Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

"Манас-2010" аттуу сынак өтөт


Атактуу манасчы Саякбай Каралаев
Атактуу манасчы Саякбай Каралаев

Жакында «Айтыш» кому Бишкекте манасчылык өнөрдү көтөрүү максатында фестиваль өткөргөнү жатат. Анын уюштуруучулардын бири - журналист Шайырбек Абдрахманов “Азаттыкка” маек курду.

Жакында «Айтыш» кому Бишкекте манасчылык өнөрдү көтөрүү максатында фестиваль өткөргөнү жатат. Анын уюштуруучулардын бири - журналист Шайырбек Абдрахманов “Азаттыкка” маек курду.

- “Башканы коюп “Манасты” айт” дегендей, азыр кыргыз коомчулугунда “Манас” эпосу эң башкы талаш-тартыштуу темага айланды окшойт. Сиздер да ЮНЕСКОнун тегерегиндеги талаштардан улам фестивалды дал ушул азыр өткөргөнү жатасыздарбы?

Шайырбек Абдрахманов: Быйылкы жылды президентибиз Мурас жылы деп жарыялады. Мына ушул Мурас жылында “Манастан” башка кайсы мурасыбыз бар деген ойго келип, анан манасчылардын “Манас-2010” деген сынакты уюштуруунун үстүндө иштеп баштадык. Мүмкүн сиз айткандай чынында эле ЮНЕСКОнун айланасындагы окуялар ушуга түрткү болгондур.

- Сынак кандай шартта өтөт? Манасчылар кандай сапаты боюнча тандалып жатат?

Шайырбек Абдрахманов: Манасчыларды эзелтеден эле элибиз иргеп, “бул манасчы, бул семетейчи” деп баа берип келишкен. Мына ошол адаттагыдай эле таризде манасчылардын баарын топтоп, анан тандоо турун өткөрүп, андан өткөн манасчыларга 12 саатка чейин убакыт бөлүп, азыркы замандын үлкөн манасчысын тандап алалы деген ниетибиз бар.

- Мамлекет тараптан колдоо, жардам барбы?

Шайырбек Абдрахманов: Кудай буйруса, мамлекет тарабынан колдойт болуш керек деп биз күтүп атабыз. Анткени буга чейин биз акындардын сынактарын өткөрүп келгенде да президенттин байгеси арналып, акындардын айтыштары өтүп келген.

Азыр “Айтыш” коомдук фонду, “Манас-мурас” коомдук фонду, ошондой эле “Замандаш” ассоциациясы тарабынан байге куржуну топтолуп атат. “Айтыш” коомдук фонду 500 миң сом, “Манас-мурас” 500 миң сом, “Замандаш” ассоциациясы 100 миң сом бөлүп, 1 млн. 100 миң сом акча топтолуп калды.

- Рахмат маегиңизге.

"Ыңгайсыз суроолор": "Манас" жана кыргыз. 1-б
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG