетүү үчүн кандай чаралар көрүлүүгө тийиш деп эсептейсиз?

- Менимче, биринчиден, коалицияга келгендер кандайдыр бир бекем эрежелерди туу тутуп, ошону коалициялык келишимге киргизүү керек. Экинчиден, жаңы келе турган бийлик тууган-уругун, досторун, жалаң гана партиялаштарын эмес, жалпысынан Кыргызстандагы татыктуу, профессионалдуу, коомдун жана элдин кандайдыр бир деңгээлдеги ишенимине татыган мыкты адамдарды бийликке алып келиши керек. Ошондо гана сөзсүз түрдө биз мамлекетте позитивдүү өзгөртүүлөрдү жасай алабыз.

- Кечээ сиздердин фракция Жогорку Кеңеште алгачкы жыйынына чогулган учурда парламентке келген партиялаштарыңыз кызматтык унаадан, квартирадан жана башка жеңилдиктерден баш тартарын айтканы маалым болуп атат. Сиздердин мындай демилгени башка фракциялар үлгү катары кабыл алып, жолуңарды жолдойт деген ишеним барбы?

- Эгерде азыркы келген партиялардын бардыгы шайлоодо берген убадаларына тура турган болсо, анда “Ата Мекен” партиясынын сунушун кабыл алат деп ишенем. Азыр биз мамлекеттик кызматчыларга жана парламент депутаттарына жумшалуучу чыгашалардын баарын кыскартуубуз зарыл. Анткени мамлекетибиздин экономикасы, абалы аябагандай оор. Ошондуктан биз ушундай чыгашаларды радикалдуу түрдө кыскартууга барбай турган болсок, анда бизде мамлекетибиздин абалын оңдоого жыргаган деле мүмкүнчүлүгүбүз болбойт. Ошондуктан мен ишенем жана башка фракциялардан суранат элем: алар да “Ата Мекен” партиясынын идеяларын колдоп, кызматтык унааларынан, депутаттык квартираларынан баш тартышы керек.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG