Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Спорт коомчулугу ыңкылапта шейит кеткендерди эскерди


Спортчулар "Ата-Бейитте", 2010-жылдын 20-апрели.
Спортчулар "Ата-Бейитте", 2010-жылдын 20-апрели.

20-апрелде “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине 7-апрелдеги ыңкылап учурунда октон жарадар болуп, ооруканада каза болгон эки жигиттин сөөгү коюлду. Спорт коомчулугунун өкүлдөрү да маркумдарды эскерип, куран окутуп, жарадарларга арнап кан тапшырышты.

7-апрелдеги кандуу кагылышта ок тийип, жаратынан айыкпай курман болгон эки жигиттин сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлду. Маркумдар менен коштошууга келген спорт коомчулугунун өкүлдөрү кандуу окуя кийинки бийликке, жаштарга сабак болууга тийиштигин белгилешти.

Катар казылган көрүстөн, тизилип коюлган бейиттер аза күтүүгө келгендердин муун-жүүнүн бошотуп, куран окулуп, гүлчамбарлар коюлду.

Оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев сексенден ашуун жигиттер Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн курман болгонун эскерди:

- Курман болгондордун үй-бүлөсүнө, ата-энелерине көңүл айтабыз. Мен сиздерге айтар элем, окко учкандарды курман болду, биздин арабыздан кетти деп айтпайбыз. Бул баатырлар ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашайт. Кыргыздын тарыхынын жаңы барагын ачты. Спорт коомчулугу да аларга баш ийип таазим кылабыз.

Октон жарадар болуп каза тапкан аксылык Маралбек Касымбековдун бир тууганы Жуман Касымбеков бир тууганынан ажырап калганын белгилеп, ок жүрөккө тийгенин айтты:

- Мен бир тууганыман күтүүсүз жерден айрылып калдым дейм. Ыраматылык агам ыймандуу жигит эле. Жалал-Абат облусунун Аксы районунан болобуз. Быйыл 48 жашка чыкмак. Ушундай окуядан кайтыш болуп калды. Кантмек элек, жетим болуп жетилдик эле. Агамдан айрылып калдым. Кыргыз журту турганда агамдын аты өчпөйт го дейм.

Ошондой эле “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине 7-апрелде октон жарадар болуп, ооруканадан каза тапкан Кудуреталы Ашыровдун сөөгү да коюлду.

Курман болгондорду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиев ыңкылапта каза тапкандардын жакындарына убактылуу өкмөт 1 млн. сомдон бөлүнүп, алардын алтымыштан ашыгы алганын, бардыгына үй куруу боюнча атайын фонд түзүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди:

- Бакиев бийлигинин кандуу колунан чырактай өмүрлөрүнөн ажырап, Ата Журттун тагдыры, жаркын келечек үчүн жан кыйгандардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, арбагына башыбызды ийебиз. Кандай болгон күндө да мамлекеттин келечеги, эртеңки жарык күн үчүн ажалга төш тоскон азаматтарыбыздын ар бир тамчы каны кыргыз журту үчүн ыйык. Тилекке каршы курман болгондордун саны 86 болду. “Ата Бейитке” дагы экөөнүн сөөгү коюлду. Курман болгондордун үй-бүлө, жакындарына 1 млн. сомдон төлөнүп берилип жатат. Ишкерлер ар бирине 20 миң сомдон дагы беришти. Аларга арнап “Жал” кичи аймагынан үй куруу үчүн фонд түзүлүп, жеке ишкер, мекенчил жигит Жумабек Токтогазиев 16 гектар жер бөлүп, ушул долбоорду өзү көзөмөлгө алмак болду.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчиси Алмаз Касеновдун айтымында, спорт коомчулугунун өкүлдөрү “Ата-Бейитке” барып, окко учкан жаштардын арбагына куран окутуп, эскергенден сырткары жарадарлар үчүн кан тапшырышты.

Кыргызды дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана 1937-жылдагы репрессияда курман болгондордун сөөгү жаткан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине 7-апрелде каза болгондорду кимдер экенин тактап, ылгабай туруп койгонго нааразы болгондор да бар. Бишкектин тургуну Жолдошбек Карыбай уулу “Азаттыкка” ушундай пикирин билдирди.

Ошентип 7-апрелде окко учуп, “Ата-Бейитке” коюлгандардын саны 26га жетти. Ак үй алдында окко учкандардын көбүн жакындары өз айылдарына алып кетишкен.

XS
SM
MD
LG